Дайырбек Орунбеков, журналист: “Атамбаев “Газпром” аркылуу элди тоноп жаткан жокпу?”

Президент Алмаз Атамбаев “Газпром” аркылуу элди тоноп жатат деген ой жаралууда. Себеби, миллиард долларга жетчүдөй инфраструктурасы бар “Кыргызгаздын”  болгону 1 $га сатылышына Атамбаев гана кызыкдар болуп, анын натыйжасында “Газпром” пайдалуу жыйынтыктарды кылат деп ишендирген. Тилекке каршы, “Кыргызгаз” Россиялык Атамбаевдин досу жетектеген  “Газпром” ишкананасына өткөндөн кийин Россиялык “Газпром” бензин менен газды монополия кылып алды. Кыргызстанга кирген күйүүчү май менен газга алар бааны каалагандай коюп жатат. Аны менен катар президент Бажы союзуна кирип жатып көп жакшы убадаларды берген. Эми карап көргүлө. Унааларга колдонуулучу суюлтулган газ кошуна Казакстанда 12-14 сом. Бензиндин Аи-92 маркасы 26 сом. Бизде суюлтулган газ 24,50 сом, бензин 37 сом. Бул кандай себептер менен кымбаттап жатканын кыргыз өкмөтү түшүндүрө элек. Бажы союзуна киргенден кийин күйүүчү майларга бажы салыгы алынышы керек болчу жана арзандаш керек эле. Ташып келүү чыгымы 1 литрине 10-14 сомго туруп жатабы? Президент “Газпром” ишканасы салып берген бир нече спорт комплексин айтып мактанып жатат. Андан көрө бааларга болгон саясатты элдин кызыкчылыгына карата чечип, арзандатып анан мактанбайбы. Же, кошуналарда 12 сомдук газды бизге 24,50 сомго саттырган “Газпром” менен анын кандайдыр бир кызыкчылыгы барбы? Менде, Атамбаев “Газпром” аркылуу элди биргелешип тоноп жатабы деген ой жаралып жатат.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *