Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажырылат

Аткезчилик, трансулуттук кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен Казакстанда кармалып камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асьшбек уулунун кош жарандыгы бар экени тастыкталды. БШКга депутаттын Казакстандын жараны экенин далилдеген документтер келген. Буга байланыштуу депутат мандатынан ажыратылып, «Кыргызстан» партиясынын тизмесине ылайык, Жогорку Кеңешке Руслан Чойбеков келээри күтүлүп жатат. Ал эми Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын мыйзамдарына ылайык 12 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал. Эми камакта жаткан депутатка кол созуп жардам кылуу оор болуп калды…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *