Депутат Аида Исмаилова кенешчисине байланышкан түрдүү суроолорго жооп узатса

Депутат Аида Исмаилова медицина тармагына сын айтып, бул тармакка күйгөндөй көрүнгөн. Анан эле дары-дармек департаментинин фармакология комитетинде иштеп жүргөн учурунда чуулгандуу «ФС-1» препараты боюнча шектүү суроолорду ээрчите жүргөн Тулбара Кулушеваны кеңешч кылып алгандыгы кандай? Эсиңерде болсо, аталган дары кургак учук менен ооруган адамдарга колдонулуп, жыйынтыгы адам өлүмү менен аяктабады беле? Адеп прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгондугу менен «жабылуу аяк жабылуу бойдон» калдыбы? Кызыгы, Кулушева фармакологиялык комитетте иштеп турганда «Тонгкат Али» аттуу биокошулманы дары катары каттатып, мындан мамлекетке салык түшпөй, казынага зьшн келгени ашкереленеби? Финполиция атайын текшерүү жүргүзүп, бул боюнча мыйзам бузуу фактыларын аныктап, кылмыш ишин козгогону жалганбы? Мындай шартга Кулушева эл өкүлү Аида Исмаиловага кецешчи болуп, медицина жаатынан эксперт болуп акыл үйрөткөнү кандай? Мо-ралдык жагын ойлонбойбу? «Тонгкат Али» биокошулмасын дары катары каттатууга эмне себеп болгон? Же Кулушева биокошулманы алып келген фирмалар менен жекече тил табышып алганбы? Укук коргоо органдары муну тыкыр иликтеп, мамлекет канча чыгаша тарткандыгын санап чыгышы зарыл. Болбосо биокошулма дары катары катталып калган соң, салыктан бошоп кетет. Эл өкүлү Аида Исмаилова акыркы учурда дары-дармек боюнча коп маселелерди алып чыгууда. Валким кеңеш-чисинин кыймыл-аракеттерин жаап-жашыруу үчүн элдин көңүлүн башка жакка буруп жатабы? Коопсуздук кецеши бул маселеге кылдат мамиле кылбаса болбойт го. Азырынча Аида айымга жогорудагыдай суроолорубузду жолдой туралы. Жооп узатканга жараса, анысын да тыңдап көрөрбүз.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *