Чыныбай Турсунбеков: Эски менталитетте калып, парламентаризмге толук кандуу өтө албай жатабыз

– Чыныбай Акунович, жакында 3-4 депутат биригип, президенттин алдында Улуттук кеңеш түзүү керектиги тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыктыңыздар. Ал кеңешти түзүү зарылдыгы эмнеден улам келип чыкты?

– Ал мыйзам долбоорун иштеп чыгуу эки шарттан улам пайда болду. Биз эски менталитеттен кете албай, жаңыга жете албай жатабыз. Кошуна Казакстан 2030-жылга чейин, кийин 2050-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын кабыл алышпадыбы. Биз да ошондой практиканы кабыл алсак деген маселе туулду. Бирок, ошол эле мезгилде биз парламентаризмге өтүп жатабыз. Парламенттик өлкөлөрдө ар бир партиянын өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасы болот. Ошол программаны ишке ашырыш үчүн саясый күчтөр кармашка чыгышат, «менин программам мындай, пенсияны мындай көтөрөм, айлыктарды, жашооңорду мындай деңгээлге жеткирем, экономиканын мобул багытына өзгөчө көңүл бурам, туризм же өнөр жай тармагын мындай деңгээлге чыгарам» деп ар бир партия саясый талаага программалардын жарышына чыгышат. Ошол «кармашта» эл кимге ишенсе, ошого мүмкүнчүлүк берет, мындайча айтканда, шайлайт. Анан программаларын ишке ашырыш үчүн аткаруу бийлигин түзөт. Жогорку Кеңешке келгенден кийин ким күчтүү болсо, президент кимге берсе, ошол башкаруучу коалицияны түзөт. Ошонун негизинде программаны ишке ашырыш үчүн иш башталат. Биз ошондой менталитетти эске алуу менен иш жүргүзүп жатабыз. Ансыз керек болсо Жогорку Кеңеш дагы эски менталитет менен калып, парламентаризмге толук кандуу өтө албайбыз.

– Мыйзам долбоорунда, Улуттук кеңештин чечимин Жогорку Кеңеш да, өкмөт да сөзсүз түрдө аткарышы керек, аткарган иштери боюнча ошол кеңешке отчет берип туруу норма катары киргизилген. Бул мыйзамда бар нерсеби? 

– Андай мааниде деле эмес. «Стратегияны биргелешип чогуу түзсөк» деген гана ой камтылды. Мисалы, парламент менен коомдук уюмдар биргеликте Кыргызстанды 2030-жылга чейин же 2050-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын кабыл алсак болбойбу эмне? А Конституцияда башкача жазылып турат да. Коалициялык көпчүлүктү, өкмөттү түзгөндө деле жарлыкка президент кол коюп жатпайбы. Ошого окшоштуруу гана ниетинде иштеп чыктык бул мыйзам долбоорун.

– Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИни (Инвестиция жана инновацияны өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик) кайталап калбайбы? 

– Ошол сыяктуу болуп калышы да ыктымал. Аны кайталабаса дагы, менталитетибизди жаңы коомдук өзгөрүүгө ылайыктап, тактап айтканда, парламентаризмге толук өткөнгө багыттоо. Качан биз парламентаризмди түшүнүп, толук кандуу өткөндөн кийин, Кыргызстанда президент арбитрдик милдетти аткарып калгандан кийин, керек болсо саясый күчтөр тил табыша албай, парламент да өкмөттү түзө албай калса, кандайдыр бир кризистик кырдаалдар түзүлгөн шартта жаңы шайлоо болот. Ошого чейинки көрүнүш.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *