Депутат Зиядин Жамалдиновдун үйүнө ууру кирип, 2 мылтыгын уурдап кетишкен

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районундагы үйүнө уурулар кирип, 2 мылтыгын уурдап кетишкен. Депутаттын айтымында, 2 мылтык тең аңчылык кылуу үчүн ага катталып, мыйзамдуу түрдө сатып алынган. Депутаттын айылдагы үйүндө азыр эч ким жашабайт. Жаңы жыл майрамдары учурунда ууруулар кирген, бирок кайсы күнү экени так тактала элек. Мылтыктын уурдалганын депутаттын агасы 4-январда инисинин үйүнө көз салып койгону башбакканда гана билип, милиция чакырган. Азыр милиция бул фактыны иликтөөдө бирок маалымат тарата элек.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *