Депутат Бакыт Төрөбаев: “Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жыл да эрте”

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жыл да эрте болорун билдирди.

«Биз Конституцияны өзгөртүүдөн мурда «жөлөк пул, пенсия алуучулар жашоого жетиштүү жардам алып жатабы?» деген суроолорго кайрылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө балдардын 600 миңи бала бакчаларга бара алышпай жатат. Баш мыйзамды өзгөртүүнүн ордуна экономиканы көтөрүп, саясий маданиятуулукту өзгөртпөйлүбү? 2020-жылы деле Баш мыйзамды өзгөртүүгө убакыт эрте, ага 2025-жылы деле кайрылсак болот. Аны эл колдогондон кийин гана кабыл алыш керек. 2025-жылга чейин толук түрдө парламенттик өлкөгө айланабыз. Ал үчүн элдин үнү да маанилүү. Өлкөнүн келечегин терең ойлонуп, кадамдарга барышыбыз керек», — деди депутат Б. Төрөбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 80 жылдыгына арналган жыйында Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жылы кайрылуу болорун айткан.

1 ой-пикир

  • “Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жыл да эрте болорун билдирди”. Эмне үчүн эрте???
    ЭЛ үчүн керек болсо Эртең деле кеч болот.
    «Жөлөк пул, пенсия алуучуларга жашоого жетиштүү жардам берүүгө» ЖАҢЫ конституция эч бир жолтоо болбойтко. Союз убагындагы Бала бакчаларды силерге окшогон байлар Прихватизация кылып алыштыго, КАЙТАРГЫЛА аларды. Баш мыйзамды өзгөртүү экономиканы көтөргөнгө, саясий маданиятуулукту көтөргөнгө эч бир зыяны тийбейтко, кайра жардам берет-БИЗ конститутцияны БАТЫШТАН көчүрүп албай Элдин кызыкчылыгына, Кыргыздардын менталитетине туура келгендей жазалы.
    Ар кандай Тойлорду ӨТКӨРГӨНГӨ тыйуу салгыла, “ӨЛӨ АЛБАЙ ЖАТЫП ӨЛӨҢ АЙТКАН” болбой-МАКТАНЫП!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *