Чыңгыз менен Бүбүсаранын махабаты

Самсак Станалиевдин “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” романынан үзүндү.

– Ойлонуп… Ооба, бакыт бар экен, сүйүү болот экен. Ал азыр менин жанымда, ал азыр сенин жаныңда.

– Ыя?-Бүбүсара ачылган күндөй жарк эте түштү.- Менин жанымда? Сенин?.. Кызык экен? Жаныңда болсо мурда эле таап алсаң болмок экен?

– Болмок. А бирок ал мага карабай, буга чейин ак куу болуп асманда учуп жүрбөдүбү. Болбосо тапмак түгүл эбак эле кармап алмакмын.

– Ыя де?

Экөө тең бирин бири карашып, экөө тең күлүп алышты. Асканын бооруна конгон ак көгүчкөндөй көрүнгөн Бүбүсара анын моюнунан акырын, ага билдирбей жыттап алды да, боюна кубат таркаткандай болду.

– Чыңгыз, сен кайраттуусуңбу?

– Жок.

– Жашыксыңбы?

– Ооба.

– Эмнеге?

Жаш баладай эркелеше сүйлөшкөн сөздөр үзүлүп калды. Бүбүсарага негедир анын кайраттуумун деген жалгыз сөзү, ишенимдүү үнү керек эле.

– Билесиңби, Бүкөн, турмуш мени кебезге ороп, майга салып баккан жок. Бардыгыбызды апам, жалгыз апам багып чоңойтту. Атам отуз жетинчи… Анан согуш… Апам оорукчан экенине карабай колхоздо бухгалтер болуп иштеп жүрүп чоңойтту. Апабыз да, атабыз да – апам.

Эгер ал болбосо биз ушундай болот белек, болбойт белек, ким билет. Айтор, биз, бир туугандар, өткөн турмушту эстегенде ичибизден ар кимибиз «биздин апабыз – биздин Жаратканыбыз», -дейбиз. А бирок аны бири-бирибизге айтпайбыз, айтпаганыбыз менен угуп турабыз.

– Жакшы киши экен. Мен түшүндүм.

– Эмнени?

– Апаңды.

– Жок, түшүнгөн жоксуң, кийин түшүнөсүң, кийин.

Бүбүсара Чыңгыздын апасы жөнүндө мурда эле уккан. Анын татар кызы экенин, убагында билимдүү адамдардан болгонун, ушу азыр да кайратынан жазбаган, нарк кармаган сапатынан тайбаган адамдыгын уккан. Аны кайдан угуп, кайдан билсин, ошо 1957-жылдын аркы-берки жагындагы баягыл 1937-жылдагы репрессия дегенден акталгандардын тагдыр-тарыхы эл сөзү болуп турганда, асыресе, 1958-жылдагы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвадагы декадасы болгон учурларда уккан. Анын үстүнө Чыңгыздын аты ошо Москвадан угулуп, кайра-кайра сөзгө алынып, көктөн жерге угулган жомок болуп турбадыбы. Луи Арагон менен Мухтар Ауэзовдун батасы оңой бекен, анын да бир себеби, илинчеги бардыр да. Ушундан улам Чыңгызга адабият чөйрөсүндөгүлөрдөн башкалар да көңүл бурушуп, чыгармачылыгына кызыгып калышкан эле. Ошондой ыңгай-шарттардан улам анын өзү жөнүндө эмес, анын ата-тегин, үй-бүлөсү, айрыкча Төрөкул Айтматов туурасында кайра-кайра сөз болгон. Бүбүсара Нагима тууралуу ошондой бир кезеңдин кебинен моокуму кана уккан эле. Ошондуктан ага унчуккан жок.

Жашыл баркыт жээгине ак бермет чачып ойногон жибек саамай Балтика боюндагы күндөр да аягына чыкты. А Чыңгыз болсо Кыргызстандан келген делегацияны ленинграддыктарга кошулуп узата турган болду. Анткени ал бир иштен эки иш деп шылтап, Москвада чыгармачылык зарыл жумуштары бар экенин айтып, бутуңдан тартып жыгамын деген тентек баладай толкундары сага жетпей кайра качкан чексиз деңиз боюнда, бир-эки күн болсо да Бүбүсаранын колунда кала берди. А бирок делегациянын жетекчиси Турдакун Усубалиев анын бул жерде калып анан Москвага барарын укканда Чыңгызды бир жалт карап алган. Ал карашта кандайдыр бир алдын-ала эскертүү, бүлөө ташка үч түлөтө бүлөнүп, андан кийин жануурга салынган устаранын мизиндей курч көз караш бар эле. Аны Чыңгыз сезген да, байкаган да жок. Анткен менен бул мээленип барып атылбай калган көз караш качандыр бир, келери келип, кабырга сынар кез болгондо дагы бир жолу кайталанары, айтчу сөзүн дал ошондо алтын аякка куйгануу кылып айтып аларын, айтканда да ал тагдыр чечер ишке айланарын Чыңгыз азыр билген жок. Бирок ал ушул мертебе, отуз бир жаш өмүрүндө жалдырап да жалбарып да суранып турган жүрөгүнүн, анын каалап, эңсеп жатканын аткарбай койсо кагуудан калып калардай туюлган жалгызсыраган жалыныч абалынын тилине көндү. Өзүн өзү чала жан кылып, сезими өлгөн, жүрөгү жок денесин Москвага көтөрүп кете албады…

Чыңгыз менен Бүбүсара үчүн үч күн, үч түн дүйнө да, адам да, жарык менен караңгылык да жок болду. Бул чеги жок ааламда Чыңгыз, Бүбүсара, махабат үчөө гана жашап жатышты. Түн оогон кезде коштошуп, таң атаар малда алты айдан бери табыша алышпай калгандай кумар кусасы менен ооруган күндөр да жоголду. Күндүн ар бир саатында, түндүн ар бир маалында бирге болушту. Ошентсе да көз илинген кезден эзилише ойгонгонго чейин эмнегедир бирин бири сагынышып, бирин бири издей берип табалбай чарчагандай боло беришет. Ойгонор замат Чыңгыз Бүбүсарасын карайт, көзүнө кирип кетчүдөй тигилет. Ар таң сайын, ар күн сайын ал ага баш көтөртпөй жыккан кеселден сен көр, мен көр болуп таптаза айыгып кеткендей көздөрү бир башкача, кареги толо кубаныч, көздөрү толо сулуулук, «мен сендикмин, Чыңгыз, сени мендей эч ким жакшы көрө албайт, эч ким, бир өмүрүң өткүчөктү эч ким сага мендей бакыт болуп бере албайт» деген ишеним менен өзүн биротоло арнагандыктан жараланган жал ооругандык көрүнүп тургандай боло берди. Ал ушул керемет сыйкыр касиети менен кайып кызындай көрүнүп, кечегисинен бүгүн жакын түндөгүсүнөн азыр сулуу, анан да, оо көптөн бери, болжолу кыялына сүйүү келгенден бери издеттирип, а бирок бир да жолу табылбай койгон, ошонун айынан жалаң азап, жалаң гана жан кыйноо тарттырып келаткан, жалгыз дүйнөдөгү жан беришер жапжалгыз жакын адамындай сезиле берди. Коргошундай эрип кеткен карегин кайра алалбай калган ошол кездин ошол сыйкыр көз ирмеминде тагдырга тагдыр биригип, жүрөккө жүрөк кошулуп, Ленинграддын акжолтой буурул түнүндө жаралган махабатка чын дилинен бата берип жаткандай туюлду да, Бүбүсара экөөнө буга чейин болбогон бир касиеттүү улуу сезим бир кыдыр даарыган тиктешүү аркылуу жалдыраган аёолуу каректен жалооруган жаралуу карекке кайып болуп дагы бир жолу куюлуп, элжиреген эки жүрөктү бир жүрөккө айлантып, кан тамырлар менен аза бойго тарай берди. Ошондой кездерде, эки дене бир жүрөккө баш ийген бир керемет учурда, Бүбүсаранын ак балык кебез денеси алдакандай балкый калып, анан бир мезгилде көргөн, тагдыр дегендин таш боордугунан улам унутула баштаган, кээкээде гана эсине качанкы көргөн эски түштөй түшө калчу жан адам билбес жагымдуулук кайрадан келип, анын балкыган аза боюнан ысыктабы денени эриткен ак жалын чыгарып турду.

Эртең ал Москвага жол тартмак. Жолдун башы коштошуу менен башталарын билсе да, ошо коштошору кандай болорун, чын эле кош айтып кете аларын же Бүбүсаранын кол булгап кала аларын элестете албай, буга чейин болбогон бул кырдаалга акылы жетпей, сезими түтпөй отурду. Чын эле Чыңгыз Бүбүсара менен буга дейре коштошуп көргөн эмес эле, Ленинграддан табышканы, ошондон улам бири-бирине ачыкка чыгарган махабат иши төрөлгөндөн берки көз ачып көргөн күндөн келе жаткандай, тагдыр жазган, Жараткан айткандай иш эле. Ошол үчүн эртеңки күндү ал өмүрүнүн эң акыркы, Москвага эмес, тигил дүйнөгө кетер күнүндөй көрүп турду.

«Чолпон» балет-фильми тартылып жаткан жерге күн балбылдап батар маалда барды. Анткени бүгүн бул фильмге күндүн батышы менен айдын чыккан кези айкалыштыра тартылмак. Чыңгыз ошону көрөйүн деди.

Баш-аягы билинбеген мейкиндиктин бир учунда жерге түшүп кетчүдөй болуп Күн балбылдап батып баратты. Анан көз курчун жеген мейкиндиктин дагы бир чексиздигинен жумуртканын сарысындай көлкүлдөп Ай чыгып келатты. Анын шаңкайган ачык асманга салган шоокуму ага кудум Бүбүсаранын аны көздөй келатканын эске салды. Ал жылмайып азыр чыгат, ал жылмайып азыр келет. А Чыңгыз болсо кечигип калдымбы, мен аны күттүрүп койдумбу деп, кирген дайрадай болуп ашыпташа өзүнө-өзү батпай, бет алдындагы кымгуутдүйнө кыймылы көзүнө такыр көрүнбөй, ат чабым жерди бир аттап, аткан октон ашып кетип баратат. Дарак түбүндө балбылдап жанган чырактай болуп Бүбүсара көрүндү. Бул дүйнөнүн кубанычы ошол экөө гана өң-дөнүп, көрүп турган көзүн жоготуп албаш үчүн ого бетер алоолоно ашыгып баратты. Жол боюндагы тал-теректер кечки желге эркелегенин токтото калып, ал экөөнү гана кубана карап турушту.

…Ап аны бек кучактаган бойдон тил-ооздон калып.аба жетпей жаткансып аптыга-аптыга дем алып, алкымынан чыгып бара жаткан жанына дабаа издеп, өлүп бараткан өзүн акырындан тирилтип, акырындан тилге келтирип баратты.

— Мен сени сагындым. Мен сенсиз жашай албайт экенмин,-деди Чыңгыз.

– Мен да сени сагындым. Сени көрбөсөм чыдай албайт экенмин,-деди  Бүбүсара. Экөөнүн тең үнү аптыга, үзүлүп-үзүлүп чыкты.

– Сен менин жакшы көргөн жалгызымсың. Издеп жүрүп, таап алган жалгызымсың.

– Сен дагы… Сен дагы менин жалгызымсың.

– Эми мен бактылуумун.

– Мен өзүмдүн жалгыз бактымды, буга чейин жолукпай жүргөн бактымды таптым.

…Кечки иңирде кош чырак болуп кол кармашып баратышты. Ал экөөнө ушул кечте дагы бир жолу кайрадан Ай-ордуна Күн чыккандай болду.

Бакыт деген махабаттын азабы менен тозогунан гана жараларын, ал азап, ал кайгы тагдырдын сага берген жазасы да, кыйноосу да эмес, ак сүйүүнүн бактысын көтөрө алабы деген акыретке чейинки сыноосу экенин ал экөө анда билишти бекен?..

Эртеси Чыңгызды Ленинградда жүргөн искусство адамдары узатышты. Кырдаалдын ушундайы да жакшы болуптур. Коштошуу дегенди, коштошор кездин тирүүлөй кыйнап өлтүрөр азабын ал анча билбей калды. Ичи тызылдады, зээни кейиди. Эгер жанында жалгыз гана Бүбүсара болгондо балким колундагы билетти кимдир бирөөгө кармата берип, поездге түшпөй кала бермек беле, ким билет. Айтор, ага бир сезим келип, бир сезим кетип жатты.

…Чыңгыз бул мертебе колу-буту,тили кошо байланып, жалгыз гана жалдыраган көзү калып поездге түштү. Мындай болгон эмес, мындай акыр заман келерин билген да эмес. Кимдир бирөөлөр поездге да айтып койгонсуп Чыңгыз вагонго кирери менен букадай бир булкуна калып,анан аны ала качып жөнөдү.

Москванын «Москва» мейманканасынан орун алары менен Бүбүсарага телефон чалды. Узак-узак, алгачкы сүйүүсүнөн ажырагандай, сүйгөн кызы таштап кеткендейдагдыры сынып, ээн талаадагы жалгыз тамда жетим калган адамдай сүйлөдү. Бүбүсаранын жүрөгү сезди,көңүлү канап ыйлады. Ал экөө жакын арада баш кошушпаса, ал экөө жакын арада бактылуу болушпаса, ал экөө тең тагдырдын жетим балдары болоруна көзүжетти.

– Чыңгыз, мен да сендей абалда болуп жатам. Мен азыр сага барам,-деп жиберди Бүбүсара чыдай албай.-Жалгыз калдым. Ыйлагым келип жатат.

– Эмнеге? Ыйлабагын. Сен ыйласаң, анда мен да ыйлаймын. Менин жашык экенимди сен биле элексиң.

– Тамак ичтиңби? Тамак ич, анан эс алып тур. Мен азыр барам.

– Жок, убара болбо, Бүкөн. Мүмкүн, мен кеч кайра барып калармын.

– Жок, мен барамын. Москваны чогуу кыдырабыз, анан сенин иштериң бүткөндө, мен Фрунзеге узатам. Макул-бу? Сүйлөштүкпү? Эч жакка чыкпай эс алып тур.

– Фрунзеге кетким деле келген жок. Ал тургай Москваны кыдырганга, барчу жерлерге барганга да көңүл жок.

– Мен барганда баарына көңүл болот.

– Билбейм, өмүрү көрбөгөн, бир дагы таанышым жок шаарга келгендей болуп жатам.

– Түшүнөм. Азыр тамакка бар. Анан мен барып калам.

– Макул.

Чыңгыз апасынын тилин алган баладай болуп, мейманкананын ресторанына барды да, чет жакка отурду. Анан ойлонуп кетти.тигил элчилик тараптагы, ушул эле жайдын каптал жагындагы, ар дайыма кызыл шарабы кылгыра карап турчу ресторанга киргиси келди.

Уландысы кийинки санда

Булак: Жаңы Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *