Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты: “Менде чыгармачылыкка кайтып келүү процесси жүрүп жатат”

– Чыныбай мырза, сизди бир кезде көптү үмүттөндүргөн жакшы акын катары билчү элек. Ырды азыр деле таштай элексизби?
– Таңкалычтуусу, кийинки кездерде чыгармачылыгым жакшы боло баштады. Өткөңдө бутумду кокустатып алып үйдө жатып калдым. «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген эки томдук бар, ошону кайра таап алып карасам, ичинде бир топ акындардын чыгармаларын мен кыргызчага которуп, гезит-журналдарга таратып коюп, жоголуп кеткен экен. Ошолорду кайра калыбына келтирип атам. Буюрса, отпуске учурунда бүтүрүп, элге сунуштайын деген оюм бар. Андан сырткары, бир ыр жыйнакты даярдап жүрөм. Кээде убакыт таап, өзгөчө Көлгө барганда жазган ырларым бир топ болуп калды. Азыр да убакыт болуп калса отуруп атам. Менин оюмча, чыгармачылыкка кайтып келүү процесси жүрүүдө. Буюрса, жакшы ырлар жаралгансып атат.
– Бизнес, саясат чыгармачылыкка кандай таасир этет экен?
– Ачыгын айтканда, тетири таасир этет. Анткен себеби, эси-дартың бир долбоорду ишке ашырыш, тигил же бул ишкананы кыдырыш… Мен эми өндүрүшчү болгондон кийин тиги же бул ишкананы бутка тургузуш керек болгондо, эртең менен тургандан баштап жатканга чейин иш менен алек болом. «Кантип жакшыртам, кантип жаңылайм, кантип ишти алга жылдырам?» деп отуруп, ачык айтканда, чыгармачылык унутулуп калат экен. Өндүрүш мен үчүн чыгармачылыкка айланып калган. Улам бир өндүрүш ачып, ошол элге берген чыгармам болуп аткан да. Саясатка келген соң мурдагы жыйнактарымды бириктирип, жаңы ырлардан көбүрөөк кошоюн деген аракет болуп калып, кайра чыгармачылык процесске аралашып калдым дагы, мына азыр кичине-кичинеден жазып атам. Ишкерликте жүргөнгө караганда, бүгүнкү күндө чыгармачылыкка анча-мынча убакыт тапканга мүмкүнчүлүк болуп атат.

– Ошондо баары болуп канча китебиңиз чыкты?
– Былтыр бир китебим чыкты. Мурда экөө чыккан. Жалпы үч ыр жыйнагы болуп атат. Андан тышкары, «Шаар жана ыр» аттуу илимий монографиям чыккан. Илгери жазып жүргөн макалаларым, аңгемелерим турат. Аларды чогултуп чыгара элекмин.

– Бирок, окурман катары адабиятка такай көз салып турдуңузда?
– Дайыма. «Рухэшти» барактап калам. Анын мүмкүнчүлүгү ушул – телефон колуңда, эмне чыкса эле ачып окуп калып атам. Китептерден кандай гана китеп колго тийсе, кызыктуу болсо, ошол эле жерден окуйм. Мисалы, Нуралы Капаров акыркы жыйнагын берген. Окуп чыктым, абдан жакшы жыйнак болуптур. Кыйла өсүптүр. Андан сырткары, Олжобай Шакирдин бир китебин окудум. Айтор, атайын мага берип ийген китептер калбайт, сөзсүз окуйм. Менин балдарым китеп окуганды жакшы көрүшөт, алар окуп атса сурап, мазмуну жагып калса алып окуйм. Орус акындарын көп окуйм, түрк акындарына кызыгып жүрөм. Акыркы кездерде казак акындарын карай баштадым. Азербайжан тектүү Иран акыны Шехриярдын «Хайдар бабага салам» деген поэмасы бар экен, толугу менен окуп чыктым. Шехрияр акыркы 600 жылдагы Хафизден кийинки эле эң күчтүү акын катары эсептелет.

– Сиз экөөбүз жакшы билген акын Алик Акималиевдин «Аким эмес, акын болсок дечү элек» деген ыр саптары бар эмеспи. Бул биздин муунга берилген эң сонун мүнөздөмө болсо керек?
– Абдан таамай, так сап. Баарыбыз ошентип ойлочубуз. Алик Акималиев, Кожогелди Култегин, Өмүрбек Тиллебаев, Бектуруш Табалдиев, Фатима Абдалова болуп «Жаш толкундар» ийриминде жүрдүк. Ошо кезде коомдун дагы акындарга болгон көз карашы башка эле. Биздин талектерибиз да ошого жараша болчу. Тилектер коомдун талабына жараша да кээде өзгөрөт экен да. Кийин Кыргызстанда турмуштун агымы бурулду, көп нерсе өзгөрдү. Мен ишкер болуп калганда Алик мага көп келди. Ошерден отура калып жазган ырларын окуп жүрдүк. «Тиги гезитке бастырам, бул гезитке бастырам» деп котормолорумдун көбүн көтөрүп кетчү.
Ачыгын айтканда, бүгүнкү күндө акын болуш кыйын. Эсенгул Ибраевдин 70 жылдык тоюнда мен бир ыр жазгам. Азыр акын болуш да дзотко төшүн тоскон Чолпонбайдыкындай эрдикти талап кылат деген мааниде. Эгер акын үй-бүлөлүү болсо, үй-бүлөсүн багыш керекпи, же чыгарма жаратышы керекпи? Чыгарма жаратасаң мамлекет мурдагыдай бапестеп, калем акы берип, «үй-бүлөңдү бак дагы, эчтекеден камсанабай чыгармаңды жаз» деген шарт жок да. Чыгармачыл адам ачка калат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө акын болуш чындыгында эле баатырлыкты талап кылат. Же болбосо, биринчи бутка туруп алып, анан чыгармачылык кылыш керек.
Мамат САБЫРОВ
Булак: “Азия Ньюс” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *