Депутат Р.Момбековдуку 120 (!) пайыз туура

«Гражданская защита» деп аталган мыйзамдын «Жарандык коргонуу» деп кыргызчаланышынан улам Жогорку Кеңеште да чукул абал жаралып, Терминкомго кайрылган экен. Терминком оозеки талкуу өткөрүп, пикирлер эки ажырым болуп калды.

Бишкектин отканасы жарылып, Ош базары өрттөнүп, Боронов бороон-чапкын менен күрөшүп жаткан тушта парламентте ызы-чууну чыгара да, баса да билген эң активдүү депутат Рыскелди Момбековдун кесиптештеринин көпчүлүгү “коргоо” менен “коргонуунун” айырмасын, маани-маңызын ажырата албастыр, бирок Терминкомдогу адистердин тетири кеткени мени кейитти. Кыраакы жана кыйкымчыл депутат туптуура байкагандай, мыйзамдын кыргызчасы “Жарандык коргоо”болуш керек деп эсептейм. Мыйзамдын маңызы ошондой. Аскерлешкен мамлекеттик мекеме жарандарды айттырбай келген кырсыктан коргойт. Жарандар өз алдынча коргоно алса, андай мекеменин зарылчылыгы болмок эмес. Бул бир. Экинчиден, академик Константин Юдахинден тарта, генерал Ашырбек Бакаев менен профессор Аттокур Жапанов түзгөн сөздүктөрдүн бардыгында “защита” деген сөз “коргоо” болуп туура которулуптур.

“Гражданский кодекс”, “Уголовный кодекс” деген терминдерди генерал-депутаттар Байболов, Мукамбаевдер менен соттошуп жүрүп “Жарандык кодекс”, “Жазык кодекси” деп кыргызчалаткан, башка ондогон терминдердин кыргызча түгөйүн таап жүгүртүүгө киргизген, 45 жылдан бери котормочулукту кесип туткан Юдахинчи, Карасаев-Бектеновчу катары өз пикиримди каалаган деңгээлде далилдеп берүүгө даярмын.

Эң кейиштүүсү, Совет доору соолугандан берки соңку чейрек кылымда котормо, терминдештирүү иши жалпы жашоо-турмушубуздай эле чоң капсалаңга кабылды. Мурда мамлекеттик мааниси бар коомдук-саясий котормону чакан топту баш коштурган бир эле расмий мекеме (ТАСС-КыргызТАГ) жөндөй турган. Бүгүн бул ишти ондогон мекемелер, борборлор, жүздөгөн котормочулар колго алып, алардын саны арбыганы менен, мамлекеттик казынанын канын соргону менен сапаты төмөндөгөндөн-төмөндөп баратат.

Өткөн жылы Кыргызстандын Баш мыйзамын оңдоп-түзөтүүнүн себептеринин бири – анын котормосундагы жайнаган каталарга байланыштуу экендигин экс-президент А.Атамбаев каңыры түтөп, катуу кайгыруу менен айткан эле.

Айнып кеткен учурларды аныктап, ага жоопкерчилик болмоюн эч бир тармак оңолбойт. Жанагы жетекчилерди жемеге калтырып, калкты калтыратып тоңдурган ТЕЦтеги чырдын же базардан чыккан өрттүн күнөөлүүлөрү табылаары күмөн болгондой эле, бизде да бузуктун учугун издеген адам жок. Менин билишимче Текебаев катасы көп Конституция жазганы үчүн жазаланган жок да…

КР Өкмөтүнө караштуу

Терминология комиссиясынын мүчөсү,

КР Президентине караштуу

Мамлекеттик тил боюнча

улуттук комиссиянын

Котормо, терминология

бөлүмүнүн башчысы                                                Аалы Молдоканов

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *