Депутат А.Жээнбеков: “Эсептөө палатасынын иштөө принцибин өзгөртүү керек”

Бүгүн, 26-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө КР Эсептөө палатасынын отчету угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

КР Эсептөө палатасынын аудитору Ишенбек Медетов 2015-жылга республикалык бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүүдө республикалык бюджеттин аткарылыша, мамлекеттик карызды башкарууга, капиталдык салымдар беренеси менен каралган каражаттардын натыйжалуулугуна, эмгек акы төлөө фондунун түзүлүшү боюнча аны колдонууга, “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышына, Мамлекеттик инвестиция жана техникалык жардам программасына жүргүзүлгөн аудит боюнча маалымат берди. Аудитор 2015-жылдын бюджетин пландоодо Каржы министрлиги башка министрликтер менен начар иш алпаргандыгын белгиледи.

Талкууда депутат Асылбек Жээнбеков республикалык бюджетти аткарууда бир топ мыйзам бузуулар аныкталаарын, бирок эч ким жоопкерчиликке тартылбай келе жаткандыгын айтып, бюджетти аткарууда мыйзам бузуу болбошу үчүн бир катар сунуш-пикирлери менен бөлүштү. “Эсептөө палатасынын иштөө принцибин өзгөртүү керек”,- деген депутат аудит жүргүзүүнүн заманбап усулуна өтүү зарылдыгын ортого салды. А.Жээнбековдун пикиринде, бир катар өнүккөн чет өлкөлөрдөгүдөй, Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын көбөйтүп, республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшүнө дагы көзөмөл жүргүзүү абзел.

Комитет мүчөлөрү тарабынан мыйзам бузуулар боюнча канча иш сотко өткөрүлгөндүгү, буга эч ким жоопкерчиликке тартылбай келе жаткандыгы, айрым социалдык тармактарга каржылоо жетпей жатса, айрым министрликтерде ашыкча каржылоо болгондугу сындуу бир катар маселелер көтөрүлүп, сунуш- пикирлер айтылды.

Жыйынтыгында 2015-жылга республикалык бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына КР Эсептөө палатасынын жүргүзгөн аудитин толуктап, сын-пикирлер жана алардын аткарылышы боюнча таблица түрүндө маалымат алып келүү тапшырылып, негизинен отчетту жактыруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *