Данияр Абдыкаров ИИМ ичинен “уюшкан кылмыштуу топ” түзүп алганбы?..

(Бул кат КР президенти Сооронбай Жээнбековго жана “Азия Ньюс” гезитине кайрылуу иретинде жазылган.)

Өзүңүздөргө маалым болгондой, буга чейин интернет булактарда (социалдык тармактарда) жана ЖМКларга кеңири тарап кеткен ИИМ орун басары, милициянын генерал-майору Данияр Абдыкаровдун “ишмердиги” боюнча маалыматтарды берүүнү чечтик.

 Бул жигиттин таржымалына кайрылсак, 2005-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин жетекчисинин орун басары болуп турганда, жетекчиси Калыс Теңизбаевге карата өздүк курамды каршы уюштуруп, аны кабинетине киргизбей койгону, мындай былыктарын билген ошол мезгилдеги Бишкек ШИИБнин башчысы Абдылда Суранчиев аны иштен айдаганы маалымдалган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Свердлов районунун опер кызматкерлери менен биргеликте Айдар Акаевге байланыштуу Чүй проспектисинде жайгашкан “Бител” компаниясын басып алышып, 2006-жылы 15 000 000 (15 млн.) АКШ долларын алып, Дубайга качып кеткени чынбы? Максим Бакиев тарбынан изделип, алган акчанын жарымын бергени ыраспы? Ошентип, ал кайрадан Кыргызстанга кайтып келген соң, 2009-жылы М.Конгантиев тарабынан Талас ОИИБнин биринчи орун басарлыгына дайындалат. 2010-жылы 6-апрелде эл көтөрүлгөндө өзүнүн кол алдында иштеген эки кызматкерин элдин тепкисине салып берип, өзү качып кеткени ЖМКларга чыгып келет. Тепкиде калган кызматкердин бирөө каза болуп, бирөө тирүү калган. Тирүү калган жигит азыркыга чейин ызырынып жүрөт. Эгер аны да өлтүрүп коюшпаса, гезитге маеги чыга турган күндү күтөлү..

Ошол мезгилде Талас ИИБнин башчысы Серик мырза Москвада кызын дарылатып жүргөн болчу, Д.Абдыкаров башчынын милдетин аткарып калган. Толкуган элди көрүп, кийимин которунуп, Бишкекти көздөй качкан. 2010-жылы баш прокуратура тарабынан “шалаакылык” беренеси менен иш козголгон. Негизи ошол убакта ОИИБдеги куралдар жана ок-дарылар элдин колуна өтүп кеткен. Эгер Д.Абдыкаров качпай, куралдарды катып койгондо, мынчалык кан төгүү болмок эмес! Бул иш жабылуу бойдон калган. Ушундай ант берген кызматкер бүгүнкү күндө ИИМ системасында иштегенге моралдык укугу барбы?

Учурда бул эргулдун бизнестери Дубайда гүлдөп атканын билесиңерби? “Бүгүнкү күндө ИИМ системасында кадрдык маселенин баарын Данияр Абдыкаров чечет” десек, кээ бир адамдар “ушак” деп айтышат. Ушак болбосун үчүн фактынын негизинде далилдеп кетели.

Азыр баардык кызмат орундарга вертикалдык башкаруу киргизилип, Д.Абдыкаров тарабынан чечилип калган. Мисалы, мурда тергөөчү ОИИБ тарабынан чечилип келсе, бүгүн андай эмеси буга далил! Жөнөкөй сержант офицердик кызматка келсе, Д.Абдыкаров кол коёт. Ишенбесеңер иликтеп көргүлө.

Бишкек ШИИБнин орун басары Муктаров Мирлан Капарович 2005-жылы Акаевдин бийлиги кулаганда “Бител” компаниясын Д.Абдыкаров менен чогуу басып алышып, андагы компаниянын 15 млн. долларын алып чыгып кетишкени боюнча жогоруда суроо таризинде кеп салбадыкпы? Бул фактылар боюнча эч кандай иликтөөлөр жүргөн жок. Бул киши жөнүндө Бишкек ШИИБнин өздүк курамында көп нааразычылыктар пайда болуп, куугунтуктар күч алганын, кызматкерлерди сөгүп-сагып, орой мамиле кылганы белгилүү болсо да, жетекчилик тараптан чара көрүлбөгөнү өкүндүрөт. Акыркы убакта бул кызматкер фактылары менен интернет булактарынан түшпөй калды. Акчанын күчү менен келе жатканын баары билишет. “Коррупция менен күрөшөбүз” дейбиз. Муктаровдун минген автоунаалары 2016-жылы чыккан кара түстөгү “Мерседес гелендваген”, кара түстөгү “Тойота Лэнд крузер 200”, Бишкектин Раззаков көчөсүндө жайгашкан элиталык үй кайдан? Донецк-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Еростоловоя” кафеси кайсы акчага алынган? Дагы сиздерге кандай далилдер керек?!

Чүй ОИИББнын башчысынын биринчи орун басары Асанов Марлис Суратбекович Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы. Буга чейин бул жигитти Абдыкаров Ош ИИБнин орун басарлыгына, андан соң Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин орун басарлыгына дайындап келген.

Чүйдүн эң чоң району болгон Аламүдүн РИИБнин жетекчисинин биринчи орун басары аталаш иниси Төрөев Мырза Оролбаевич агасы Оролбай Абдыкаровдун баласы.

Жалал-Абад ИИБнин жетекчисинин биринчи орун басары Кадыркулов Адыл буга чейин “О!” уюлдук компаниясында адис болуп иштеп келген. Ал жерден Ош ОИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгына секирип, андан Жалал-Абад ОИИБнин биринчи орун басарлыгына дайындалган. Абдыкаровдун өнөктөшү “О!” уюлдук компанияга алып барып койгон болчу көзөмөлдөө иретинде…

ИИМдин БЗКБ (баңгизатына каршы күрөшүү башкармалыгы) башчысына жакында эл Ильяс аттуу жигитти Данияр Абдыкаров түштүк башкармалыктан алып келип койду. Анын кол алдында иштеген кызматкери 56 кг баңгизаты менен ноябрь айында кармалганына карабай, бул ишке дал ушул Ильястын буйругу менен иштеп келгени кандай?

Давлянов Дамир ИИМдин уюшкан кылмышка каршы башкармалыгын жетектеп турганда, 2017-жылдын декабрь айында интернетке чыгып жүргөн уурдалган машинелерден 4000 доллар ала коюп, АКС тарабынан криминалдык милициянын башкы башкармалыгынын имаратынын ичинен кармалып, жумуш ордундагы сейфтен тинтүү учурунда 2000 АКШ доллары чыкканы маалымдалган. Кийинчерээк качып жүрүп жумуштан айдалганы чындык. Башкаларын айтсак, гезит бети чак келбейт.

Интернет булактарына жана ЖМКларга чыгып жүргөн уурдалган автоунаалар тууралуу чуулгандуу маалыматтар ушул жерден башталган. Анда эмесе АКС киришкен факт менен айтсак, 2017-жылдын 4-декабрында Давлянов Дамир жана ИИМдин криминалдык милициясынын башкы башчысы Болпонов Нурмат тарабынан Россиядан жасалма документ менен келген “Тойота Лэнд крузер 200” үлгүсүндөгү уурдалган машиненин ээсинен 4000 доллар талап кылышып, УКМКнын кызматкерлери тарабынан Абдрахманов Съездбек кармалып, УКМКнын убактылуу жайына киргизилет. Алган акчанын бир бөлүгүн Абдыкаров, Болпонов, Давляновдор бөлүшүп, суудан кургак чыгып кетишкени ашкереленеби? Бул боюнча кармалган С.Абдрахманов бүгүнкү күндө өз көрсөтмөлөрүн бергени жатыптыр. Дал ушул жерден булардын былыктары ачылып, Болпонов Нурмат өз ыктыяры менен жумуштан кеткенге аргасыз болгон. Жакын арада бул Болпонов да Абдыкаровдун айыбын ачканы турат.

Урматтуу УКМК башчысы Абдил Сегизбаев, өзүңүз көзөмөлгө алып, бул былык иштердин аягына чыгыңыз. Анткени бул жерде чоң маселе жатат. Бул ушак эмес, ушул бизнести аркалап келгенин биз ийне-жибине чейин билебиз. Себеби, ушул тармакта 17 жыл күрөшүп келгенбиз.

Россиядан уурдалган автоунаалар Панфилов районуна караштуу Чалдовар айылынын тегерегиндеги жашыруун жайлар (броттор) аркылуу чалдоварлык Курманалиев Чыңгыз аттуу кызматкер тарабынан киргизилип, үйлөрүнө катылып келгени ыраспы? Автоунааларды тажик жарандары алып келишсе, калган процедуралар Бишкек шаарында сатылат жана Баткен облусу аркылуу Тажикстанга киргизилеби? Ар бир келген седан үлгүсүндөгү автоунаадан 1000 доллардан жана жолтандабас автоунаалардан 2000 долларга чейин Данияр Абдыкаров алып турганбы? Азыркы учурда Ч.Курманалиев Сокулук РИИБне караштуу Шопоков шаарында жайгашкан милициянын бөлүмүн жетектейт. Бул кызматка Данияр Абдыкаров тарабынан дайындалган. 2010-жылы Д.Абдыкаров Жайыл РИИБде начальник болуп турганда кол алдында кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеп келген. Бул жигит 2011-жылы ИИМдин Чүй облустук УКТК бөлүмүндө иштеп турганда Бишкек шаарындагы эс алуучу жайда мас абалында кызматтык АПС үлгүсүндөгү тапанчасын жоготуп, Чүй облустук прокуратурасы тарабынан “шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, жумушка кирүүгө укугу жок беле? Д.Абдыкаровдун жанагындай иштерин жасап жүрүп, кайрадан кызматта иштеп жатканы чоң суроо жаратат. Андан кийин шаарга кирген автоунааларды Бишкек ШИИБнин башчысынын биринчи орун басары М.Муктаров жана ИИМдин КМКБнын башчысы Н.Болпонов тарабынан көзөмөлдөнүп турганы, машина базарда сатылган кымбат автоунаалар ушул эргулдар аркылуу көзөмөлдөнүп келгени каңкууланат. Мурда бул бөлүмдү жетектеп турган Улан Акматов аттуу мыкты кызматкер иштеп, булардын былыктарын билип калганда ал да Д.Абдыкаров тарабынан куугунтукталып, иштен айдалган. Бул чуулгандуу иштер менен Д.Абдыкаров тээ УКМКда иштеген учурдан тарта алектенип келгеничи?..

Ушул жерден суроо туулат: ушундай уюшкан топтун кылган иштерин УКМК кызматкерлери билип турса, анан президенттин алдындагы коргоо кеңеши эмне кылып отурат? Д.Абдыкаров депутаттарга чейин тыңшоо жүргүзүп, жадагалса ИИМдин башка орун басарларынын телефондорун да тыңшаганын баары билишсе, бирок үн катышпаганы неси? Д.Абдыкаров бүгүнкү күндө Бишкектин Карл Маркс-Медеров көчөлөрүндө жайгашкан эки кабаттуу особнякта жашаганын жана Бишкектин Киргизия шаарчасында салынган хансарайын, Ысык-Көлдөгү “Ак марал” пансионатындагы 300 кв/метр пансионат кайсы акчага курулган? Жубайы акыркы үлгүдөгү 2015-жылы чыккан ак түстөгү “Тойота Прадо” автоунаасы менен жүргөнүн, короосунда турган “Тойота Лексус-570” үлгүсүндөгү автоунаасын кандай түшүнсөк болот? Баары уурдалган машинелер беле? Былтыр 2017-жылы Дача-СУда кырсык болгон учурда мамлекеттик кызматта иштеп турганда, Алматы шаары аркылуу үй-бүлөсү менен Бали жарым аралына барып, эс алып келгени боюнча эч кандай иликтөө иштери жүргөн жок! Анткени биздин мамлекеттен сыртка чыкканда уруксат болуш керек, себеби бул күч органынын жашыруун купуя сырларды билген жетекчиси болуп саналат. Эмне үчүн буга УКМК реакция кылган жок? Мамлекеттик кызматта иштегендер ушунча байлык чогулта албасы сокур кишиге деле белгилүү го?

Бүгүнкү күндө интернет булактарына байма-бай чыгып жаткан “Россиядан уурдалып келген кымбат баалуу автоунаалар боюнча уюшкан топ кармалды” деген буларга атаандаш болуп келген майда чабактарбы? Бул “уюшулган топ” дал ушул Д.Абдыкаровдун тобубу?.. Д.Абдыкаров жана М.Муктаров “бул маалыматтар жалган” деп ИИМдин прессасы аркылуу “АКИpress”, “24.kg” интернет булактарына кайра-кайра бердирип жатат. Эми бул макалага эмне деп жооп беришет?.. Ушундай кайдыгерлик мамиле улана берсе, ИИМ ичинен ирип жок болот!

Барчынбек АЙТАЛИЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

2 comments

  • Тенизбай says:

    Ошондой эле кыйын иликтегич болсон кунго 15 млн.сом тушбой бироолордун чонтогун солонуп келген деп Премь,К.Кулматов да айтты ошолорду иликтебейсинби, Абдыкааровдун занын чукубай.

  • Атыкул says:

    Бил кандай иликтоо, бир да факт койбой, чын эле ошондой болсо кана ошол кишилерди таап баарынан интервью алып айткандарын видеого жазып анан чыгарсын

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *