Депутат Зиядин Жамалдинов: “Самаркандек айылындагы үӊкүрдү музейге айландырсак, туристтерден жергиликтүү бюджетке ири каражат түшүп турмак”

Баткен районундагы Самаркандек айылында тээ илгери алтын менен күмүш казылган үӊкүр бар экен. Өтө сейрек кездешүүчү чоӊ үӊкүр. Аны музейге айландырып койсо, көптөгөн туристтерден жергиликтүӊү бюджетке ири көлөмдө каражат түшмөк, бирок жергиликтүү бийликтин чамасы чакталуу. Ал үчүн Өкмөт жакындан жардам берип, инвесторлорду тартса жакшы болмок. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Буга мисал четтен чыгат, мисалы, Кореяда мурда алтын казылган жайда музей ачышытыр. Тимеле, жер астындагы чоӊ шаар экен. Азыр жылына 2 млн.го чейин турист келип, көптөгөн каражат түшөт. Биз дагы ошондой ажайып жайларды курушубуз керек», – дейт депутат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *