Депутат Кубанычбек Жумалиевди милициялар эмнеге тоноду?

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын атайын кызматтары жана күч органдары бийликке моюн толгогон ар бир жарандын артынан түшүп, тыңшап, алтургай жашыруун видеокамералар менен тартып тоталдуу аңдууларга өтүштү. Эгер ал аңдуулардан “олжолуу” болушуп, аңдыган объектисин каралоочу материал таап алышса аны бийликке лоялдуу кылуу үчүн пайдаланып жатышкандыгы айтылууда. Бул карамандай мыйзамсыз экенин азыр эч ким да айтпай, кадыресе көрүнүшкө айланды. Эгер андай “тузакка” илинген адам бийликтин сөзүн укпай койсо ал видеотасманы белгисиз адамдардын атынан социалдык түйүндөргө таркатабыз деп коркутушат экен.

Ошондой “тузакка”  быйыл “Элдик парламентти” колдой коюп, бийликтин “кара тизмесине” илинген бизнесмен депутат, экс-премьер Кубанычбек Жумалиев бейформал эс алуусу учурунда түшүп калыптыр. Ал видеотасманы элге таратып жиберебиз деп коркутушкан аңдыгычтар эбегейсиз чоң акчага жыгышыптыр.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *