Дариха Ишанованын кыргыз жигиттерине кайрылуусу: “Кыргыз качан кыздарына бөлөк улуттан “айгыр салып” тукум алды эле?”

Жалпы Кыргыздын Эркектерине

Кайрылуу

Урматтуу Кыргыз жигиттер!

Мен Кыргызстанда туулуп өскөнмүн. Менин сиздерге кайрылуума Кыргыз кыздарынын бүгүнкү жашоо абалы себеп болду. СССРдин учурундагы Кыргызстандын жашоо шартын эстеп, аргасыз суктанам.
Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон бери карапайым кыргыз эли жарытылуу турмушта жашабады. Биздин ата-энелерибиз башы менен жер казып, колу туурулганча иштеп да эч кандай ийгиликке жетпеди. Биздин балалыгыбыз өмүр бою ата-энелерибизди жол карап күтүү менен, сагынуу менен өттү. Алар жумушсуздуктан өз мекенин аргасыз таштап, дүйнө кезип бөтөн элге кул, күң болуп, алардын ажатканаларын тазалап, көчө шыпырып иштеп келишти. Казактардын маданият министри чындыкты айтты. Биз чын айтылгын сөзгө чычалап, куру намыстанымыш болуп коюп жүрөбүз. Көзүбүз менен көрүп турган ишке кайдигер карап отурабыз. Чындыгында кыргыз кыздарынын абалы абдан оор шартка кабылды! Менин балдарым да меникиндей армандуу тагдырга дуушар болушун мен каалабайм!..
Биздин муун бой жетип, алгач студенттик чөйрөгө, андан соң жалпы коомчулукка аралашкандан бери мен жогорку кызматта иштеген адамдардын ушунчалык булганыч, эки жуздүү экенин көрүп ирээнжип Россиянын Екатеринбург шаарына жумуш издеп кетип калгам. Россияга барсам Россиянын шаарларында мени менен жашташ, бир топ кичүү кыздар абдан көп экен. Алардын күнүмдүк турмуш шарты менен жакындан таанышып көкүрөгүм муңга толуп, көз жашыма ээ боло албай ыйладым. Мөлтүрөгөн кыргыздын алмончоктой кыздары бөтөн элде кор болуп жүрөт. Абийирин сактаган намыстуулары көчө шыпырып, кафелерде идиш-аяк жууп, ажатканаларды тазалап, орустун баспай калган абышка-кемпирлерин багып, бок-жинин тазалап, ал кызматы үчүн арзыбаган эмгек акы алып, ал акчасын ичпей-жебей Кыргызстанда жумушсуз жүргөн эне-атасына, бир тууганларына салып күн кечирип келүүдө.
“Улуу сөздө уят жок”,-дегендей көпчүлүгү Россиядагы башка улуттарга аргасыз денесин сатып, жан-дүйнөсүн тебелетип, кор болуп, бөтөн улуттун эркектери менен ойноштук кылып акча таап, алар да ошол акчаларын Кыргызстанда калган ата-энелерине, бир туугандарына салып күн кечирип келүүдө. Канткенде да алар менин курбу кыздарым. Эртең кыргызга эне болчу “Айчүрөктөр”! Эч бир доордо кыргыздын кыздары бүгүнкүдөй кор болгон эмес! Кыргыз Эли кыздарын көздүн карегиндей сактап келгенин тарых барактарынан жакшы билебиз. Кыргыз качан кыздарын бөлөк улутка тебелеткен? Кыргыз качан кыздарына бөлөк улуттан “айгыр салып” тукум алган? Кыргыз качан кыздарын бөтөн элге күң кылып кийирип берген? Кыргыз качан кыздарын бөтөн элдин ажатканаларын тазалатып иштетип, анын тапкан нанын жеп,тузун ичкен? Кайсы доордо кыргыздын кыздары акыркы 25 жыл аралыгындагыдай кор болгон? Бул суроого ким жооп берет?А. Атамбаев баш болгон мамлекеттик чиновниктер Туркиядан, Кытайдан, Бириккен арап өлкөлөрүнөн бизнесмен түрктөрдү, кытайларды, араптарды (ж. б.) алып келип алардын бизнесин калкалап, эркелетип жүрүп, аягында аларга өзүбүз ээ боло албай калдык. Бүгүн Бишкекте, Кыргызстандын борбор шаарында Кыргыздар түрктөргө, кытайларга, дагы башка улуттарга кул, күң болуп жүрөт!
Россиядагы кыргыз кыздарынын көз-жашын, азап-кайгысын, арман-зарын көкүрөгүмө батыра албай, жүрөгүмдү зил басып Кыргызстандагы курбу кыздарымын ал-ахыбалын сурасам, Бишкектеги түрктөрдүн, кытайлардын, уйгурлардын, корейлердин, дунгандардын кафе-ресторандарынын, соода борборлорунун баарында кыргыздын жап-жаш кыздары күң болуп буту-колу үзүлгөнчө чуркап кызмат кылууда! Дагы да тереңирээк карап көрсөк, башка улуттун эркектерине ойнош болуп, 2-3-4-аял болуп никесиз турмушка чыгып, алардан төрөп, кыргыздын кыздары бөтөн улутка эне болуп, өз үйүндө, атасынын төрүндө башка улуттан никесиз төрөп, алардын балдарын багып, тарбиялап, чоңойтуп отурганын угуп, интернет булактарынан көрүп өлгүм келди. Чындыгында менин мындай турмушта жашагым келбей калды! Кыргыздын намыстуу эр-азаматтары тирүү барсыңарбы?! Бүгүнкү кыргыздын кыздары, эртеңки кыргыздын энелери экенин билесиңерби силер кыргыздын намыска бек жигиттери?!
Кавказдыктардын бир кызына Кытай, Түрк, Арап же дагы башка улуттун эркектери “айгыр” болгонду мындай кой, тийишип бир сөз айта албайт го! Анткени, алардын жигиттери андайга жол бербейт! Кыздарын көздүн карегиндей коргойт. Чубак ажы баш болгон кыргыздын дин аалымдары, жума намаздарда мечиттерге батпай намаз окуган кыргыздын жалындай ыймандуу жаш жигиттери, өз энеңерди, эже-карындаштарыңарды, кыздарыңарды коргой албай, жигиттик ар-намысыңарды жоготкондон кийин Аллахка жалбарып намаз окуунун канчалык зарылчылыгы калат?! Келгиле Кудай алдында ачык айткыла, эгерде силер бизди коргой албасаңар, анда намыстуу кыргыз кыздары биригип, Кыргыз Элинин уюткусу болгон кыргыз кыздарын – өзүбүздү-өзүбүз коргойбуз. Шымыңарды эртеңки кыргыздын энеси болчу кыздарыңарга, эже-карындаштарыңарга, аялдарыңарга чечип берип, кыздарыңар, эже-карындаштарыңар, аялдарыңар кор болуп, “тебеленип” жүрүп таап келген арам акчаны жеп, алардын юбкаларын кийип үйүңөрдө жата бергиле! Россияда арстан, жолборс сыяктуу жырткыч жаныбарларды сактап калуу боюнча атайын уюмдар түзүлүп, “жырткыч жаныбарларды кантип тукум куруттан сактап калабыз”? – деген конференцияларды өткөрүп, сарсанаа болуп жатышат. Биз кыргыздар Кыргыз улутунун ЭНЕСИН кантип сактап калууну дале ойлоно элекпиз!
Урматтуу Кыргыз жигиттер!
Кыргызстанда бүгүн саясий элита калган жок! Кыргыз Элинин жүгүн тартчу мүйүздөй болгон башчылары кана кимдер? Ак-караны ылгабай сүйлөп Кыргыз Элин дүйнө коомчулугуна уят кылган Алмазбек Атамбаевби? Же элдир-селдир кеп айткан, кирди-чыкты эси бар бир тууган Жээнбековдорбу? Же тегирмен түп жыйнаган Телибайдай Чыныбай Турсунбековбу?! Булардын кимисин кошуна мамлекеттердин жетекчилери теңине алат?! Б. Обама менен В. Путинди мындай кой, булардын деңгээли Н. Назарбаев, И. Каримов, Э. Рахмон менен тең ата сүйлөшүүгө жетеби? Талаастанга (шыйпаңга) кароолчу койбой турган адамдар го булар! Ал эми ушуларды адам деп ээрчип жүргөн бейдаарат майда чиновниктер аман эле болсун! Бүгүнкү Кыргызстандын саясий элитасы жалаң билимсиз, улуттун келечегин ойлобогон соодагер, көрпенделерден жыйналып алды! Акча үчүн элин, жерин, Мекенин, Энесин кошуп саткан ач көз арам тамак эркектаналар Кыргызстанды менчиктеп, ээлеп алышты. Биз булардан, булар түзгөн сүткор системадан тазаланбасак, эч качан кыргыз кыздарынын, энелердин көз жашы тыйылбайт. Эч качан Кыргыз Эли бактылуу турмушка жетпейт! Алардын ар-биринин максаты Президент болуп, мамлекеттин, Кыргыз Элинин байлыгын чет өлкөгө сатып менчиктештирүү ! Ошондуктан, ошол элита сөрөйлөр Президенттик бир орунга талапкерлигин жүзү бир көрсөтүп, дүйнө жүзүнө Кыргыз Элин уят кылып жатышат!
Бир ууч топ бийлик талашып жүрүп Кыргызстанды, Кыргыз Улутун жок болуп кетүү кокунучуна алып келип койду. Биз түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, түшүнүксүз себептер менен бириге албай жатканыбызда, миңдеген кыргыз кыздарыбыз эч уялбай атасынын төрүндө башка улуттардан никесиз төрөп, башка улутка эне болуп, аларды чоңойтуп жатат. Бишкекте намыссыз Кыргыз жигиттер, Кыргыз кыздарды автоунааларына салып алып сауналарга, мейманканаларга алып барып башка улуттарга бир түнгө сатып , акча таап, үй-бүлөө багып жүрөт! Чындык баарынан жогору турат! Эгерде мен калп айтсам, анда мени Ала-Тоонун топурагы-тузу урсун! Эч качан жакшылык көрбөй калайын! Ал эми, жок жерден мени күнөөлөп, бийликке кошамат айтып, чындыкка каршы чыккандардын тукуму жакшылык көрбөй, энелердин көз жашы, жетимдин ыйы, жесирдин муңу урсун! Мен кыргыз жигитке турмушка чыгып, кыргыз бала төрөп, кыргызга ЭНЕ болгум келет! Мейли 2-3-4-аял болуп тийсем да намыстуу кыргыз жигити болсо ошол менин бактым! Чындык-деген сөздө, адеп ахлак да, ыйман да, улуулук да катылган. Ошондуктан чындыктын көзүнө эч ким тике карай албайт! Биз чындыкты айта албасак Кыргызстанды менчиктеп ээлеп алган акча үчүн элин, жерин, мекенин, энесин саткан ач көз арам тамак эркектаналар аз күндө Кыргыз Элин да сатып жиберет!
А. Акаев менен К. Бакиевди жээрип кетирип, бүгүн андан жаман азаптуу турмушка кабылып отурабыз! Келгиле жалпы Кыргыз Эли мамлекетибиздин келечегине кайдигер карабайлы! Ар бирибиз мекенчил (патриот) болуп, Улутубузду сактап калалы! Кыргыз Элин Америка да, Россия да сактап калбайт. Аларга Кыргыз Элинин кереги жок! Кыргыз Элин-Кыргыз Эли өзү, Кыргыздын Энелери гана сактап кала алат! Ошондуктан энелерибизди сактайлы! Сатылбаган эмнебиз калды? Башка улуттарга эртеңки энебиз болгон кыздарыбыз, элибиз, жерибиз, кен-байлыктарыбыз, жарандыгыбыз, паспортторубуз четинен сатылып кетип жатат! Өз үйүбүздө түрктөргө, кытайларга, дагы башка улуттарга кул, күң болуп жүрөбүз. Кыргызстанды ээлеп алган саясий элита сөрөйлөргө акча эле болсо болду! Алар Кыргыз Элин да, жерин да акчага сатып жиберерин бир нече жолу иш жүзүндө далилдеди! Өткөн бийлик өкүлдөрү “Үзөңгү-Кууш” менен “Каркыраны” сатып жиберсе, азыркы бийлик “Баракты”, “Уңгар-Тоону” эли менен кошуп Өзбекстанга сатып ийип унчукпай отурат!
Төрөлгөндөн өлгөнгө чейин биз ушул ач-көз, акча үчүн энесин саткан абийирсиздерди багып келе жатабыз. Энелерибиз боюна бүткөн күндөн баштап, ичиндеги түйүлдүккө акча төлөп даарыланат! Андан кийин бала-бакча, мектеп, жогорку окуу жайларда, базарларда, мекеме-ишканаларда да ушул эле ач-көз, акча үчүн энесин саткан абийирсиздердин жакындары жетекчи болуп элдин канын соруп отурат! Өзүбүздүн жеке менчик үйлөрүбүзгө, мал-жаныбызга, дем алаган абадан башка баардык нерсеге салык төлөп келебиз. Ооруканаларда оорулулардын азап-кайгысынан да булар акча жасап жатышат! Булар мыйзамсыз иштеп жатса, биз карапайым эл Адахан Мадумаровго окшогон “куу чечендерди” ээрчип мыйзам чегинен чыкпай, буларга кул-күң болуп кордук менен күн кечиришибиз керекпи?
Дүнүйөсүнүн эсебин билбеген Аскар Салымбеков, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Тайырбек Сарпашев, Өмүрбек Бабанов, Чыныбай Турсунбеков, Асилбек Жээнбеков, Райим Матраимов, Сүйүн Өмүрзаков, Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Канат Исаев, Икрамжан Илмияновго окшогон миңдеген ач көздөр андай чексиз байлыкты кайдан, кантип жыйнады?! Алар Кыргыз Эли үчүн, улут үчүн эмне кылып берет?! Алардын байлыгынан мага жетимдин ыйы, жесирдин муңу угулуп жатат! Алар жеке менчик банктарынан элдерге үстөк пайыздык төлөмдөр менен карыз акча беришип, бүтүндөй Кыргыз Элин карызга батырышты! Пайыздык үстөк акчасы менен алардын менчик банктарынан алган карызын төлөй албай канча адамдар үй-жайынан ажырап, өз жанын кыйган учурлар да жок эмес. Көпчүлүк эл өмүр бою карыз менен жашап өтүп кетүүдө! Булар түзгөн мамлекеттик системаны түп орду менен жок кылбасак, Кыргыз Эли кулдуктан кутулбайбыз!
Аял-эркек-дебей, мени колдогон кыргыздын жалын жүрөк жаштары, акылга дыйкан аксакалдары, ак элечек энелери үн кошкула! Келгиле биригели! Журт башына татыктуу инсанды көтөрүп чыгалы. Кыргыз Эли кулдун тукуму эмес го! Чындык баарынан улуу. Биз чындыкты туу тутуп бириксек, анда бизге эч ким каршы чыга албайт! Биз бийлик үчүн эмес, улуттун келечеги үчүн биригебиз! “Эшекке килем жапсаң да, эшек эшек боюнча калат” – деп Улуу Кыргыз урпактарына насыйкат айтып кеткен. Бир топ “эшекке” 25 жыл килем жаап тулпар кыла албадык. “Баатырды мезгил жаратат”-деген. Элдин камын ойлогон Эр-Азаматтар барсыңарбы?! Дүйнө жүзү боюнча кор болгон кыргыз кыздары, өзүнөрдү-өзүңөр коргобосоңор, бүгүн силерди эч ким колдобойт! Ар бир кыргыз, кыргыз кызына өз апасына мамиле жасагандай мамиле жасаганда гана Кыргыз Эли оңолот! Инновациялык техника гүлдөп өнүккөн XXI кылымда бир идеянын айланасында ак ниеттүүлүк менен биригип, байланышып, улуу иштерди жүргүзө албасак, анда биздин эмнебиз улут?! Келгиле Кыргыздын Кыз-Сайкалдары, Жаңылмырзалары ЭНЕЛЕРди-Кыргыз Улутунун уңгусу болгон кыздарыбызды сактап калалы!!! Наамыска бек Кыргыздын Эр-Азаматтары болсо ынтымак менен биригип бизди колдоор…

Кыргыз Элиме Улуу урматым менен, Дариха Ишанова

37 comments

  • Кумарбек says:

    Кыргыз жигиттеринин өмүрү ушинтип өтүп жатат, көрмөксөнгө, байкамаксанга салып… Алар кайда? Кыргыз жигити кайда? Эптен бийликте энесин сатып… же туура эмес айттымбы? Ошондуктан ач калсак да, маданияттын – жан дүйнөнүн идеалогиясын жасашыбыз керек! Үн кошкула, эркек сөрөйлөр! “Урматтоом” менен АкДил.

    • Баатырбек-Эрзат says:

      Эн актуалдуу маселе! Кыздарыбызды ээн баш феминистка кылып ийдик. Лолунун эркегиндей жатып ичер эркектин албетте кызына созу отпойт. Менден алда канча кичине кыздар, келиндер замечание берип акыл уйротсон тууп койгон канчыктай чанкылдашат. Кээ бири унчукпай бара жатсан деле “жол бошотпойсунбу” деп оройлук кылышат. Бул жерде политиктердин да жана журтчулуктун да куноосу бар. Демократия деп эле аябагандай коп эркиндик берилип, феминизмге чон жол ачылып калды. Аялдар тен укуктуубуз деп эркектерге баш бербей каалагандай басып калды. Аялдарыбызды бекем кармайлы! Кавказдын кыздары эркектерге айрыкча жат эркектерге айкырбайт. Аялдары оздорун эркекке аялдай корсотушот. Эркектери аялдарына эркектей мамиле кылышат. Намыскойлук уйдон башталат.

  • Мирбек says:

    Баары кашайган чындык, менин да журогум ооруйт. Кыз тарбияласан улутту тарбиялайсын, уул тарбияласан эркекти тарбиялайсын деп айтышат. Бир кыз жалпы улутка тете. Кыздарыбызды сактоо менен улутубузду сактап калабыз. Ушул кайрылууну биздин чондор окушса жакшы болот эле.

  • Абу-Бакир-Сыддык says:

    Туура айтасын Дариха, жан куйдуруп, журокту орттой турган создорду жазыпсын.
    Бийликтегилердин жана байлардын оздору тойсо да коздору тойбой жатпайбы. Алар байлык жана бийлик учун “сатчу жерлеринин” баарын сатышат. Элдин алардан умуттору эчак эле узулгон. Эгерде система озгорбосо, денедеги жара шишип, ириндеп анан жарылгандай абалга келишибиз мумкун. Кыргызстанды азыркы мезгилде ички жана эл аралык чоон КОРРУПЦИЯ деген ажыдаар башкарып турат.
    Кыргызстанды бир гана Аллах сактап турат.

  • Адилет says:

    Дариха рахмат аябай туура маселе которуптурсуз.

  • Медер says:

    Булар мыйзамсыз иштеп жатса, биз карапайым эл Адахан Мадумаровго окшогон “куу чечендерди” ээрчип мыйзам чегинен чыкпай, буларга кул-күң болуп кордук менен күн кечиришибиз керекпи?
    Бул алдыдагы шайлоодо Мадумаровго каршы саясый оюндун башталышы эмеспи?Дариха сен которгон маселе эн туура.Бул маселе мени да ар-дайым эле туйшолтуп келет.Бирок энелерибизди,эже карындаштарыбызды бетине кармаган ото ыплас саясый оюндун курмандыгы болуп калба.

  • марксон says:

    создор намыска тийди! аракет кылабыз жаныбыз денебизден чыкканча! бирок улутчул жетекчи келмейинче бул корунуш озгорбойт….

  • Жалал-Абад кыргыздарынан says:

    Соз бар эмеспи
    Олко онукпой жатса ага анын ар бир жараны куноолуу!
    Эл озу манкурт боло баштады добушун сатат-ойлонсо болот эртен добуш саткан элди башкарат, аны башкарат.

  • Максатбек says:

    Койгойлуу масале Кыргыз эли учун аяабай коопту биригели бирикпей Кыргыз элинин , Кыргыз Энелердин , Кыргыз эже жана карындаштардын ый мунуна жана жок болушуна себепчи болуп калбайлы

  • ГУЛНУРА says:

    АЗАМАТСЫН БУЛ ЖЕРДЕ ЧЫНДЫК АЙТЫЛЫПТЫР БИЗДИН ЧОНДОР ОКУП ЧЫЧАЛАШБАСЫН АЧЫК АЙКЫН ЖАЗЫЛЫПТЫР БИРОК УШУНДАЙ НЕРСЕЛЕРДИ ОКУП БИЗДИН ДА КЫЗДАР ЭСТЕРИНЕ КЕЛИШСЕ ЖУМУШ ТАПСА БОЛОТ БИРОК КЭЭ БИР КЫЗДАР БАШКАСЫНЫН ЫРЫСЫНА КУСУП КЕТИП АТБАЙБЫ АНЫ КОРГОН ЭРКЕКТЕР БОЛО БЕРЕТ ДЕШИП БИЛГЕН НАМАЗЫН ОКУП ЖАТЫШАТ БИЗ АЯЛДАР ШАРИЯТТА БИР ТЕПКИЧ ЫЛДЫЙ ТУРАТ УККАМ БИРОК УКУК БИР АЗЫРКЫ ЗАМАНДА ОШОДУКТАН КЫЗДАР ОЙЛОНОЛУ КООМ ТАЗА ЭМЕС ОЗУБУЗДУН ЖУРУМ ТУРУМУБУЗДУ ОНДОЙЛУ ,ГУЛУК АТТЫ ДА БЭЭ ТУБАТ ОШОНДУКТАН КЫЗДАР СИЛЕР БОЛОЧОКТОГУ ЭНЕЛЕР ДЕП БЕКЕР АЙТЫЛБАГАН ,БУЛ ЖЕРДЕ БИР ЭЛЕ КЫЗДАРДЫ КУНООЛОГУМ КЕЛБЕЙТ БИЗДИН МАМЛЕКЕТТИН АЛСЫЗДЫГЫ БАШКЫ КОЧТУН НАРЛАРЫ НАЧАР БОЛУП АТБАЙБЫ ОШО ЧОН СОРОЙЛОРДУН КЫЗДАРЫ ОШЕНТИП ТЕНТИП ЖУМУШТУН АЙЫНАН ИШТЕП ЖУРГОНДО ОЗУЛОРУНУН ДА ЖУРОКТОРУ УШУНДАЙ ЫЙЛАЙТ БЕЛЕ АНЫ БИЛЕ АЛБАЙМ АЧ КАДЫРЫН ТОК БИЛБЕЙТ ДЕГЕНДЕЙ

  • максат says:

    Абдан туура, биз эркектер куноолуубуз! Кимдин апасы, карындашы, кызы, эжеси темселеп оокат издеп четте журсо ага биринчиден эркектер куноолуубуз! Намыс кайда эркектер!?
    Бирок Дариха, биздин кыз келиндер жетелесе корунгон эркек менен кете берген малбы? Денесин сатып оокат кылгыдай ачкадан олуп баратышабы? Кийим, дунуйо учун кмсинууго кррдолууга бпргыдай даана калба беле? Жок, баары бар! Бирок тыйчуу жерди тыйбай, кор оокаттын азабын айла жок шылтоо кылып озулору турк, орус, негр, Кавказ ж.б. айгырларга суйконуп жыргап атышпайбы!? Алардын минден бири зордукталган болсо 999 оз каалоосу менен ошого барышууда! Демек, куноо ну эркектер ден эле эмес ошол быйталдарыбыздан да издеп, аларды озунор аял заты тартипке чакырышынар керек!

  • Эсенгул says:

    Озоктон чыккан соз экен, уялганымдан Дарихага тийип алгым келди. Ау, кыргыздын эркектери барсынарбы?.. Ушундай созду укканча туулбай туна чоксокчу…

  • Гулнур says:

    Туура айтыптыр, көп нерсени, бирок, менимче, ар бир адам өзгөрүүнү ӨЗҮНӨН башташы керек. Эң эле оболу, шайлоого жоопкерчиликтүү катышып, добушун сатпай, тууганым эле деп тууганын колдобой, чынчыл, адилет талапкерди колдошубуз керек. Азыркы аткаминерлер кайдан чыкты? Мына биз добуш берген(т.а. добушубузду саткан) үчүн бийликте отурушат. Эл өзүн (ой жүгүртүүсүн, ишеничин) өзгөртмөйүнчө, кара жанын гана ойлоону токтотпосо, акыбалыбыз кандай болсо, ошондой кала берет

  • Орунбек Жаанбаев. says:

    Маселе туура көтөрүлгөн. Көйгөй жок эмес бар. Бирок бул кезектеги эле ураан болуп турат. Ошон үчүн Дарига конкреттүү сунуш айта албаптыр. Менин сунушум эгер кабыл алсаңао мындай.1. Ар бир Кыргыз шайлоодо добушун сатпашы керек. 2. Президенттик шайлоо алдында соц тармактарда Республикалык деңгээлде тигил же бул кандидат жөнүндө кеңири талкуу жүрүшү керек. Бирок уруулук бөлүнүүгө жол жок.3.Жалпы тандалган кандидатуралардын ичинен бирөөнү бүткүл Кыргызстан колдошу абзел. Эч кандай бөлүнүүгө жол берилбеши керек. 4. Бул иште ошол өздөрүн кор сезип жүргөн аялдар негизги кыймылдаткыч күч болуп берүүлөрү тийиш. Демек аял жолдоштордун негизги сунушун колдоп көрөлү да туугандар. Президент аялдардын ичинен болсо деле эң жакшы. Мисалы А. Салянованы көргөзүп аны колдойлу да. Балким Кыргызстанда коррупция түп тамырынан жоголуп, аял затын ыймандуу тартипке чакырып, Өлкөгө Энелик мээрими менен мамиле жасаар. Пикириңерди жазгыла.

  • Амир says:

    Дариха бул чындык ссср тарагандан бери биздин кыргызстанда элибиз туш тарапка тарап кетти жумуш издеп жумушсуздуктун айынан, алардын ордун толуктап башка улуттар кобойду, бул коркунуч чындыгында.

  • Бейшен says:

    Айтып, жарыялап чыкканынызга соз жок, чучукка жетти жана элибизге, жигиттерге да жетет. Акыркы мезгилдерде,жылдарда деп да айтсам жанылышпайм, Эмнеге дегенде? Жыл сайын биринчи кезекте сиз айткандай эже -карындаштарыбыз,элибиз да , озубуздун коомубуз да ж.б. алсырап жатат баардык жактан намыс жактан да, жоопкерчиликтен да, атуулдук милдеттинен, духовный жактан да дагы айтсан коп . Мен буга чейинки суйломдо “Духовный ” деп орусча жаздым. Эмнеге дегенде 1-2 муноттой ойлнуп кыргызчасын таба алган жокмун Булда биринчи кезекте менин куноом анан коомубуздун,элибиздин куноосу, анткени мага окшогон чала кыргыздар коп, жана кобойо баштады. Бул тилибизден кетип жаткан кемчилик, бул да чон маселе. Ал эми биз жигиттерге келсек баары бир укса укпагандай, корсо корбогондой кылып коюп журушот.Мекенчил, эли журту учун куйгондор такыр жок дебейм бар , а бирок алар аздык кылат. Айтсан соз коп, андан коро созду азайтып аракет кылалы, иш жузундо. Бир тууганыбыз айткандай толку жок журушкондор болсо Россияны жана башка чет олколорду таштайлы.ЖАна оз олкобуздо иш жузундо корсотолу ар бир кылган кадамыбызды,ишибизди. Эми Тушуно турган деле болдук го. “Бир коом озгорбойт ал коом ,эл, тактап айтканда кыргыз, сорой эркектер озгормойунчо”

  • Баатырбек-Эрзат says:

    Эн актуалдуу маселе! Кыздарыбызды ээн баш феминистка кылып ийдик. Лолунун эркегиндей жатып ичер эркектин албетте кызына созу отпойт. Менден алда канча кичине кыздар, келиндер замечание берип акыл уйротсон тууп койгон канчыктай чанкылдашат. Кээ бири унчукпай бара жатсан деле “жол бошотпойсунбу” деп оройлук кылышат. Бул жерде политиктердин да жана журтчулуктун да куноосу бар. Демократия деп эле аябагандай коп эркиндик берилип, феминизмге чон жол ачылып калды. Аялдар тен укуктуубуз деп эркектерге баш бербей каалагандай басып калды. Аялдарыбызды бекем кармайлы! Кавказдын кыздары эркектерге айрыкча жат эркектерге айкырбайт. Аялдары оздорун эркекке аялдай корсотушот. Эркектери аялдарына эркектей мамиле кылышат. Намыскойлук уйдон башталат.

  • Азамат Байматов says:

    Ото туура жазыптырсыз сизда менда жана башка мен Кыргызмын дегендин баары коруп билип келет бул ото чындык мен озумду куноолумун деп эсептейм биз алсыз намыссыз болуп турабыз байлыка бийлике баарын алмаштырган акмакчылык айбанчылык бугунку кундо оорчуп турат Чындык ачуу тийет мен сезип тушунуп билем биз куноолубуз келгиле жигиттер намысыбызга келели бир келген бул жалганда баарыбыз конокбуз баары калат артта байлык бийлик акча дунуйо баары калып кичинекей эки метр жерге жатабыз Кыргыз кыйынчылыкта бири бирин таштаган эмес жана Намыска бек турган Калын Кытайды тытиретип жашаган ата бабабыз биз бугунку кундо намысыбызды жоготтук мен куноолу сеземин бирок аракет кылам акылымдын жетишинче колумдан келишинче

  • Farida Beknazar says:

    Chetke kakchu maselelerden emes….ötö ökünüchtüü…artka kayrılıp …tarıhıbızdı baraktasak…Biz KIRGIZDAR kim elek….
    El namısı…Curt namısı…Ece Karındashtın Ayalzattın naamısın korgop kelgen..biyik tutkan…El elek…El bashkargan baatır er cürök Manas tan…Baatırdı baatır kılıp kütüp algan Kanıkey den tukumu ulanıp kelatkan kırgız…azırkı kündö kim bolduk.. Bir önököt taap aldık…emne bolso…Rossiya…anan Evropa birdemke kılıp eldi buzup catat dep…Akılı bashında…birimdigi bar…öz ulutun..öz cerin..öz elin sıylagan ..satpagan…pariot küchtüü eldi buzganga da daay albayt…Kırk chırpık..bir chırpık ..küch birdikte dep aytılgan comoktu barıbız ukkanbız…Alippeden okuganbız….birimdigin bolso , chetten kelgen cat biröö saga caman köz mnn da karay aşbayt…sındıralbayt…5 ce 6 cıl murda Kırgızıstanga ayılga barıp kaldım..negizi gazeta okubaym…kitep okuym birok . Oturgan cerimde mandayda gazeta turat. Chon tamga mnn tema” 300 kız mnn cattım arasınan ayalım kız chıktı ” dep . Opey…cindigo dedim koluma aldım..Kaysıl gazeta ele bilbeym…Cambıl Kamchıev intervyu beriptir …Shok boldum…Zakondu cakshı ele bilgen kishimin…Gazetanı sumkaga salıp koydum…Bishkeke keldim ..cakshı ele ukuk korgoo caktarda ishtegen taanısh eceler bar ele colugup ayttım..Mındaydı kimder cazat..kimder uruksat beret …KIRGIZ ayaldarının atın bulgagan ötö uyat tema…anan da eldin arasında cürgön taanılgan bir dödöy kanday mee mnn aytat mındaylardı dep. Ech kim ukpayt aytsan dele ..Bul cer Kırgızıstan go deshti. Chının aytsam katuu ardandım…Ansız dele kor bolup cügön Kırgız kızdarın …özübüzdün eldin ichinen biröölör ushintip shıldındap catsa…anan kim sıylayt….Kayta berdim…birok köptö unuttum..3- 4 cıl ötüp aradan Oshton taksige oturdum…Rahman Razakov bayke da choguu oturup kaldı…takside ayal erkekter bar…Estep kettim…kantse da choguu cürüshöt ko..Aytıp kaldım, bayke uyat emespi..attu bashtuu kishiler ..semyası kızı …ayalı…karındashı ..enesi cokpu ushul Kamchievdin dep. Al kishi da külüp kaldı. Koyo turchu azır chalıp surayın chındap Cambıl beken dep. Chaldı…diktafondu achıp koydu baarıbız ugup turabız…katkırıp külöt arı caktan Kamchıev…ooba intervyu bergem deyt…Rahman bayke urushasınbı me telefondu süylösh deyt…Cok dedim…adam emes eken…andaylar mnn süylöshkön dele paydası cok beti kurudun dedim…Koy degen kojon..bay degen bajen cok…kuturdu bizdin el …Emnege estedim munu…Törkünün sıylabasa degen söz bar…okünöt ekensin…chet cakta köp cüröbüz…kıynalgan kız kelinderdi körüp keyiysin…caman coldo baratkanın körsön ardanasın…Elinde körbögön sıy urmattı bashka curttan izdebe deyt…Dagı dele namıstuu…er cigitteribiz…uuldarıbız bar dep ishenem…kız kelinder buzulup ketti dep bir caktuu karabay…coldon karmap sababay…bul köygöylüü maselenin tüpkürün izdegen…Kırgız kızına..degi ele Ayal zatka caman köz mnn karaardan murda …üyünördö ece karındash, Ayalı..kızı..enesi da bir urgaachı ekenin unutpagan Kırgız atın…MANAS..SEMETEY..SEYTEKTİN kanın tashıgan cigitter, kelechektin ishengen Cigitteri ..uuldarı bar .. ALLAHIM silerdi koldosun..

  • Сабира says:

    кеп кыздардын бузулушунда же балдардын жалкоо болушунда, же окмоттун жаман болушунда эмес. кеп биздин коп суйлоп, еч нерсе кылбашыбызда. суйлонгонго, акыл айтканга, догурунганга, кооз маек курганга, жашыткан окуяларды айтканга кыйын биздин эл, а ишке келгенде унчукпай калат кобунчо. ошол создорду ойлоп тапканга жумшаган кучун ишке, кыймылга жумшаса ар бири, кобуроок натыйжа болмок.

    турмуш ушундай, ата энем ушундай, айылда торолдум, акча жок уй булодо торолдум, сулуу эмесмин, узун эмесмин, тил билбейм, тааныштарым жок, тиги таарынтты, бул чычалатты, окмот жаман деп издей берсе толтура себептер чыга берет.

    кылгысы келген киши, максаты бар киши, максатын коёт, аны жетишкенин элестет, уйуно суротун илет максатынын же чонтогуно салат дагы, кандай жолдор менен болбосун ага умтулат. а ыйлаактар суйлонуп, ар кимди куноолоп жата берет.
    канча кыргыз кыз билем, айылда чонойгон, уй саап, короо шыпырып, анан оз кучу менен шаарга университетке откон, кундуз окуп, кечинде иштеп эптеп бутургон окууну, анан чет олкого кеткен (бала багуучу болуп, же уй жуугуч болуп), иштей берген кундуз, кечинде окуган дагы. ошентип бара бара, башка жумуш тапкан. жумуштан которулгон, анан максатына жеткен. кийин оз жарын таап турмуш куруп кеткен.

    жашоо дайым озгорулуп турат, эн негизгиси максатын болсо, акыл эсин иштеп берет сага.

    канча балдарды билем. атасы депутат эмес, кучтуу эмес, билим деле алган эмес, бирок максаты бар, куйгон коздору бар. чет олкого туалет жуугуч болуп иштеп кеткен, тил билбей башында жудогон, бирок намыстанып тил уйронот, иштеген жеринин системасын уйронот, акылдуу адамдар менен дос болот. анан бара бара жетекчиси жактырып, жумуштан которуп баштайт.
    бугун ал балдардын оз машинеси, оз фирмалары бар. анткени алардын максаты бар. алар бугун жумушсуз калса дагы, бара бара башка бир иш таап кетет, ар кандай оор жерден чыгып кетет. анткени алар ар кимди куноолоп , догурунуп, ыйлап отургандын ордуна, аракет кылат, бул жерди тырмалайт, болбосо башка жагына барат. бир адам менен тил табышканга аракеттенет, болбосо башкасына барат. оздорун акылдуу адамдар менен тегеректейт. мына намыс кандай болуш керек, намыс деген максатыма жетпей калсам уят болом да озумо деп коркуу. намыс деген сенден акылдуурак болгондордон уйронуу, баш ийип иштоо, керек болсо. намыс деген жакпай калса эшикти тееп кетип калуу эмес. ал жиндилик, мээси жоктук.

    ал балдардын кээ бири кыргыз кыздарына уйлонгон, кээ бири башка улуттарга уйлонгон. бул алардын оз чечими, оз каалосу. жакшы тамак жасаган, сулуу башка улуттун кызы турса, суйсо, жанында мырыйган, эштеке билбеген бирок кыргыз турса, элибизди сактайлы деп кыргыз кызын алыш керекпи?

    же кыздар? жакшынакай, ичпеген ,урматтаган бала турса, суйсо, эмнеге ага турмушка чыга албайт? улутчулуктан мурун, биринчи адам болбойлубу ар бирибиз. кыздар максатына акылы, сармажалдуулугу, чыдамкайлыгы менен жетсин (тошок эмес), балдар максатына кучу, чечимдуулугу, тактыгы менен жетсин. биринчи адам катары ар бирибиз ордубузду тапсак, уй булоо курганга да даяр болобуз. уй булоо бекемиреек болот. туура бы ? келгиле суйлонгондун ордуна иштеп коробуз, мээбизди кошуп кээде.

  • Аксуубай says:

    Чындык

  • Кыргыз жигит says:

    Чыркыраган чындык!!! Менин оюмдагыларды жазыпсын!

  • Курсан says:

    Ең еле туура жүрөктү ооруткан масале бирок элибизде түшүнбөстүк көп болуп жатат…оюнузга толлук кошулам…

  • Жыргал Молдоакматова says:

    Акча таап ата-энелерин, бир туугандарын багабыз деп чет олкого кетишип, канча энелер чырактай уул кыздарынан ажырап кашайып отуруша/

  • Ainur says:

    Саламатсызбы урматтуу Дариха! Ар бир созунуз жетип турат, кыйкырып ыйлап турат. Биз бириксек оз кучумду аябайт элем. Бул кайрылуунуз журоктун тупкуруно жетти, уялып дагы, жиним келип дагы. Мен чын дилимден ишенип кетем, ишенгим келет Сизге окшогон таза адамдар бар экенине, мен калайт элем – бул дагы бир ажыдаардын жолун тазалап которуу болбосо экен. Убакыт келди, эл озуно озу, аял киши озуно озу бекем туруп, таза иштеп, “хронический” ооруларыбызды таштап, тундук-туштук болуп болуно бербей, биз болуно албайбыз себеби аябай эле азбыз. Бирок кыргызмын деген Улуу созду улуу улуттун энелерин сактоо – эн негизги. Балким чон суйлоп жатат деп жаман кабыл алышса да: Азыр болбосо – качан? Мен болбосом – Ким???

  • Осмон says:

    Мен даярмын! Келгиле биригели!

  • Ботокоз says:

    Дариха, чындыкты чыркырап айканыныз, куйгонунуз корунуп турат. Бут баары туура, жанагы элди алдаган, элдин тагдыры менен ойногон “башчы”соройлорду туура таап айттыныз. Баардыгы туура, балык башынан болуп жатпайбы. Жерин саткан эл душмандары кайра эле кой терисин жамынып арабызда журушот тилекке каршы. Байкуш карапайым эл алдаган жагына кошулуп басып журушот, добушубузду сатабыз. Ушул биздин шорубуз азыркы. Бирок жаркын келечектен умутумду узгум келбейт. Келе жаткан жаштардан умутум чон. Сасык саясатчылардын жолу менен кетпей билим менен жаны коз караш менен караган жаштар келсе экен ылайым. Намыс албетте баарынан улук, озгочо жеке эмес улуттун намысы! Анткени менин да балдарым ушул олкодо калат жана жашайт. Мен да жакшы жашоодо, башымды бийик которуп улутум менен олком менен сыймыктанып жашагым келет. Андыктан биригели! Дариханын чакырыгын колдойлу! Коп тукурсо кол болт туугандар!!!

  • Кумарбек Калбаев says:

    Эмии….бул ачуу чындык туугандар!
    Учурда убактылуу жашоого, кумарга же, акчага азгырылып, туура эмес жолдо жургон кыздарыбыз четтен саналат. Алардын колоколору жакшы жургон кыздарга да, тушуудо. Чет жакка бири бирин коруп, сонуркап эле, кетип атышат. Иштегиси келген аялзатына озубуздо Бишкекте жумуш толтура. Эмне коп?- тигуу цехи коп. Ар бир кочого кирсен: тигуучу алам деген жарыяны коросун. Жумасына маяна алышат. Анысы 10 мин сомдон кем эмес. Иштермандары 20 Минден. Айына орто эсеп менен 40-50 миндин тегерегинде айлык. Эсинердеби: Москвада орт кырсыгынан каза болгон кыздар. ( басмаканадан) Раматылыктар 16 мин рубльдан алчу экен айына.( 2/2 иштечу экен). Ошол жерде бир кызыбыз чыркырап орусча томонкудой боздогон тасма тараган. “- если бы, у нас в стране было все нормально, мы бы, сюда не приехали”- деген. Зээним кейип, Али кунго кулагымда. Бут дуйно укту, КР ачка эле калыптыр деп, жыйынтык чыгарышса керек. Ай 16 минди кыздар, Бишкекте бир эле жумада таап атышпайбы! (Ишенбесенер мага келгиле мен таап берем жумуш, заматта). Аял киши Бишкекте жумуш жок, деп айтуу бул, чындык менен дал келбейт деп ойлойм. Озунун жеринде, уйундо, бала-чакасы, тууган- туушкандардын кашында, полиция, ФМС тен коркуп калтырап, кармап алса акча бербейт, 20-30 киши бир батирде жашабайт, ботон элдин ажааткасын, дуконун, уйун, идиш- аягын жууп-тазалабайт, кемсинтилинуу, скинхед деген маселелер жок.
    Башка улуттагы эркектер м ойноп кеткен кыз- келиндер бойунча:-
    Эркектер бизде да бар албетте: -балким биз чындыгында аялзаттарыбыздын талаптарын толук канааттандыра албай жаткандырбыз. Бирок бул шылтоо эмес. Оба, аялдарыбыз убактылуу жашоого, кумарга же арам акчага азгырылып атышат. Бул нерсе: -ар бир аялзатынын ан сезими, баалуулук денгээли, моралдык ж социалдык жоопкерчиликтеринин томондугундо деп ойлойм. Анан калса, ошолор, айланып келип, кайра эле кыргыз жигити м турмуш курууга туура келерин ар дайым унутпай журуу зарыл.
    Бийлик бойунча:- бизде начар, сапатсыз, алсыл бийлик боло берет, качанга чейин? :1)- качан эл акчага добушун сатпай чын, акыйкаттуу шайлоо болмойун!
    2) качан орус бийлигинен толук, коз каранды болмойун.

  • Асан says:

    Бул макала Азаттыкка да жарыяланышы керек деген ойдомун. Азаттыктын окурмандары кандай пикир жазаар болушуту экен…

  • Асаналиевна says:

    Туура маселе которулуптур, Кыргыздын эркектери акырындык менен оз милдеттерин аялдарга откоруп берип койгондой ой калтырат,

  • алтынай says:

    Текебаевдин кайсы чексиз байлыгын кордунор??? Жалгыз уурдабай, алдым, жуттум болбогону учун тюрмого твгып салышпадыбы! Саткындарга каршы чыккан учун жабыркап келуудого!!! Ооба Бакиевке каршы болгон. ( балким ошонун жакточусу болуп журосуз). Ушул эле жерден билинип калды!!!

  • Кооз суйлой беребиз бирок кур создон эч нерсе озгорбойт.«Ит уро берет,кербен журо берет»-дегендей эле кеп кайгырымыш болуп коебуз озубуз кошо кордойбуз,дегеним адам дин менен жашаса (айырмасы жок аялбы эркекпи)гана бактылуу боло алат,ар бир адам Аллах суббаханаку тъааланын
    Мыйзаммдары менен жашаса

  • Берен says:

    Ооба бул окунучтуу абалдарга биз эркектер куноолубуз. Бирок ошол эркектерди энелер торогон,энелер тарбиялаган. Ата деген уй-булону багуу учун ырыскы издеп кочодо, жумушта болот. А эне деген уйдо бала карап тарбиялайт. Алланын астындагы уй-булолук милдеттери ушундай.Жакшы аялдын балдары да жакшы болот. Кудайдан корккон эркек намыстуу болот. Аял затын кор кылбайт.Ыймандуу аял ач калса да намысын сатпайт..

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *