Дайырбек Орунбеков: “Мавлян Аскарбековдун сотун жабык карап, журналисттерди залдан чыгарып салды”

Бүгүн, 23-декабрда коомдук активист Мавлян Аскарбековдун депутат Дастан Бекешов боюнча “фейсбукка” жазган макаласы үчүн сот отуруму жүрүп жатат. Сот ачык отурум экенине карабай залдагы катышуучуларды сот Гулчехра Оморова чыгарып салган. Катышуучулардын бири журналист Дайырбек Орунбеков буларды билдирди: – Депутат Дастан Бекешовдун адвокаты соттун ачык отурум экенине карабай катышуучуларды жана журналисттерди залдан чыгарууну соттон өтүндү. Ал, “Аскарбековдун жактоочулары соттогу абалды “фейсбукка жазып салып жатат, ошол себептүү аларды залдан чыгарууну өтүнөм”,-деп айтты. Сот Оморова катышуучуларды залдан чыгып кетүүнү буйруп, нааразы болгон журналисттерга үнүн көтөрүп “залды таштап чыгып кеткиле, мен кайталап айтам!”,-деп айтты. Биз залды таштап чыгып кеттик. Бул адилетсиздик жана соттун адилеттүү чечим чыгарышынан күмөн санап жатабыз”,-дейт журналист.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *