Данияр Амангелдиев Токмоктун мэри болду

Токмок шаардык кеңеши калаа мэрин шайлады. Бул орунга үч талапкер: Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урматбек Самаев, Токмок шаардык кеңешиндеги Социал-демократиялык фракциясынын депутаты Нурлан Келдибеков жана финансы министрлигинин кызматкери Данияр Амангелдиев ат салышты. Добуш берүүнүн алдында депутат Урматбек Самаев талапкерлигин алып салды. Натыйжада шаардык кеңештин 18 депутатынын добушун алган Данияр Аман­гелдиев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды.

Эске сала кетсек, буга чейинки мэр Жыргалбек Шамыралиев ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматынан кеткен эле.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *