Дамирбек Асылбек уулунун абактагы мөөнөтү узарды

Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартты. Ал быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк Казакстан, Жамбыл облустарында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон. Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жаранды Уланбек Муралидов менен Чыңгыз Абакировду камакка алуу чечимин чыгарган. Казак бийлиги кармалгандардан “чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет” деп шек санаган. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *