Депутат Кенжебек Бокоев былтыр 3,2 миллион сом киреше тапкан

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев былтыр 3,2 миллион сом киреше тапкан. Бул тууралуу анын Салык кызматына тапшырган декларациясында жарыяланды.

Маалым болгондой, Бокоевдин айыл чарба багындагы 16 жер тилкеси, 500 миң сомго бааланган жылкылары жана төрт миллион сомдук майда жандыктары бар. 

Ал эми эл өкүлүнүн жакын туугандарынын кирешеси 27,5 миллион сомго жеткен. Алар аянты 123 чарчы метрлик үйгө жана өндүрүштүк объектиге ээлик кылышат. Мындан сырткары Трактор, КамАЗ, жана Lexus LX470 унаасы бар экендиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле 15 миллион сомдук бодо мал жана 3,9 миллион сомго жеткен майда жандыктары, баасы 1,2 миллион сомго жеткен жылкылары бар экендиги айтылган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *