Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата: рухий улуу устаттын юбилейин утурлай

Дүйшөн Керимов, адабиятчы: — ​Темиралы дос, мен адабиятчы катары, сен музыкант катары өзүбүздүн боордошубуз, улуу калемгер Чыңгыз агабыз тууралуу маек курсак деп турам. Анткени быйыл, өз кезегинде дүйнөнүн 170тей расмий тилдерине которулуп, сан миллион окурмандардын ой-санаасына аралашып, эс-тутумуна уюган же спорт тили менен айтканда рекордсмен жазуучунун — ​байыркы кыргыздын оозеки адабиятынын генийи “Манас” тарыхый дастанынан кийинки улутубуздун рух байрагы Чыңгыз Айтматовдун жыл аягында белгилене турган 90 жылдык мааракесине эл — ​улут, мамлекет катары даярбызбы жана ошол элдин урпагы катары экөөбүздүн дагы үлүшүбүз кандай болот? Маселен, сен көп жылдар жанында жүрдүң, жыйынтыгында жакшынакай эскерүү китебиң жарыкка чыкканы турат. Мен да майда-чүйдө бирдемелерди жазымыш болуп жүрөм… Мына ошолор жөнүндө окурмандарга кабарлап, дегеле улуу боордошубуздун өзү жана чыгармалары жөнүндө кандай деңгээлде билебиз, аңдайбыз, барктайбыз дегендей суроо-пикирлердин айланасында “улак тартышсак” дейм.

Темиралы Кунашов, музыкант-гитарист: — ​Анда, адегенде экөөбүз сүйлөшүп алалы. Кайсы бир акылман айткандай, жаратылыштын мыйзамы эч качан бузулбайт, ал эми адамзаттын адеп-ахлак мыйзамы бузула берет экен. Башында эле айтып коеюн, мен мына ушул адабият жаатында өксүгүм бар, айрыкча Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын толук окуп, түшүнөм деп эч мактана албайм. Ал кишинин турмуштагы жүргөн-турганын, адамдык мамилелерин кайсы бир деңгээлде билсем керек, мен ошол жаатта билгенимди айтайын.

Д.К.: — ​Мен да ошону айтып атам, сен Айтматовдун жанында жүргөн, жөнеле жүрбөй улуу жазуучунун назары түшкөн, жекеме-жеке ой бөлүшкөн, а мен Айтматовдун окурманы, мактанып да коеюн активдүү окурманы катары билгендерибизди ортого салсак жана бул багытта экөөбүздүн кыялкеч пландаганыбыздай эл аралап, адабий кечелерди уюштурсак, демек биздин да азбы же көппү рухий устатыбыздын юбилейине кошкон салымыбыз болор эле…

Т.К.: — ​Ооба, ошондой болгондо ал кишиге болгон сагынычыбыз, ичтеги кыйналып жүргөн бугубуз да тарап, кайсы бир деңгээлде жеңилдеп калсак да керек.

Д.К.: Мына май айы аяктап баратат, экөөбүз аралашып жүргөн чөйрөдө же андан аркы мамлекеттик деңгээлде 90 жылдык мааракеге даярдыктын илеби дегеле сезилбейт. Маселен, кошуна Өзбекстандын телеберүүсүнөн көрүп калдым, Ташкентте “Улуу кыргыздын улуу уулу” деген темада адабий кызыктуу кече өткөрүштү. Казактар болсо адаттагыдай дуулдата башташты. Би-би-сиден биз курактуу адабиятчынын журналист менен маеги да кызык. “Мен Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларын Шри-Ланкага которуп бердим. Китеп окугандардын бардыгы кызыгышат. Мени Айтматовдой эле эсептешип, кечелерге чакырышып сыйлашат. Алар тургай мен өзүм да котормочу катары улуу жазуучуга кездешпей калганыма өкүнөм. Эгер бир керемет болуп, азыр мен Айтматовго жолугуп калганда, аны кучактап туруп, сен биздикисиң — ​шри-ланкалыксың деп толкунданып айтаар элем…” Ушундай Темике, тээтиги Шри-Ланкада бирөө биздин боордошубузду талашып жатат эй!

Т.К.: — ​Мен андай сөздү Айтматовдун жолдомосу менен дээрлик 11 жыл бою Түркия жергесинде жеке соло-концерт берип жүргөн кезимде көп эле укпадымбы…

Д.К.: — ​Шекериң оозуңда, мен кембагал чет жакка эч чыга элек элем, былтыркы жыл аягында Түркиянын түштүгүндөгү Кахраманмараш деген шаарында өткөн Көчмөндөр оюндарынын симпозиумуна барганымда, алчыланган ак калпагыбызды көрүп эле түрк боордошторубуздун “Ата-журт, Айтматов, кардеш…” деген жалындуу тууганчыл сөздөрүн укканда төбөм көккө жеткен.

Т.К.: — ​Атаңдынгөрү дүнүйө, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Түркиядагы жүргөн күндөрдү эстеп көзүмө жаш келет. Бир жолу Түркиянын бир министри мамлекеттик эрежелерге карабай туруп: “Чыңгыз ага, кеткиче менин гана машинемди пайдаланыңыз” деп кызматтык “Мерседесинен” түшүп бергенин көрдүм. Алар Айтматовду пайгамбардай көргөнүн ушундан бил, чоң-чоң бизнесмен бай адамдары чай-сыйтамак бергенге ашыгышып, колдон талашып турушчу да.

Д.К.: — ​Мына ошол айтылуу агабыздын көзү өткөнүнө да 10 жылдай болуп калыптыр. Билинбегени менен 10 жыл деген чоң аралык. Жанында жүрдүң, бир тууганыңдай болуп калган киши, сени колуңдан жетелеп чоң дүйнөгө алып чыккан киши, туурабы? Эми көзү өткөндөн кийин ал кишини ойлоп жүрүп эле көөдөнүңө кусалык толуп калса керек. Жетимчиликке көндүң да аябай…

Т.К: — ​Чынын айтсам, бир жагы жүдөйм, анан жашык да болуп калат экенсиң. Жаман адат да. Кээде эстегенде, жашыктыгыма уялам…

Д.К.: — ​Маселен, мен Айтматовго бул жалганда үч сапар кездешкен экемин. Каргадай кезимде чоң атама “Манас” окуп берип жүрүп, кагылайын китеп дүйнөсүнө сүңгүп, мектеп китепканасын аңтарып, маселен, 7–8-класстарда Түгөлбай Сыдыкбековдун, кайран Түкөмдүн өзүнө окшогон көлөмдүү “Тоо арасында”, “Зайыптар” романдары баштаган сандаган китептерди комбайндай эле окуй берип, кадыресе бир топ эле окурмандык деңгээлге көтөрүлүп калган кезимде Ч. Айтматовдун “Түнкү сугат”, “Асма көпүрө” деген повесть деңгээлиндеги аңгемелери колума тийгенде эле адабияттын башкача айдыңына чыкканымды сезгем. Айтматовдун чыгармалары анан мени дүйнөлүк адабиятка жетеледи. Таңкалычтуусу, жогоруда айтылгандай мен улуу устат жазуучуга бул жалганда үч сапар гана кездешкеним: Алгачкы жолу 1979-жылы май айында Ош пединститутун бүтүп атканда Айтматов менен окуу жайдын чоң актовый залында жолугушуу болду. Эми айланайын, бут коерго жер жок. Ал кезде Айтматовдун көздөн учуп турган кези, азыр деле учуп турат го… Акыркы курстун студенттерибиз, өжөрлүк менен шыкалган элдин арасынан суурулуп, анча-мынчаларды жөөлөп отуруп, жанына жакыныраак келгенге аракеттендим. Мен ошондо, эл батпай турган залда биринчи жолу жакыныраак оро-пара көрдүм. Трибунада жарымын кыргызча, жарымын орусча 2 сааттай сүйлөдү. Анткени орустар да көп болчу ал кезде. Чынын айтсам ал мага жомоктогу алптай болуп көрүнүп, эйфория менен эмне жөнүндө айтканы деле эсимде жок. Ал кезде Айтматовдун чыгармаларын көп окуп, кээ бир чыгармаларынын орусчасына да тишим өтүп калган кезим болчу. Экинчи жолу жолукканым, 1997-жылы, дагы ушундай май айында Бишкектин береги эски аянтында белгилүү акын Омор Султанов экөөбүз кетип баратсак, жаныбыздан өтүп кеткен машине токтоп, алдыңкы орундан алп жазуучу өзү чыга келди. Кыязы, алыскы Бельгиядан ал жаңы эле келсе керек. Күтүүсүздөн болгон бул жолугушууда эмне дээримди билбей эле туруп калыптырмын, анткени чоң жазуучу менен алгачкы ирет кол алышып көрүштүм… Экөө сүйлөшүп туруп калды эле, Омокем жазуучулар союзундагы көйгөйлөрдү айта баштады. Айтматовдун маанайы жакшы болчу, бирок сөз проблемадан башталганы жагымсыз болдубу, айтор сөздү кыска кайрып, коштошо жөнөп кете берди. Түштөн кийин эсиме келген мен “Ой, Омоке, бул киши бир колго тийсе чай-пайга чакырбайт белеңиз!” десем, “Э кашайгыр, дагы далай жолугабыз да…” деп ал да жайбаракат жөнөп берди… Бирок Омор акын ойлогондой кайран кишиге кайрадан жолугуу башкага билбейм, мен кембагалга буюрган жок. Ал эми үчүнчү жолу кездешүү түшүмдө, куду өңдөгүдөй дапдаана кайталанганы кызык: “Дүйшөн мен Европадан бир өсүмдүк ала келдим, (картошка дегендей болдубу…) ушуну биздин Ала-Тоо кыртышына өстүрүп көрбөйсүңбү?..” деп жанымда турган экен, жарыктык. Көргөн түшүм ушул болду, ушул бойдон эс-дартымда өчпөс болуп калды.

Т.К.: — ​Түшүң тегин эмес экен…

Д.К.: — ​Ооба, ошол түш даңазалуу агабыздан калган бир таберик жооптуу милдет -тапшырма сыяктуу дайыма мойнумда жүрөт. Эми Темике, өзүң ыйык Куранды кезинде Фергана өрөөнүнө таанылган чоң дамбылданын колунан 9 жыл бою окуп, арабча изилдеп, чечмелеген аалым адиссиң. Пайгамбардын хадисинде көрбөгөн түшүн ойдон чыгарып айткан киши тозоктун талапкери дегендей маани айтылат го. Мен да түшкө калп айтпайм. Ал эми өзүңө, ошол анча-мынчанын колу жеткис акылман жазуучу менен көп жылдар бирге жүргөнүңө суктанам жана да айткандарыңды тажабай тыңдайм.

Т.К.: — ​Турмуш тагдырыңдагы башыңдан кечиргендердин баары эле жөн жеринен болбойт экен да. Мен бала кезимден радиодон угуп алып эле “Рыспай Абдыкадыров болом!” деп колума тийген кыяк тартып, кийин гитара чертип жүрүп Рыспай акеге жолуктум. Ал керемет киши өзү: “Сени Айтматов түшүнөт, сен ага сөзсүз барышың керек” деп какшап айта берип, жомоктогудай жолум улуу жазуучунун үйүнө алып келди, анан ал аркылуу, чогуу да дүйнөнүн бир далай жерлеринде болдум.

Д.К.: — ​Айтылуу акын Байдылда Сарногоев: “Чыңгыз кайда, Париж, Лондондо…” деп жазгандай кайран кишинин өмүрүнүн көп бөлүгү мына ошондой дайыма сапарда өттү окшойт. Билесиңби Темике, Айтматовдун чыгармаларын көздөн өткөрүп отурсаң, тээ “Бетме-бетте” Ысмайыл согушка кетип баратып поездден түшүп калат. “Биринчи мугалимде” Дүйшөн Алтынайды поездге салып атат. “Жамийлада” Жамийла Данияр экөө кол кармашып, темир жолду карай белгисиз тарапка кетсе, “Делбиримде” Илияс дайыма дөңгөлөк үстүндө, андан берилеп келгенде чыгармаларынын туу чокусу — ​улуу эпопеясы “Кылым карытар бир күндө” “…Поезддер Чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттап турат…” жана да жер адамзаты ааламдын аркы учундагы Токой-Төш планетасына жол тартат… Кыскасы, кеменгер жазуучунун бүткүл чыгармачылыгында Улуу Сапардын улуу күчү ар дайым коштоп жүрөт. Улуу Жараткандын же тагдырдын буйругу дейбизби, өзү да ошол ажайып кыялдары менен жазган Улуу Сапардан ата журтуна кайтпай калды, туурабы?

Т.К.: — ​Туура. Бул киши айрымдар арман кылып кошок жазгандай аз да жашаган жок, же жомоктогудай оголе узак да жашаган жок, жаман да жашаган жок. Бирок менин жеке өкүнгөнүм, 84 жашка чыкса — ​1000 айдын жүзүн көрмөк, аттиң…

Д.К.: — ​Эми досум, армансыз дүйнө болбойт. Тээ улуу “Манастан” бери эле кыргызың “Атаңдынгөрү дүйнө шок…” деп армандап келет. Туура айтасың, кыргыз адабиятынын Санчы сынчысы Салижан аке Жигитов белгилегендей, Жараткан Чыңгыз Айтматовго келгенде эч аянбаптыр. Чыкебиз энеден опсуз талант, шык-жөндөм, бекем ден-соолук, келишкен келбет, ноюбас мээнеткечтик менен жаралган жан экен, каргадай кезинен канча азап-кайгы, кыйынчылыктарды өткөрдү, алгачкы жазгандары өз мекенинде айрым карөзгөйлөр тарабынан таптакыр өгөйлөнсө да чоң Москванын карегине илинип, баш айланткан атак-даңкка эртелеп жетти, бардык чыгармаларында өзгөчө өнтөлөп жазгандай бактылуу да, азаптуу да ашыглык — ​махабатты өз башынан кечирди, көрбөгөн жери, көрбөгөн сый-урматы да калбады… Бирок ошонун бардыгын татыктуу деңгээлде, пендечиликтин эң бийик парасатында жана даражасында солк этпей көтөрө алды.

Т.К.: — ​Дүйшөн, ушул жерден мен өз көзүм менен көргөн, Чыңгыз Төрөкуловичтин пенделик жөнөкөйлүгү жана улуулугу да эмей эмне, бир окуя тууралуу айта кетпесем болбос. Адаттагыдай береги Алматы калаасына мени да бирге ала барган. Ошол күндөрү мага Анкарадан түрк бизнесмен таанышым звонить этип калып, Айтматов менен бирге жүргөнүмдү билгенде дароо учуп келди да ой-боюма койбой мени ортого салып, баарыбызды кайсы бир жерге коноктой турган болуп калды. Кызыгы, түрк досум сый тамагын казиного даярдаптыр. Муну укканда мен асман-айдай секирип дегендей чоочуп кетип Чыңгыз Төрөкуловичке айтсам, кебелбей туруп: “Мынча убара болуп чакыргандан кийин казиносу болсо да баралы, анысын да көрүп көрөлүчү…” дебедиби жарыктык. Бери жактан жаныбызда жүргөн казак акыны Мухтар Шаханов: “Ой-бай казиного барамызбы, Айтматов казинодо жүрөт деген элге тарап кетсе не болады?” деп чыйпылыктап атат… Көрсө Чыңгыз агабыз биз эмес экен, ал кебелбес кеменгер, акылман жана да ошончолук деңгээлде өзүнө назары түшүп турган адамдын эч шагын сындырбас, көңүлүн калтырбас жөпжөнөкөй мээримдүү жан экенин да ошондо, андан мурда-кийин да далай жолу күбө болгонумду эстейм…

Булак: Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *