Чыңгызхандын империясын арак кулатканбы?

Улуу монгол империясынын негиздөөчүсү Чыңгызхандын катынпоз болгону, жеңип алган өлкөлөрдүн баарында кайра-кайра төшөк жаңыртып, энеси өбө элек кыздар менен көңүл ачканы тууралуу көп айтылат. Ушу тапта жер шарында жашаган 16 млн (!) адамдын канында Чыңгызхандын гени бар экени маалым. Ошентсе да, улуу колбашчы ичкиликке көп берилген эмес. Бирок, андан айырмаланып, балдары жаштайынан «ачуу сууга» жакын болуп өсүшкөн. Айрыкча Чыңгызхан өзүнүн мураскери катары тандаган үчүнчү уулу Угедей. Башка монголдор бээнин сүтүнөн жасалган ичимдик ичишсе, ал чет өлкөлөрдө жасалган шарап шимирчү. Анан ичкен соң кыпкызыл жинди болуп калчу. Ошондой абалда мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алчу. Акыры дарыгерлер анын бир күнү оңбой каларына көздөрү жетип, ичкенге катуу тыюу салышат. Атүгүл аны ичирбей саксактап турчу атайын кишини да дайындашат. Бирок, напсиси ачкыл күсөп турган каган ага болчубу?!

Мурдагыга караганда да көбүрөөк иче баштайт. Бул тууралуу мындай уламыш бар. Дарыгер ичкиликти такыр таштап коё албаса да, жок дегенде көлөмүн азайтуунун зарылдыгын айтканда Угедей «мисалы, канча?» деп сураптыр. «Күнүгө он чөйчөктүн ордуна үч чөйчөктөн ичиңиз» дейт дарыгер. Угедей макул болот да, атайын чөйчөк жасатат. Бирок, ал чөйчөктүн көлөмү ушунчалык чоң экен, үчөөнө баткан шарап он чөйчөктөн да көп болуп кеткен… Дагы бир маалыматтар боюнча, Угедейдин арак-шарапты мынчалык көп ичүүсүнө аялы Дорегене себеп болгон имиш. Себеби, аны мас кылып коюп, өлкөнү өзү башкарчу беле? Айтор, дарыгерлер тынчсыздангандай эле Угедей көпкө узаган жок. Ал көз жумганда болгону 40 гана жашта эле.

Чыңгызхан менен Бортенин эң кенже уулу Толуйдун да түбүнө ичкилик жеткен. Экинчи уулу Чагатай бир туугандарынын кейиштүү тагдырынан сабак алып, өзү да бул илдетке туруштук бере албасына көзү жетип, жан-жөкөрлөрүнө «мага күнүгө, айталы, беш чөйчөктөн ашык ичкилик бербегиле, сурансам да, коркутсам да бербегиле» деп буйрук чыгарат. Адегенде жан-жөкөрлөрүнөн бир-экөө коркуп кетип берип ийишкен го. Анан Чагатай соолуккан соң алардын баштарын алдырткандан кийин башкалар кийин дегеле бербей калышыптыр.

Чыңгызхандын уулдарынын аракечтик салтын анын неберелери да улантышкан. Тарыхчылардын жазганына Караганда, Мункэ хан болуп турган мезгилде хан сарайда күмүштөн жасалган дарак болчу экен. Анын бутактарынын биринен кымыз акса, экинчисинен шарап, үчүнчүсүнөн күрүчтөн жасалган арак агып турчу. Угэдейдин уулу Гуюк 42 жашында арактын айынан дүйнө кетти. Джучинин балдарынын да арактан баштары чыкпады. Бату хандын мезгилинде хансарайда арак менен шарап суудай агып турду. Анын бир тууганы Берке мусулман динин кабыл алган соң аракечтик бир аз тыйыла түшкөнсүгөн. Бирок, теңирчи Менгу-Тимур бийликке келген соң Русь менен мамиле жакшырып, Алтын ордодогулар жалаң орустун «медовухасын» ичип калышат. 1313-жылы бийликке мусулман Өзбек хан келгенден кийин ордодо аракечтик токтоп, шарият нормаларын бузгандар катуу жазалана баштайт.

Бирок, Өзбек хандын көзү өткөн соң улуу Жанибек бийликке келип, шаан-шөкөт, аракты тоголонуп калганча ичмей салты кайра башталат. «Ичкилик чарчоону басып, акылдуу чечимдерди кабыл алганга жардам берет» дечү Жаныбек. Ошол арактын айынан агасынын түбүнө жетти, Өзү да жаш эле бойдон жайрап калды…

Арадан көп жылдар өткөн соң окумуштуулар «эмне үчүн монгол-татар хандары ичип кетишти?» деген суроону коюшуп, мындай тыянакка келишкен. Көрсө, Чыңгызхандын тукумдарынын канында алкоголдун таасирин азайтып, ага каршы күрөшчү фермент жок экен. Айталы, кымыз алардын организми үчүн көнүмүш нерсе болсо, башка ичимдиктерге туруштук бере албайт. Бат эле мас болуп, ичкиликке көз каранды болуп калат. Түндүк Америкада жашаган индеецтердин, кээ бир түндүк элдеринин ичкиликке бат берилип кеткенинин себебин да окумуштуулар ушу нерсе менен түшүндүрүшөт. «Чыңгызхандын урпактары аракеч болуп кетпеши үчүн бул каргыш тийгирди дегеле ооздоруна албашы керек болчу» дешет.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *