Дастан Бекешев: Камактагы Исаковго, Кулматовго, Артыкбаевге жолугуп, китеп таратып чыктым

-Дастан Далабаевич, сиз абакта отурган партиялашыңыз Сапар Исаковго жолугуп келген турбайсызбы? Экс-премьердин абалы кандай экен?

– Ал эми курортко барган жок да. Албетте, шарты анчалык жакшы эмес. Кээде депрессия болот. Мен аларга китептерди бердим. Кубанычбек Кулматовго, Осмонбек Артыкбаевге дагы…

– Алар менен да жолуктуңузбу?

– Ооба, ооба. Себеби, бирөөсү менен жолугуп, башкалары менен жолукпай кетмек белем. Канат Исаевге да кирем дегем. Бирок, аны сотко алып кетишкен экен.

– «Шарты анчалык жакшы эмес» деп атпайсызбы. Ал жерде жаткандардын баарынын шарты бирдей да?

– Ооба, жалпы ошондой. Негизи мыйзам боюнча тергөө абагында отургандарга жок дегенде окуганга бирдеме берип, радио укканга шарт түзүү керек.

– Алардын окуганга мүмкүнчүлүгү жок бекен?

– Менимче, китептер берилет. Бирок, эски китептер да.

– Сапар Исаков эч нерсеге даттанган жокпу?

-Жок.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *