Дастан Бекешев, ЖК депутаты: “Кыргызстанга 4 вице-премьер-министрдин кереги барбы?”

“Бизге, Кыргызстанга 4 вице-премьер-министрдин кереги барбы? Балким башка өлкөлөрдөгүдөй кылып 1 эле киши министрдин да, вице-премьердин да милдетин кошо аткара тургандай кылсакчы?”, – деп сурады бүгүн, 10-январда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда 1-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевден дагы бир вице-премьерлик кызматка сунушталып жаткан Санжар Муканбетовдун талапкерлигин талкуулоо учурунда.

“Мен да алгач ошентип ойлоп жаткам, балким көптүр деп, бирок ойлосом 4-вице керек экен. Анткени жумуш аябай көп”, – деп жооп берди премьер-министр Сапар Исаковдун ордуна Муканбетовду колдоп жаткан Аскарбек Шадиев.

“Мурун 2-3 вице-премьер эле болгон учурда кантип жашап жүрдүк эле? Башка мамлекеттер 4 вице-премьерсиз эле кантип жашап жатышат? Биздин вице-премьерлердин болгон жумушу – бул тапшырма бермей эле да. Мисалы, биз депутаттар вице-премьерге кат жазабыз. Ал биздин катты алат да министерствого жөнөтөт, алар вице-премьерге жооп жазып кат жөнөтүшөт, вице-премьер ал катты бизге жөнөтөт. Болгону ушул. Бирөөнү кызматтан бошото албайт, бирөөгө сөгүш бере албайт. Бирок вице-премьердин шоопуру жана жардамчысы бар. Башка өлкөлөрдө министр өзүнүн тармагы боюнча вице-премьердин да милдетин аткара турган практика бар. Мисалы экономикалык блок боюнча вице-премьер Экономика министринин да кызматын кошо аткарат. Азыр биздин вице-премьерлердин болгону координациялык гана ыйгарым укуктары бар”, – деди Дастан Бекешев.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *