Ун саткандан өйдө көтөрүлө албаган Чыныбай Турсунбеков «Сооронбай Жээнбековго караганда менин деңгээлим жогору» деп дердеңдеп жатыптыр

Чыныбай Турсунбеков да президенттикке талапкер болом деп дердеңдеп жаткан кербези. «Сооронбайга караганда менин деңгээлим жогору» – деп өзүнчө эле чапчынып жатыптыр. Кудая тобоо, ун саткандан өйдө көтөрүлө албаган Чыныбай Кыргызстанга кандай иш кылат ыя? Деңгээл дегенден эч нерсе жок экен да мында. Анын минтип опурулуп президент болом дегенине Алмазбек Атамбаев «партиядан чыгып кетип, президенттикке аттана бер» – деп эшикти көрсөтүп койгон экен. Эми эси кетип, айласы алты жеринен куруп жатыптыр. Чын эле Чыныбайдын деңгээли Сооронбайдыкынан жогорубу?

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

  • Ала-Тоо says:

    Чыныбай Турсунбеков учурда Президент болууга умтулган жок, ал СДПКдан качуунун аракетин көрүп жаткандай. Чыныбай аксакал Президенттик жарыштын аягына чейин барбайт, Бабанов же башка бирөөнүн колтугуна кирүү аракетин көрүп жаткандай.

    Президент экөөбүздүн оюбуз бирдей, мен Президенттин саясатын колдоймун- деп жүрүп учуру келгенде өзүнүн анык жүзүн көрсөтүп жатат. Мына учурдагы саясий элитанын анык жүзү!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *