Депутат Алтынбек Сулайманов экс-премьер Темир Сариевдин калпын чыгарып, жарга такады

“Темир Аргенбаевич, сиз Бишкек ТЭЦин модернизациялоо учурунда Экономика министри, Премьер-министр болуп толук катыштыңыз. Эмне үчүн 386 миллион долларды Кытайдан карызга алганыңарда 2% үстөк өтө көп деп айтып чыккан жоксуз? Анткени башка дүйнөлүк донорлор мындай кредиттерди 0,75% менен эле берип жатпайбы? Биз деле 0,75% менен алып жүрбөйбүзбү?” , – деп сурады депутат Алтынбек Сулайманов экс-премьер Темир Сариевден 16-май күнү, парламентте Бишкек ТЭЦиндеги аварияны иликтөө боюнча комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда.

“Биз Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үчүн көп эл аралык донордук уюмдарга кайрылганбыз. Бирок Кытайдын Эксимбанкынан башка эч ким бизге акча бербей койгон”, – деп күңкүлдөдү Темир Сариев.

“Анда айтыңызчы конкретно, кана кайсы эл аралык донор уюмдар менен сүйлөшүү жүргүздүңөр эле? Ким же кайсы банк Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 0,75% үстөк менен каражат берүүдөн баш тартты эле? Ошол жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн протоколу барбы? Мына деп көрсөтө турган документиңер барбы? Бирөөсүнүн эле атын атаңызчы?- деп Сулайманов Сариевди жарга такады. Сариев Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 0,75% менен үстөк берүүдөн баш тарткан бир да донордук эл аралык уюмдун атын атай алган жок. Адатынча сөздүн нугун башка жакка бурууга аракет кылып, Дүйнөлүк жана башка банктардын бизге жыл сайын 30-50 млн доллар акча берип турарын айтып күңк-мыңк этип кутулду.

“Силердин, бул жерде олтурган 3 экс-премьердин эч кимден карызыңар жок, үстүңөр бүтүн, ал эми алып жаткан карыздарды элдин мойнуна илип жатасыңар, силер төлөбөйсүңөр, эл төлөйт. Ошондуктан карыз берет десе эле аны арзандатпай 2%дан деле ала бергенсиңер. Ушул Бишкек ТЭЦин ушунча акчага, ушундай үстөк алып модернизациялоонун экономикалык эффективдүүлүгү болобу деген ой силерди ойлонткон эмес. Эми бул карыздын экономикалык кайтарымы болбойт….”, -деп кесе айтты депутат Сулайманов экс-премьерлер Темир Сариевге, Жантөрө Сатыбалдиевге жана Сапар Исаковдорго карап.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *