Дамира Ниязалиева, мурдагы өкмөт башчынын орун басары:«Жакшылыктан күдөр үзбөй, алдыга карай умтулуу кажет»

“Кызмат деген колдун кири”- деп айтылат нукура элдин ичинде. Антсе да мамлекеттик кызматтын жоопкерчилиги, ысыгы, суугу болору белгилүү. Эгерде бийлик бутагында жүргөндө элдин жылуу пикирине алынсаң анда сени маанайды көтөргөн адал сөз ээрчийт, тескерисинче чийкилигиңди, жаман жоругуңду журтчулукка байкатсаң жаман кептен арылбайсың. Бүгүн кезинде Жогорку Кеңештин депутаты, анан баш бакандын орун басары болгон Дамира Ниязалиева менен баарлашып отурабыз. Анда эмесе, кайдыгер калтырбаган маекти сиздердин таразаңыздарга сунуштайбыз. Көңүл буруп, ошол маегибизге ортоктош болуңуз, ардактуу окурман.

— Көндүм адатка салып, мындай суроо узатайын Дамира айым. Оболу азыркы иштериңиз тууралуу учкай баяндама берип кетпесеңиз сөз жалгашпай калат окшойт. Анда кебиңизди баштай берсеңиз болот?

— Аллахыма шүгүр, менде баары жакшы. Мурункудай эле жумуш абдан көп. Менин бир “жаман” адатым бар: иштегенде, 5–6 жумушту бир убакта баштап алам да анан убактым жетпей кыйналам, бирок натыйжасында бир долбоордун ордуна экөө бүтүп калат. Айтор, жумуш “чачтан” көп болуп, “кайнап” турса тонуста болуп өзүмдү жакшы сезем.

— Албетте, такшалуунун мектеби катары парламенттеги, анан өкмөттөгү жооптуу кызматыңызды келтирсек болот да? Деги сизге ушул ыйык жердеги кызматтар кандай таасирин тийгизди?

— Сиз атаган ыйык кызматтардын таасири өтө бийик. Мен саясаттын, турмуштун чоң мектебинен өтүп, тажрыйба жыйнадым. Жаңы депутат болуп келгенде микрофонго, камерага сүйлөгөндө катуу толкунданчумун, күндөп-түндөп даярданчымын. Жаратканга ыраазымын тагдырыма. Көп нерсени Отунбаева Роза Исаковнадан, Бешимов Бакыттан, Өмүркулов Исадан, Жээнбеков Асылбектен жана башка такшалган кесиптештеримден үйрөндүм. Кийин Өкмөткө барууга сунуш келгенде, чынын айтсам, баргым келген жок. Бирок, жоопкерчиликтен коркот, сындаганды гана билет деп айтпасын деп намыс үчүн бардым. Албетте, аткаруу бийлиги тажрыйба топтоонун, такшалуу мектебинин өтө кеңири “устаканасы” десем жаңылышпайм.

— Негизи биздин парламентте коалиция тароо өнөкөтү “өнүгүп” кетти десек болобу? Анткени эми гана күүгө кирген өкмөттү таратып жиберүүгө коалициянын ыдырашы себепкер эмеспи? Тилекке каршы башталган иштерди аягына чыгарууга тоскоолдук келтирилип жатканы ырас да? Мындай “тагдырга” убагында сиз да кабылбадыңыз беле?

— Ооба, тилекке каршы саясатта интрига, ыплас “оюндар” болуп турат.Анткени, саясатчылар бири бирин көрө албайт.Кайсы бир Өкмөттүн мүчөсү катуу от алып алды, кадыр-баркы өсүп кетти деп жөн эле курмандыка чалынгандар жок эмес. Албетте, аткаруу бийлигинде иштеш жана ийгиликке жетиш өтө кыйын.Себеби, кепилдик берилген мөөнөт жок.Ошону үчун бир кадам алдыга жылсак көп өтпөй эле эки кадам артка кетип атабыз.Чечмелей турган болсом, Өкмөттүн курамында миңге жакын адамдар өздөрүнүн алдына максат коюп иштей баштайт, бирок аягына жетпей кетип калышса жаңы келгендер башка жолго түшүп мурунку долбоорлорду приоритет катары көрбөй орто жолго таштап салат. Анан кантип өсүп, өнүксө болот? Мүмкүн, мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, жаңы Өкмөттүн курамына жок дегенде бир жыл мөөнөт берип, жылдык отчеттун негизинде чечим кабыл алынса адилеттүү жана мамлекетибизге пайдалуу болмок.

— Команданы топтоого жаңы ээрге отурган премьер-министр кызыктар болору түшүнүктүү. Ошентсе да адамдын уюштуруучулук жөндөмүнө, сапатына, тазалыгына, гендердик саясатка карабай калганы нормалдуу көрүнүш дегенге жатпайт десек болоттур, буга кошуласызбы?

— Албетте, падышаны свитасы жасайт деген кеп бар эмеспи. Өкмөт коллегиалдык орган болгондуктан курамындагы жетекчилер адискөй, иштерман болушса, Премьердин канат-бутагы кеңейип коом күткөн жыйынтыктар да көбүрөөк болмок.Тилекке каршы азыркы болуп аткан ызы-чуу биздин системадагы кадр саясатындагы мүчүлүштүктөрдү айдан ачык кылып аныктап койду. Өкмөттүн курамын Парламенттеги көпчүлүк каолиция сунуштап жана бекитип берет эмеспи.Ар бир фракциянын шайлоодо берген убада, милдеттенмелери болот.Ошону үчүн алар өздөрүнүн кызыкчылыгына карай кадрларды сунушташат.

Талапкердин жөндөмү, адистиги, тажрыйбасы, лидерлик сапаттарына баа берилбей “парашют” менен барып кызматка отуруп калгандар аз эмес. Так ушул, критерийлерге туура келбеген “парашютисттер” Өкмөттүн ишин артка тартып, өлкөнүн абройун кетирүүдө.Мен ойлойм, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип: Парламент Премьер-министрди сунуштайт жана бекитет деп, министрлер-Кабинетин Премьер сунуштап Парламент бекитет делсе мындай башаламандык азаймак деген ишеничтемин.Ошол эле учурда министрлерге өзүнчө критерий (көрсөткүчтөр) иштелип чыгышы зарыл.Мисалы адистиги, тажрыйбасы, мамлекетик тилди билүүсү ж б. жаатында. Министр жана орун басар болуп бараткан адам ал тармакта бир кун иштебесе жана базалык билими жок болсо ал тармакты алдыга жылдырып реформа жасоого, жаңыланууга түшүрүүүгө кайдан дарамети жетмек эле? Тескерисинче талкалап ”ашмалтайын” чыгарары айдан ачык болуп атпайбы. Өздөрүнүн функциясын, иш-милдетин, мамлекеттик долбоорлорду, стратегияларды так аткара албаган жетекчилерди жөн эле кызматтан кетирип тынбай, улуттун чыккынчылары деп кылмыш жообуна тартуу абзел. Ошондо балким, колунан келсе да, келбесе да жетекчиликти аркалайбыз деп желпингендер болмок эмес. Ар ким өзүнүн жөндөмүнө карап иш кылышып, ызы-чуулар азаймак.

— Депутат болуп жүргөндө, кызматтагы учуруңузда душман деле күткөндүрсүз? Баарына жагуу кыйынчылык жаратаары белгилүү эмеспи? Калыстык иретинде айта кетсеңиз, мырзаларга караганда аял душмандар коркунучтуубу?

— Негизи турмушта ар кандай окуялар жүз берет. Саясатта достук, мырзачылык сапатка караганда көралбастык, ичи тардык, майдачылык көбүрөөк кездешет. Көрсө турмуштун табияты ушундай камтылыптыр да? Антсе да позитив менен жашоого, жакшылыктан күдөр үзбөөгө, алдыга карай умтулууга аракеттенүү кажет.

Жора Сулайманов

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *