Чыныбай Турсунбеков чыйпылыктап, өкмөт башчы болууга жан үрөөдө

Соңку бир айдан берки маал-маалы менен болуп келе жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдүн топтому өкмөттүн апрель айына күтүлүп жаткан отставкасы менен токтоору каңкууланууда. «Запастагы премьерлерден» азырынча Чыныбай Турсунбеков менен Канат Исаевдин шансы жогорулап жаткандыгы, спикерликти түштүк кланы мыкчып турган соң, өкмөт башчылык түндүктүк кадрларга ыролоноору КСДП ичинде катуу сөзгө айланууда. Бу Чыныбай соңку кезде түндүктүк кадрларды кызматка коюу жагынан таасири артып, ажого түз кирүү менен тылын бекемдеп алгандыгы, бир кездеги жардамчысын жакында Нарынга губернатор орун басарлыгына алып барса, Мегакомду башкарып, миллиондор боюнча айыпталган Азамат Мурзалиевди кеңешчи кылып алгандыгы кандай? Ооматы арткан эргул азырынча бар иштерге башын сала берсин, убагы келгенде баардык кылыгы үчүн катуу жооп береби?..

Канжар БОРПОШОВ

Булак: “АЗИЯньюс”

1 ой-пикир

  • Калдарбек Койлубайтегин says:

    Бейжоопкер замандын бейжоопкер “жоокери” экенин мыкты єздєштуруп алганын кундєн кунгє тастыктап келет. “Чымчыкты касапчы эмес тилчи сойсун” дегенге ыкташкандардын бири. Аларга мамлекет,дуйнолук єзгєрїїлєр жана башка асыл ой максаттар коко тыйын да турбайт. Єзум учун ийненин учунан єтєм дегенди гана жакшы билишет. Єзу аралашып “домкрат” болуп кызматка койуп атпайбы “дуйнонун ашпозчу” деле башкарат деп созуп койуп. Мына Аксыда ташпиш жаралды эле.. Уну єчтї, башын кайда тоголотушту билбей тим гана олтурат буту менен жерlди чукуп. Эртен-бурсугуну бул маселе чечилсе, “мен айтканмын, мен ойлогом” деп кайсыл бир галдирбай ойун айтып чыкчу да кудум ушу жана ал єндуу ” генийлер”.Тан калуунун єзу апендичилик. Анткени окемдер айтмакчы корообузда алигиче “смутное время”…Премьерликти кой, президенттикке “добро” алып чыкса жаканарды кармабагыла.Бир кєчєнун эли тааныбаган менен аны “лично” президент єзу жакшы тааныганын унутпагыла. Маселе ушунда.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *