Дайырбек Орунбеков: “Бакиевдин убагында качып кеткен Сыргак Абдылдаев, Атамбаевдин “коопсуз” бийлигинин тушунда неге кайтып келген жок?”

Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков Сентябрь телеканалына берген маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты:

-Бакиевдин убагында гана журналисттерге куугунтук болуп, азыр сөз эркиндигине чексиз эркиндик берилди деп айткан президенттин сөзүнө мен толугу менен кошулбайм. Жашоомо коркунуч келтирилди деп миллион сом айыпка жыгылган Чолпон Орозобекованын сыртка чыгып кетишин мисал катары алсак болот. Ал эми жанагы Сыргак Абдылдаевге кол салуу ж.б айрымдардын качып кетиши алардын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтук болгон деп мен эсептебейм. Сыргак Абдылдаевдин сабалышы башка себептерден улам болгонун уккамын. Эгерде, ал чын эле Бакиевдин убагында  коркунуч болуп мамлекеттен качып кетсе, азыр Атамбаевдин «коопсуз» бийлигинин тушунда эмнеге кайтып келген жок?

Эми, Атамбаевдин бийлигинин учурунда журналисттерге жана басма сөз каражаттарына кандай кысымдар болду? «Ош ТВ» рейдерлик жол менен бийликке өттү. «Вечерний Бишкек» басылмасы тартылып алышына президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовдун ысымы аталды. Президенттин кеңешчиси коомдук ишмер, журналист Уран Ботобековду 1 800 000 сом доого жыгып, кийин ага басым кылып, Ботобековдун үйүнө бандиттер келип тынчын алгандан кийин ал мамлекетти таштап качканын жарыялады. «24.kg» сайтынын журналисти Дарья Подольская сабалып, эскертүү алды. Оппозициячыл журналист Адилет Айтикеевге моралдык чабуул кылышып, УКМК анын төшөгүнө чейин кирип, жашоосуна тынчтык бербей, куугунтук кылганынан улам ал да аргасыз үй-бүлөө, бала-чакасын калтырып качып кетти. Президент өзү мени сотко берип, адилетсиз сот чечими менен 2 000 000 сом доого жыкты. Эми аны төлөбөй, президенттен кечирим сурабай жатат деп кылмыш козгоп, 2 жылга каматам деп жатат. Ушулбу сөз эркиндигине болгон президенттин мамилеси? Ал, дайым өлкөдө болуп жаткан окуяларга эч кабары жоктой жалган айтып же көрмөксөнгө салат,-дейт Д.Орунбеков.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *