Чуу чыккан жерден Батыралиевдин төбөсү көрүнчү болду

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДПчы Кожобек Рыспаев Саламаттыкты сактоо министри Батыралиевдин кылыктарын санап эси ооду. Анда министр болуп келгенден баштап кырктан ашуун жетекчилерди кызматтан алып, өзүнүн сөзүн сүйлөгөн кишилерин дайындаганын жар салды. Бул маселе боюнча мыйзамсыз иштен алынган саламаттык сактоо кызматкерлери пресс-конференция беришкен. Ырасында Батыралиев министр болуп келгенден бери сындан башка алкыш уга элек.

Демек, чындап Саламаттыкты сактоо тармагын жек көрдү болсо да реформалап жатат же тескерисинче ашмалтайын чыгарып жатат. Айтор, чуу чыккан жерден төбөсү көрүнчү болду. Бул анын кыйындыгын билгизеби же кыйсыпыр салган зөөкүрлүгүн туюнтабы тиешелүү жетекчилер анализге алып, чара көрбөсө болбойт…

Булак: Фабула

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *