Дарика Асылбекова, “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси: “Адамдардын кайгысына баткан заманга дуушар болдук”

25-ноябрдан 10-декабрга чейин зордук-зомбулукка каршы 16 күндук жарыяланып, ар кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан кез. Миңдеген зордук-зомбулукка кабылган түркүн тагдырлар кайрылган «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова эже төмөндөгүлөргө токтолду.

«Ар бир экинчи үй-бүлө зордук-зомбулукка кабылары чындык»

– 18 жылдык тажрыйбамдан улам айтсам, психологиялык жактан жабыркоолор акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй күч алды. Адамдарды адамдар кыйнаган, билгизбей кыйнаган заманга дуушар болдук. Колунда бары дагы, жогу дагы ички дүйнөсү жабыркап, жанын коёрго жер таппай жандүйнөсү жанчылып, ошол учурларда бизге кайрылгандар аябай көп. Өзүмдүн иш тажрыйбамдан улам «социалдык абалы оор адамдар гана жабыркайт» деген сөздөн алысмын. Турмуш шарты оор, социалдык абалы начар, жетишпеген жашоодо жашаган, бала-чакасы көп, ички-тышкы миграцияда жүргөндөр ар түрдүү учурларга, тоскоолдуктарга көп дуушар болуп калып жатышат.

«Байлар да ыйлашат, зомбулук көрүшөт»

– Баардык эле бардар үй-бүлөдө балдары начар чыгып калып жатат. Өтө бай үй-бүлөлөрдүн балдары кичинесинен камкордукка алынып, жок эмне экенин билбей чоңоюп, аларда бир иш кылайын деген кызыкчылык жок болот. Алар бирдей жолдорду басышат. Чегишет, ичишет, кыздар менен жүрүшөт. Айрым бай үй-бүлөлөрдүн баласы жок болуп калат. Же бир кырсыктарга учурап калышат. Баласы майып төрөлүп калат. Алардын ата-энеси, жакындарынын жандүйнөсү жабыркаганда бизге кайрылышат. Балдары тилин албайт. Бир күнү бирине, эртеси дагы башкага үйлөнүшөт. Ар кандай ооруларга дуушар болуп калышат. Ыйлашат. Ошондой учурда сөзсүз түрдө эркек менен аялдын ортосунда да келишпөөчүлүктөр орун алат. Себеби, «буга сен күнөөлүүсүң» деп бирин-бири күнөөлөшөт. Акырында бири үйдөн чыгып кетет. Аларга биз психологиялык кеңештерди беребиз. Реабилитациядан өткөрөбүз.

«Турмөден чыккан айымдар да кайрылышат»

– Абакта жатып же абактан жаңы эле чыгып кайрыла беришпейт. Абактан чыккандан кийин беш-алты жылдан соң кайрылып, психологиялык жактан жардам сурашат. Ал учурда жашоодон ордуларын таппай калышат. Үмүт кылып жашай турган, ишене турган очоктору жок болуп калат. Жакшы көргөн адамдарынан айрылып калат, жумушсуз калышат. Керек болсо жашай турган түнөгү, үйү да жок болуп калып, айласыз жардам сурап кайрылышат.

«Он жылдан кийинки турмушту ойлоо өзү коркунучтуу»

– Аябай аянычтуу. Үй-бүлөдөгү баардык баалуулуктар жоголуп, жаштар жеңил жашоого ыктап бара жатышканы өкүндүрөт. Айрыкча 1990-жылдардан бери үй-бүлө баалуулуктарын жоготуп алдык. 1990-жылдан кийин төрөлгөн жаштардын турмушка, үй-бүлөгө болгон көз карашгары такыр башка. Чыдамдуу келин болуп, кайненеге кызмат кылайын деген кыздар жок. Үй-бүлө жүгүн көтөрүп багайын деген уулдар жок. Мурда ажырашуу өтө сейрек болгон. Азыркы учурда 3-4 баласы менен ажырашып, бизге кайрылгандар абдан көп. Ар бир үй-бүлө, түркүн тагдырлар бизге кайрылган сайын ойлончу болдук. Ушундай абал менен кете берсек кайда барып токтойбуз? Социалдык жетимдер көбөйдү. Коомго такыр пайда алып келбей турган жаштарды өстүрүп жатабыз. Он жылдан кийинки турмушту ойлоо өзү коркунучтуу.

Мен биздин «Ак жүрөк» кризистик борборунун маалыматына таянып айтып жатам. Күндө келген тагдырлар аркылуу айтып жатам. Ар ким өз үй-бүлөсүнөн, балдарынан тарбияны башташ керек. Ар бир үй-бүлөдөн тарбия башталып, анан коом оңолот. Зордук-зомбулук азаят.

Автор: Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *