Депутат А.Дүйшалиев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына кирет

Бүгүн, 13-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдыбек Дүйшалиевди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизүү тууралуу комитеттин чечиминин долбоору каралды.

“Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары Умбеталы Кыдыралиев аталган маселе боюнча фракциянын тиешелүү чечими бар экенин маалымдады.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш депутаты Абдыбек Дүйшалиевди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизүү тууралуу комитеттин чечими кабыл алынды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *