Чыныгы мародёр ким экени ачыкка чыгабы? Канат Исаев Шерлер менен кантип “достошуп” калды?

«Эшекти сөз кылсаң кулагы көрүнөт” деген жакшы сөз бар. Бакиевдердин мүлкү тууралуу маселе көтөрүлгөндө эле мародер деген атка конгондордун кулагы шалпыйып чыгып калып жатпайбы. Азыр элдин баары Максимге тийешелүү каражат алып келген жерлердин атын укканда эле кимдер ээлик кылып жатканын жакшы билип калды. Эки жумадан бери Бишкек шаарындагы Скрябин- 45–45а деген жер маселеси саясий абалга көрк кошуп жатат. Бул чырдын чыгышына Мамкаттоонун лөгү Тайырбек Сарпашевдин эч кандай тийешеси жок экенин, жерге ээлик кылгандар ай сайын капчыгына дарыянын суусу сыяктуу агып келип түшүп жаткан “жашылбайлардан” айрылып калуудан коркушуп, булакты колдон чыгарбоого жасаган аракети экени айдан ачык. Маселе түшүнүктүү болуш үчүн кеп башынан болсун.

2007-жылдын башында “Кыргызтелеком” Скрябин‑45–45а дарегиндеги 1,28 га жерин ачык аукционго коёт. Ага 3 компания катышып, 5 млн сомду сунуш кылган “Глобал Эдертайзинг” компаниясы эч кимдин колдоосу жок эле жерди сатып алат. Бул компаниянын ээси М. Ахматов саясий чөйрөгө аралашпаган, бийлик менен биригип мыйзамсыз иштерди жасабаган катардагы эле ишкер жигит. Борбор шаардын ортосунда жайгашкан, топурагы алтынга тете болгон жер сатылганда парламентке “Ак Жол” партиясы келе элек, ханзаада Максим Бакиев таасирлүү күчкө ээ боло элек кез болчу. Эгер Максимдин таасири күчөп, оозунан кандай сөз чыкса токтоосуз аткарылган мезгил болгондо 1,28 га жер Ахматовдун колуна тиймек эмес. Азыр парламенттен “Максимдин жерин кайра анын жакындарына берип койду” деп кыйкыргандардын жүйөөсү жөө жомок. Ахматов Максимдин жакын кишиси болгондо ал өзүнүн менчигин кайтарып алууга аракет жасамак түгүл, Кыргызстандан карааны көрүнбөйт болчу. Тескерисинче, ачык аукциондон сатып алган “Глобал Эдертайзинг” компаниясы сатып алган жерге Максимдин тегерегинде чырмооктой чырмалышып алган, анын таасири менен тыйын тапканды мыкты өздөштүрүшкөн кыйындардын көзү түшүп, ал жерди тартып алганга ак эткенден так этишет. 2007-жылдын аягында парламент тарап, ага Максимдин элегинен өткөн “акжолчулар” дүңүнөн келгенден кийин ханзааданын доору башталган эмеспи. Ошол жылдын аягында Ахматовду ханзаада чакырып, айланасындагылардын көзүнөн учкан жерди өзүнө караштуу компанияга өткөзүп берүүнү талап кыла баштайт. Бул ачык басым эмей эмине? Анда Максимге ким каяша айта алчу эле? Ахматов акаарат айтканга жарайт болчубу? Анын сөзүн ким укмак? “Акыйкат” чечим чыгарчу биздин соттор үчүн Максим ким эле да Ахматов ким болчу? Ханзааданын басымына Ахматовдой он адам бириксе да туруштук бере албасы белгилүү эмес беле. “Алтын доорду” сүрүп жаткан Максим майлуу-сүттүү, тыйын тууган, чоктой кызарып турган жердин баарын заматта коркутуп-үркүтүп алып койгону элдик төңкөрүштөн кийин билинбедиби.

Максимдин басымына туш болгон “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын ээси М. Ахматов да сатып алган 1,28 га жерин ханзааданын жакындарына таандык болгон компанияга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Жерге Максимчиктин жакыны Ульяна Пак кожоюн болгон “ЭлитДомСтрой” компаниясы ээлик кылуу үчүн “Глобал Эдертайзинг” менен сатуу-сатып алуу келишимин түзөт. Сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөндө анда төлөнүүчү сумма да көрсөтүлөт. Эки тараптын милдеттери каралат. Көтөнзордукка көнүп алган максимчилер келишимдеги көрсөтүлгөн, “Глобал Эдертайзинг” компаниясына которулуп берилчү сумманын бир тыйынын да төлөгөн эмес. Көз көрүнө эле тартып алган. Скрябиндеги жер кантип Максимдин жакындарына өтүп калганынын тарыхы ушундай.

Бүгүнкү күндө кайсыл компания Максимге жакын болгон? У. Пак жетектеген “ЭлитДомСтройбу” же М. Ахматов кожоюндук кылган “Глобал Эдертайзинг” компаниябы? Кайсыл компаниянын кожоюну Максим менен бирге жасаган кылмыш иштери үчүн мыйзам чегинде жазага тартылып, камакта олтурат? “Максимдин жерин кайра анын жакындары ээлик кылып алышты” деп чуу салгандар бул суроого эмне үчүн жооп издебейт? Өткөн жылдын сентябрь айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди баш кылып, анын тегерегине топтолуп тартып-басып алуу менен алектенген адамдарга өз чечимин чыгарган. Максим Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылып, баскынчылык менен топтогон дүнүйөсү конфискация болсун деген өкүм угузулган. Елисеев 25 жылга, Е. Гуревич 30 жылга, М. Надель 25 жылга, С. Ким 30 жылга, У. Пак 30 жылга, Улан Мелисбек 30 жылга эркинен ажыратылган. Бул тизмеде “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын ээси М. Ахматовду немистердин ити менен издесең да таппайсың. Анан кантип “Глобал Эдертайзинг” компаниясын Максимдин компаниясы деп айтууга ооз барат? Тескерисинче, “Глобал Эдертайзингден” тартып алган “ЭлитДомСтройдун” кожоюну делген У. Пак Максимдин ишенимдүү адамы болуп, 30 жылга соттолуп олтурбайбы. Кыргыздын кыйынымын, каймагыбыз, акылдуусу бизбиз деген эл өкүлдөрү соттун чыгарган чечиминде кимдер Максим менен бирге соттолгонун, кимиси кайсыл компанияга ээлик кылганын тактап алып, андан кийин тамагы айрылгыча кыйкырышпайбы? Ошондо биз да аларды кош колдоп кубаттабайт белек. Балли, азамат экен, чындыкты, акыйкатты айтты дейт элек да. Кашайып андай болбой жатпайбы! Эгер “Глобал Эдертайзинг” Максимдин компаниясы, М. Ахматов анын көздөй кишиси десе У. Пакты 30 жылга соттор адашып соттоп жиберишиптир, аны азаттыкка чыгарып, компаниясы менен буга чейин жүргүзүп келген иштери мыйзамдуу экенин таанып, 1,28 га жерди да колуна карматып, башынан сылап, этегин өөп, пешенебиз жерге тийгиче кечирим сурабайлыбы урматтуу Канат Кедейканович! Маселени көтөргөндө документтерге бир сыйра көз чаптырдыңыз беле?

Революциядан кийин Максим Бакиев өлкөнү таштай качкандан кийин тегерегиндеги “чөөлөр” кирер жерин таппай калышкан. Баягы күркүрөгөн арстандар жоголуп, куйругун чатына кыпчый баскан шалпаң кулактарга айланбады беле. У. Пактын “ЭлитДомСтрой” компаниясы “Глобал Эдертайзинг” менен сатуу-сатып алуу келишими 2011-жылы 25-апрелде жокко чыгарылат. Келишим өз күчүн жоготкондон кийин мүлк ээсине кайтарылып берилиши керек. Келишим күчүн жоготконун Бишкек райондор аралык соту 2014-жылдын 25-июнунда таанып, жерди “Глобал Эдертайзинг” компаниясына каттаганга мыйзам жол берерин билдирген өкүмүн чыгарган. Соттун бул чечимин ушул күнгө чейин эч ким жокко чыгарган эмес. Сот чечими күчүнө кирген күндөн баштап кайсыл гана орган болбосун аны аткарууга милдеттүү. Каттоо кызматы бул чечимди көзгө илбей, жерди 2016-жылдын аягына чейин каттабай келгени да табышмак. Бүгүнкү күндүн темасына айланган чырдын келип чыгышына 1,28 га жер өткөн жылдын 19-декабрында каттоого алынгандыгы себеп болуп олтурат. Өткөн жумада ушул маселе боюнча Кайрат Осмоналиев, Бакыт Бакетаевдер маалымат жыйын өткөрүшкөндө, Бакыт Бакетаев “Глобал Эдертайзинг” жерди каттатуу үчүн Каттоо кызматына барганда, алар жогор жакты көрсөтүп, биз каттай албайбыз деп болбой коюшкан” деп айткан. Каттоо кызматы кимдин буйругун аткарып, жогор жактагы кимди көрсөтүп жатат? Бул жерге кимдер кызыкдар?

Кимдер топурагы алтын делген жерге кызыкдар болуп жатканы тууралуу “sayasat.kg” сайты мындай деп жазып чыкты:

Канат Исаев Шерлер менен кантип “достошуп” калды?

2017-жылдын 18-январында Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин демилгесине ылайык, Скрябин 45–45А дарегине караштуу чарба базасы (1,28 гектар жер тилкеси менен) кантип сатылып кеткенин иликтөө жаатында депутаттык комиссия түзүлөт да, ага “Максим Бакиевге караштуу мүлктөр” деген да аныктаманы чапташат.

Эсиңиздерде болсо, 2010-жылы Убактылуу өкмөт тарабынан Бакиевдин үй-бүлөсүнө караштуу мүлктөрдү улутташтыруу жаатында декреттер чыгарылган. Аларды аныктоо максатында ведомстволор аралык комиссиялар түзүлүп, укук коргоо органдары иш алып барган. Бирок, Скрябиндеги азыр талаш жаратып жаткан участок бир да комиссия тарабына “Бакиевдердин мүлкү” делип тизмеге киргизилген эмес. Бири-бирине байланышпаган комиссиялардын минтип бирдей тыянакка келгенинен эле жер чынында эч качан Максимге тийешелүү болбогонун билүүгө болот. Анан эмнеге азыр аны “Бакиевдин мүлкү” деп жазып чыгышты? Жообу жөп-жөнөкөй…

Алгач Канат Исаевдин өзү ким, ошого токтололу. 2016-жылдын 21-декабрында “Дело № ..” гезити “Жакыр элдин бай кулдары” аталышта макала жарыялап, К. Исаевдин ишмердүүлүгүнө токтолушкан. Бул киши ишмердүүлүгүн фискалдык органдарда баштаптыр. Каржы министрлиги, Чүй обулстук газ башкармалыгында иштеген. Анан эле 2008–2010-жылдары Токмок шаарына мэр болгон. Революциядан кийин гана кызматтан кеткен. Себеби, анын бакиевдик кадр экени анык болчу. Ошондон улам, “Канат Исаев азыр да ЖК депутатынын статусуна жамынып алып Бакиевдердин кызыкчылыгын коргоп жаткан жокпу?”- деген суроо туулат.

Токмоктун мэри болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу Канат Исаевге “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мисалы, маданий эстеликтер тизмесинде турган шаардагы эски китепкананын имаратын менчиктештирүүгө жол берген. Бул кылмыш иши 2015-жылы токтотулган. Бирок, Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбековдун камакка алынышына байланыштуу бул иш кайрадан ачылган. Себеби, прокурордун ишиндеги фигуранттардын бири ушул Канат Исаев экен. Кызык жери, дал ушул прокурордун тушунда К. Исаевге байланыштуу кылмыш ишинин 4 тому жоголуп кеткен. Демек, кайтаруудагы объектиден том-том материалдар изсиз жоголуп жатса, анын прокуратурада таасирдүү тааныштары бар экен да! Балким ошолор аркылуу Канат Исаев Скрябин 45–45А дарегиндеги жер участогун чыныгы ээсине кайтарып берген Бишкек райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечимин буздуруп, ал аркылуу Максим Бакиев үчүн тартып алган мүлктү сактап калууга жан үрөп жаткандыр? Же башка да себеп барбы? Болбосо, эмнеге 2016-жылы “Глобал” жерге өз укугун калыбына келтирип алганга чейин прокуратура органдары бул участокко кызыгып да коюшкан эмес?

Көрсө, “иттин өлүгү” мародерлордо көмүлүп жатыптыр

Эки күн мурда коррупцияга каршы эксперттик топтун төрагасы Кайрат Осмоналиев, мүчөсү Бакыт Бакетаев жана “Глобалдын” адвокаты Асель Жолдошева бул участоктун тегерегиндеги талаш тууралуу басма сөз жыйынын курганда журналисттер: “6 жылдан бери бул жер участогун ким пайдаланып, пайда көрүп жатат?”- деген суроо салган. Кечээки кайра уюштурулган басма сөз жыйынында бул багыттагы чындык калкып чыкты.

2010-жылдагы революциядан кийин аталган жер участогун “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Болот Шердин иниси Баткен Шернияз басып алыптыр. Аталган тилкеде чоң унаа токтотуучу жай уюштурулган, соода павильондору бар. Эң аз дегенде бул жерден Баткенге түшкөн киреше ай сайын 20–30 миң долларды чапчыйт, б. а. жылына 240 миңден 360 миң долларга чейин. 2010-жылдын башынан баштап 2 миллион доллардай киреше түшкөнү айтылууда. Маселе ушул жерде жатат.

2016-жылдын сентябрына чейин “Ата Мекен” партиясы бийликте болуп келди. Мындай шартта “Глобал” мүлкүн ала алмак эмес. Кайсы жерге барба, соткобу, прокуратурагабы, каттоо кызматтарынабы, “ата-мекенчилерге” туш келип, тилеги таш каап келген. Булар оппозицияга кеткенден кийин гана адилеттүүлүккө жол ачылган. Албетте, ким эле 6–7 жылдан бери туруктуу киреше алып келип жаткан майталкандан кур калгысы келсин! Партиялык казына да жабыркап жатпайбы! Ошондуктан Шерлер Канат Исаевге кайрылышат. Ошентип, ал демилге көтөрүп, “бакиевдин мүлкү” деген шылтоого жамынып, чынында Баткен Шернияздын арам бизнесин коргоого өттү.

Азыр бул маселе боюнча депутат Алмамбет Шыкмаматов да ар кандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Бул адам Мамкаттоо кызматынын төрагасы, Юстиция министри болуп турганын унутпагыла! Ал Баткен Шернияз ээлеп алган жердин кызыкчылыгын ошол кызматта турганда катуу коргогон. “Партиялык кызыкчылык” деген болот. Анын сап башында тургандар “Мегакомдон” үлүш алганы “Белизгейт” аркылуу жарнамаланса, ылдыйкы тепкичте тургандарга Скрябиндеги жер участогу сыяктуу майда токочтор таркатылган. Мисалы Турат Мадылбековдун уулуна Киев көчөсүндөгү имарат тийгендей. Мародерлордун колуна түшүп калган башка объектилер тууралуу да жакында маалымат чыгары айтылып жатат.

Суроо туулат, Шыкмаматов ошончо акылдуу экен, эмнеге “Скрябин” маселесин Мамкаттоо кызматын жетектеп турган кезде көтөргөн эмес? Биз дагы бир жагдайды унутпайлы, буга окшогон арам иштерди дагы бир адам калкалап келген, ал — ​Аида Салянова. Ал башпрокурор болуп турганда да, азыр да “ата-мекенчилердин” кызыкчылыгын жылдырган кызматкерлер бар экенин тана албайбыз…”

Урматтуу окурман бул келтирилген фактылар олтурган жерден ойлонулуп табылбаса керек. Мындан дагы кызык бир жагдай бар. Бишкек шаардык соту 2016-жылы 2-ноябрда Бишкек райондор аралык сотунун 2014-жылы 25-июнда чыгарган чечиминин аткарылышын токтоткон чечимин чыгарат. Соттук процесске А. Алыбаев төрагалык кылса, судьялар А. Рыбалкина, Д. Мулюкбаевалар катышат. Соттук отурумду жазып турчу катчынын аты-жыты жок. Катчысы жок соттук отурум болгон. Ким, качан шаардык сотто катчысы жок соттук процесстин жүрүшүн көрдү эле? Ошондой учурга туш болгондор деги өлкөдө барбы? Катчысы ооруп калып же кандайдыр бир себептер менен жок болуп калыптыр дегенге аргасыздан макул дейли. Бирок, чечимге бир гана судья Д. Мулюкбаева гана кол коюп жатпайбы. Кана соттук отурумга төрагалык кылган А. Алыбаевдин колу? Төраганын колу коюлбаган чечим эч жерге жарабай турганын ким жокко чыгара алат? 2-ноябрда чыкты деген Бишкек шаардык соту жасалма экенин ушундан эле билсе болот. Жасалма документке кол койгон Мулюкбаевага эмне үчүн кылмыш иши козголбойт? Ким ага көрсөтмө берген? Булардын жообун билүү үчүн прокуратуранын жетиштүү мүмкүнчүлүгү бар. Мулюкбаеваны суракка чакырып, эки саат көл-шал кылып терге салса, өзү эле бөдөнөдөй болуп безеленип бермек. Бул чечим жасалма экенин Бишкек шаардык сотунун 2-ноябрында кабыл алган дагы бир чечими далилдейт. Анда төрагалык кылган А. Алыбаев, судья А. Рыбалкина экөө тең кол коюп, соттук отурумга Нуралиев деген катчы катышканы да көрсөтүлгөн. Соттук отурумга “ЭлитДомСтройдун”, Бишкек шаардык прокуратуранын өкүлдөрү келбегени, судья Мулюкбаева ден-соолугуна байланыштуу катыша албай калганы көрсөтүлүп, соттук процесс 2016-жылдын 22-ноябрына саат 14:00кө жылдырылат. Бул ишке сот органында да кызыкдар адам бар экенин ушундан эле билсе болот. Жер тилкесиндеги маселе муну менен бүтүп калбайт. Ким мародер экени ачыкка чыгууга тийиш. Кийинкиде мындан да кызыктуу окуялар чыкмакчы.

Булак: “Жаңы ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *