Депутат Тынчтык Шайназаров тармактык комитеттин курамынан чыгарылды

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети депутат Тынчтык Шайназаровду («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) тармактык комитеттин курамынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбековдун айтымында, «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракциясынын депутат Тынчтык Шайназаровду аталган комитеттин курамынан чыгарып, аны Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына киргизүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *