Дагы бир интернет сайт экстремисттик деп табылды

КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабековдун билдирүүсүнө   ылайык, Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 19-октябрындагы чечими менен  www.tavhidvajihod.com  Интернет сайты жана анда жайгаштырылган улуттук жана диний араздашууну козутууга, ошондой эле диний экстремизмди жана терроризмди пропагандалоого багытталган материалдар экстремисттик деп табылды. Кыргыз Республикасынын аймагында бул сайттагы материалдарды көбөйтүүгө, сактоого, таратууга жана бул сайтка Кыргыз Республикасынын аймагында Интернет колдонуучулар үчүн кирүүгө тыюу салынды.

Бул сайт Ош шаардык сотунун 2015-жылдын 13-майындагы чечими менен экстремисттик жана террористтик уюм деп таанылып, Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Жаннат Ошиклари» жана Ош шаардык сотунун 2016-жылдын 17-мартындагы чечими менен террористтик уюм деп таанылып, Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Джамаат ат-Таухид валь-Джихад» уюмдарына таандык болуп эсептелет.

Практика жүзүндө бул эки аталыш бир эле уюмга тиешелүү болуп саналат. Себеби, «Джамаат ат-Таухид валь-Джихад» уюмун Сириядагы согушка катышып жүргөн Борбордук Азиялык адамдар «Жаннат Ошиклари» уюму деп аташат.

Ошентип, азыркы учурда Кыргыз Республикасында жоюлган же иши токтотулган диний уюмдардын саны үчкө, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын саны он сегизге жана тыюу салынган экстремисттик Интернет-сайттардын саны сегизге жетти. Ошондой эле Саид Бурятскийдин экстремисттик материалдарын басып чыгарууга, колдонууга, сактоого, таратууга тыюу салынган (тизме тиркелет).

 Кыргыз  Республикасында жоюлган же иши токтотулган диний  уюмдар:

 “Бириктирүү чиркөөсү (Мун чиркөөсү)” – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2012-жылдын 24-февралындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгү токтотулган.

  • Саентология чиркөөсү – 2012-жылы КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан мурда берилген эсептик каттоо күбөлүгү деструктивдик уюм катары кайра чакыртылып алынган. 2013-жылдын августунда чиркөөнүн сотко кайрылган арызы канаатандырылган эмес. Бул уюм уюмду түзүүчүлөрдүн чечими менен жоюлган.
  • “Ахмадия” уюму – 2012-жылдын 16-ноябрында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Ахмадия мусулман общинасынын Миссиясынын” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн кайра каттоодон өткөрүүдөн баш тарткан. Бул баш тартуу Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 30-январындагы, Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 15-майындагы жана КР Жогорку сотунун 2014-жылдын 10-июлундагы чечимдери менен күчүндө калган.

 Кыргыз  Республикасынын аймагында тыюу салынган Интернет-сайттар, басып чыгарууга, колдонууга, сактоого, таратууга тыюу салынган материалдар

  • Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2014-жылдын 14-мартындагы чечими менен «Саид Бурятскийдин» (А.А.Тихомировдун) үгүттүк-пропагандалык материалдары экстремисттик, улуттук, диний жана расалык араздашууну козутуучу деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында аларды жайылтууга, колдонууга, сактоого тыюу салынган.
  • Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2016-жылдын 6-июнундагы чечими менен http:hizb-turkiston.net Интернет сайты жана анда жайгашкан улуттук жана диний араздашууну козутууга, улуттук ар-намысты басынтууга жана диний экстремизмди пропагандалоого багытталган материалдар экстремисттик деп, бул сайттагы материалдарды көбөйтүүгө, сактоого, таратууга жана бул сайттын аталышын колдонууга тыюу салынган. Бул сайтка  Кыргыз Республикасынын аймагында Интернет колдонуучулар үчүн кирүүгө тыюу салынган.
  • Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 19-октябрындагы чечими менен tavhidvajihod.com  интернет сайты жана анда жайгаштырылган улуттук жана диний араздашууну козутууга, ошондой эле диний экстремизмди жана терроризмди пропагандалоого багытталган материалдар экстремисттик деп табылган. Бул сайттагы материалдарды көбөйтүүгө, сактоого, таратууга Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган. Бул сайтка Кыргыз Республикасынын аймагында Интернет колдонуучулар үчүн кирүүгө тыюу салынган.
  • Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2016-жылдын 20-июнундагы чечими менен org.uk, halifat.wordpress.com, kg.turkiston.info, jihadology.net, alhayatmedia.wordpress.com, youtube.com.user.HtmediaTV.featured деген интернет сайттар экстремисттик деп табылган. Бул сайттарда жарыяланган маалыматтар, материалдар жана видеофильмдер экстремисттик жана террористтик мазмунда деп таанылган. Кыргыз Республикасынын аймагында бул сайттардагы материалдарды көбөйтүүгө, сактоого, таратууга, бул сайттарга маалыматтарды, материалдарды жана видеофильмдерди жайгаштырууга, интернет колдонуучулар үчүн кирүүгө тыюу салынган.
  • «Джабхат ан Нусра» же «Фронт ан-Нусра» (Жабхат аш-Шам) уюмунун үгүттүк-пропагандалык материалдары жана пропагандалык ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 13-майындагы чечими менен экстремисттик-террористтик багыттагы, улуттук, диний жана расалык араздашууну козутуучу деп табылган.
  • «Катибат аль-Имам аль-Бухари» уюмунун үгүттүк-пропагандалык материалдары жана пропагандалык ишмердүүлүгү Ош шаардык сотунун 2015-жылдын 13-майындагы чечими менен экстремисттик жана террористтик багыттагы, улуттук, диний жана расалык араздашууну козутуучу деп табылган.
  • «Жаннат Ошиклари» уюмунун үгүттүк-пропагандалык материалдары жана пропагандалык ишмердүүлүгү Ош шаардык сотунун 2015-жылдын 13-майындагы чечими менен экстремисттик жана террористтик багыттагы, улуттук, диний жана расалык араздашууну козутуучу деп табылган.

Кыргыз  Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар

 “Аль-Каида” уюму – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2006-жылы 15-сентябрындагы чечими менен террористик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

  • “Талибан кыймылы” – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2006-жылы 15-сентябрындагы чечими менен террористик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • “Чыгыш Туркестан ислам кыймылы” – КР Жогорку сотунун 2003-жылдын 20-августундагы токтому менен террористик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • “Курд элдик конгресси” (Конгра-Гель) – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2008-жылы 11-июнундагы чечими менен террористик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • “Чыгыш Туркестан боштондук уюму” – КР Жогорку сотунун 2003-жылдын 20-августундагы токтому менен террористик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» – КР Жогорку сотунун 2003-жылдын 20-августундагы токтому менен экстремисттик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында  ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Джихад тобу» (Ислам Джихад бирдиги) – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2008-жылы 11-июнундагы чечими менен террористик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • “Туркестан ислам партиясы” (“Өзбекстан ислам кыймылы”) -КР  Жогорку сотунун 2003-жылдын 20-августундагы токтому менен   террористик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • “Жайшуль Махди (Жайшуль Махди) – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы чечими менен экстремисттик жана террористтик уюм деп таанылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • “Джундь-аль Халифат” – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Ансаруллох» (Ансарул Аллах) – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.  
  • «Ат-Такфир Валь-Хиджра» – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы чечими менен  Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Акрамия» кыймылы – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2014-жылдын 14-мартындагы чечими менен экстремисттик уюм деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында  ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Ислам мамлекети» (ИЛИМ) – Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 13-февралындагы чечими менен экстремисттик жана террористтик уюм деп таанылып, Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Джабхат ан Нусра» же «Фронт ан-Нусра» (азыркы учурда Жабхат Фатах аш-Шам) – Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 13-майындагы чечими менен экстремисттик-террористтик уюм деп таанылып Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Катибат аль-Имам аль-Бухари» – Ош шаардык сотунун 2015-жылдын 13-майындагы чечими менен экстремисттик жана террористтик уюм деп таанылып, Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Жаннат Ошиклари» – Ош шаардык сотунун 2015-жылдын 13-майындагы чечими менен экстремисттик жана террористтик уюм деп таанылып, Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
  • «Джамаат ат-Таухид валь-Джихад» (радикалдык салафиттик жихадчыл топ) – Ош шаардык сотунун 2016-жылдын 17-мартындагы чечими менен террористтик уюм деп таанылып, Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

КОШУМЧА:

  • 2002-жылы Каирдеги Аль-Азхар университетинин имамы шейх Мухаммад Сайид Тантави “өзүн-өзү өлтүргөн, тынч жашап жаткан элге кол салган террористтер шахид (ишеним – дин үчүн өлгөн адам) деп эсептелбейт” деген фатва чыгарган.
  • 2015-жылы дүйнөдөгү 126 белгилүү Ислам дин аалымдары ИЛИМдин жетекчиси Абу Бакр аль Багдадиге кайрылуу кат жолдошуп, анда халифатты түзүү үчүн дүйнөдөгү бардык мусулмандардын макулдугу керек, өзүн ИЛИМ деп атаган бир ууч адамдардын чечими, алардын жасап жаткан иштери, диний көз караштары, идеологиясы туура эмес, Исламга жат деп билдиришкен.
  • 2002-жылдын 15-октябрында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын Уламалар Кеңешинин «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун Исламдан сырткары экендиги жөнүндөгү №9 токтому чыккан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *