Чыгаан инсан Төрөбай Кулатовго – 110 жыл: Кант-Рыбачье темир жолун курдуруу үчүн түнкү бирде Сталинге киргени 

Кулатов шым таап берип, Кайназарова казак балбанын жыкканда

Атактуу кызылчачы Кайназарова Зууракан апа Төрөбай Кулатовду катуу сыйлачу. Кулатовдон беш жаш улуу болгондуктанбы, сен дечү, Төрөбай деп койчу. Зууракан ападан уккан экөөнүн бир окуясын айтып берейин. 1937-жылы СССР Жогорку Советине депутат шайлоо тунгуч киргизилип, Төрөбай Кулатов Кызыл-Кыядан шахтер катары, Зууракан Кайназарова Чүйдөн кызылчачы катары депутат болуп шайланышат. Зууракан апанын айтымында, ал кезде Москвага чейин поезд менен жолдогу станциянын баарына токтоп отуруп 7-8 күндө араң жетчү экен. Анда СССР Жогорку Советинин депутатынын кадыры абдан күчтүү болсо керек. (Сталиндин тушунда депутат дегенде тикесинен тик турушчу. Эсимде, СССР Жогорку Советине Нарындан Казы Дыйкамбаев, Шадыкан Иманалиевдер шайланганда элге алардын жеке таржымалын жаттатып, биз мектеп окуучусу элек, колубузга гүл алып, көчөгө тизилип, бүт эл менен тосуп алганбыз… Кийин мен деле депутат болуп жүрдүм СССР кезинде. Кайсы жерге барба кадырлуу-сыйлуу болушчу депутаттар).

Анан СССРдин депутаттары баратат дешип дээрлик ар бир станциядан тосуп алышып, урмат-сый көрсөтүшчү го. Зууракан апаларды Луговойдон казактар тосуп алып, дасторконду кенен жайып, ар кандай оюн-зоокторун көрсөтүп, ырдап-чоордошуп жакшы сыйлашат. “Жанагы шубат деген төөнүн кымызын ошондо ичтим” дечү Зууракан апа. Бир маалда казактар күрөш уюштуруп, алардын балбаны кыргыз балбанын жыгып кетип, казак туугандар ой-да апыраңдашып, кайра-кайра айтышып мактана беришет. Төрөбай Кулатов баш болгон кыргыздар “күч атасын тааныбайт”, жыгылса мейли эле, бирок, көтөрүлүп мактангандары эмнеси, ушундан көрө атайы жасагансыбай тоспой эле коюшпайбы” дешип сынып калышыптыр. Буга намыстанган Зууракан апа Төрөбайга айттым дейт:

– Төрөбай, күрөшкө мен чыгам. Жыкпай койбоймун. Бирок, кармашып жатканда дамбалым көрүнүп калса сен эле уят болосуң. Күрөш кандай болорун көрсөтөйүн буларга. Мага бир бышык шым таптыр… – деп.

Төрөбай Кулатов шым таптырат. Казак балбаны да узун-туурасы келишкен, айтылуу чоң балбандардын бири экен. Атайы кандагай шым кийип, кайыш кур курчанып, шымдактай болуп турат дейт. Зууракан апа: “Кармаша кеткенде эле байкадым, боюнда бош жерлери бар экен” деп койчу. (Зууракан апаны көп эле көрдүм го, денеси уюган таштай эле. Кишинин колу батчу эмес. Өзү узун бойлуу, чоң сүйлөгөн, адамдын да, эмгектин да алпы болчу). Анан баягы казак жигитти буйдамга келтирбей жамбашка салып туруп чаап алыптыр. Ал аз келгенсип, мактанган андай эмес, мындай болот дегенби, башынан да аттап кетиптир. Кыргыз аялы кыргызга мөрөй алып берип, казактардын башы жерге кире эле түштү дейт. Үн да жок, сөз да жок тунжурап эле калышыптыр. Биз болсо “жыктык” деп казактарча бакылдабай, жымыйып отурабыз дейт. Бир маалда ары кетип-бери кетип жатышкан казактар акыры келип кечирим сурашыптыр:

– Бизден кетип калды… Зууракан эже, сиз чыкканда эле кол көтөрүп күрөшпөй койсок болмок. Бир жагынан аял кишиге теңелген бизди жыгып туура кылдыңыз…Кечирип коюңуздар, – дешиптир. Берки балбан да келип кечирим сураптыр…
“Төрөбай менен ошол кезден бери таанышмын. Экөөбүз баспаган Кремлдин төрү, экөөбүз ичпеген Маскөөнүн тамагы, көрбөгөн, жолукпаган кишибиз калган жок. Сталинди жыйналыштардан далай эле көрбөдүмбү” дээр эле Зууракан апа.

Кант-Рыбачье темир жолун курдуруу үчүн түнкү бирде Сталинге киргени 

…Ошондо тамак үстүндө Төрөбай Кулатов бир чечилип сүйлөп берген эле. Мен да ыгы келип турганда деп, көптөн бери көңүлдө жүргөн суроомду узаттым: “Сталинге канча жолу жолуккансыз?” деп. «Бир жолу көзмө-көз өзүнүн кабинетинде жолуккам» деди Кулатов. Ал мындайча болуптур.

1940-жылдын аягында Кулатов атайын Москвага барып, бул эле Кантка жетип токтоп калган темир жолду Балыкчыга чейин жеткирүү маселесин коюптур. Адегенде Сталиндин секретары Александр Николаевич Поскрёбышевге кирип, келген маселесин айтыптыр. “Сталинге кирсем” дептир. Ал абдан маданияттуу, акылдуу, жакшылыгын аябаган киши эле дейт. Поскрёбышев Сталиндин колу бош эместигин, андан көрө бул маселе боюнча адегенде Вячеслав Молотовго кирип көрүүсүн сунуш кылыптыр. Молотовго барса, «азыр акыбал оор, каражат жок» деп болбоптур. Төрөбай Кулатов мына ошондо көгөрдүм дейт. Кайра Поскрёбышевге барып, Молотовдун жообун айтып, “мени Сталинге жолуктур» дептир. Поскрёбышев: “Эми бир айласын табайын. Бирок, ал киши түнкүсүн иштейт. Кокус кабыл алам деп кеч чакырса келе аласыңбы” дептир. “Кайсы убакта болбосун келем” дептир Кулатов. Андай болсо күтүңүз мен чалам деп мейманканын телефонун алып калат. Кулатов бир жумача сыртка да чыкпай телефонду аңдып отуруп калат. Бир күнү түнкү саат 12де Поскрёбышев чалып, «саат 1ге келип калыңыз, Сталин кабыл алат» дептир. Алымкул төкмө: «Кремлде бирөө бар…Кире албай адам сүрдөгөн» деп ырдачу дейт. Аның сыңарындай, Кулатовдун айтымында, киргенде аябай эле сүрдөптүр. Кантип жетип кол бергенимди байкабай калдым дейт.

– Отуруңуз, эмне маселе менен келдиңиз? – дептир.
Төрөбай Кулатов шаша-буша айта баштаса керек. Сталин:

– Жолдош, Кулатов, шашпай сүйлөңүз, – дептир.

Анан өзүн кармап, буларды айтыптыр:

– Жолдош, Сталин. Бизде темир жол түйүнү Фрунзеден Кант деген жерге барып токтоп калды. Андан ары Ысык-Көл жана Тыян-Шан деген эки облус бар. Жол каттамы бир гана Боом деген татаал капчыгайдан өтөт. Башка жол жок. Ошол темир жолду Балыкчы шаарына чейин жеткирип алсак, эки облустун өнүгүшүнө зор мүмкүнчүлүк түзүлөөр эле. Болбосо, бул облустарды көтөрүү кыйын. Ушуга жардам бериңиздер. Каражат, жабдуу жагынан жардам берсеңиздер эле курганын өз күчүбүз менен курат элек.

– Бул маселе боюнча Молотовдо болдуңузбу?

“Муну укканда аябай шашып кеттим, – дейт Кулатов. – Болгон жокмун деп кантип айтам, Сталинге кантип жалган айта аласың, аргасыздан ооз учунан болдум дедим. Анын жообун айттым. Сталин басып барып телефонду алып:
“Вячеслав Михайлович, сизде жолдош Кулатов болгон турбайбы, кандай дейсиз, жардам берелик. Каражат, жабдуу жагынан жардам берсеңер өздөрү куруп алабыз деп жатпайбы…” Ал дароо эле макул болду окшойт, – дейт.

Ошентип, Сталин ал маселени чечип бериптир. «Бетме-бет жолукканым ушул болду, ал эми ар кандай жыйналыштарда көп эле көрүп жүрдүм» деген эле Төрөбай Кулатов.
Жыйынтыгында, 1940-жылдын 30-ноябрында Кант-Рыбачье темир жолунун курулушу жөнүндөгү токтомго ВКП (б)нын секретары И.В.Сталин жана СССР Эл Комиссарлар комитетинин төрагасы В.М.Молотов кол коюшуптур.

Жамин АКИМАЛИЕВ, академик (“Көк асаба” гезитиндеги эскерүү баянынан үзүндү)

Салтанат Кыдырмаева 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *