Дин комиссиясын жетектөөгө Орозбек Молдалиевдин акысы жок!

Кыргыз дөөлөтүнүн президенти Атамбаев Алмазбек мырзага

                                           Кайрылуу

Урматтуу Алмазбек Шаршен уулу! Убактыңызды бөлүп, ушул менин кайрылуума бир аз көңүл бөлүп коюуңузду суранам. СССР мамлекети урагандан бери биздин кыргыз дөөлөтүбүздүн негизги экономикалык жактан көтөргөндөр, биздин жер которуп көчүп кеткен (мигрант) жаштарыбыз экендигин сиз менден да жакшы билесиз. Эмне себептен жаштарыбыз дүйнө жүзүнө тарап кеткендигин жана күнүнө орто эсеп менен алардын экиден өлүмү бизге келип жаткандыгын да сиз жакшы билесиз. Эгер кыргыз дөөлөтүнүн жер байлыктары элге иштегенде мындай абалга түшпөйт элек. Бир эле Кумтөр алтынын туура бөлүштүрүп, алынган алтындын жок дегенде 50 пайызы дөөлөтүбүздүн кампасына түшкөндө, жаштарыбыз минтип кырылбайт эле. Көрсө, Кыргызстандын атына жамынып алып, Биздин 20га жакын жарандар (коррупционерлер) Кумтөр ишканасынын акционерлери болуп алышып, элге тиешелүү алтынды чет өлкөгө ташып кетип жатканын да сиз жакшы билесиз. Мына ушулардын негизинде сизден суранарым, Кыргызстандын атын жамынган акционерлердин ата-жотосун элге жарыялап койсоңуз. “Кыргызстаным, ата-энем, бала-чакам” деп сыртта эмгектенип жатып өлгөн жаштарыбызга арнап, борбор калаабыз Бишкектен жер бөлүп берип, өтүп кеткен жаштарыбызга арнап эстелик койсок жакшы болот эле. Бул биздин тарыхыбыздын ачыла элек баракчасы. Уул-кыздарынан айрылган ата-эне гана түшүнөт мындай күйүттү, бул ата-энелердин арасында мен да бармын. Чет жакта жүрүп өтүп кеткен уул-кыздардын ата-энелерине мен кайрылам, биз биригели, ушул багытта бирге иш алып баралы.

Мына, жакында эле Көчмөндөр оюндары өттү. Ушул оюнду уюштурган кызматкерлерибизге ыраазычылык билдиргим келет. Кыргыздын чыныгы көз карашы (идеологиясы) жакшы чагылдырылды. Биздин көз карашыбыз бул Теңирчилик ишенимибиз (кийин ишеним деген түшүнүк дин деген түшүнүккө айланып кеткен), Теңирчилик жаратылышка зыян келтирбөө, мыйзамын сактоо, ушул жаратылыштын мыйзамынын негизинде кыргыздын каада-салты, үрп-адаты келип чыккан. Көчмөндөр оюндарында элибиз жараткан Теңирибизге тилек айтышып, жакшылыктарды суранып жатышты. Бул туура! Ушулардын негизинде сизге кайрыла турган өтүнүчүм: төрт жылдан бери колубузда соттун чечими болсо да, Теңир динин биз каттоодон өткөрө албай жатабыз. Дин комиссиясынын төрагасы Орозбек Молдоалиев деген мырзаңыз соттун чечимин аткарбай жатат. “Керек болсо, президентке чейин бар, мен өзүм билем” деп ар түрдүү шылтоолорду айтат. Кыргыз дөөлөтүнүн Башмыйзамы (Конституциясы) аткарылбаса, анда сиздин “Башмыйзамды тууралайлы, элге кызмат кылсын” деп жатканыңыз бекер болсо керек. Дин комиссиясынын төрагасы болуп Орозбек Молдалиев деген мырзаңыздын иштөөгө акысы жок. Себеби, Орозбек Молдалиев мусулманчылыкты карманган инсан, иш бөлмөсүндө намаз окуйт, арабдардын сөздөрү жазылган сүрөттөр, ал жерде кыргыз жыттанбайт. Ал жерде эч бир динде турбаган кыргыздын тарыхын, санжырасын, үрп-адатын, каада-салтын билген инсан иштеши керек.

Сизди урматтоо менен “Манас Ордо” коомунун төрагасы

Анарбек УСУПБАЕВfoto

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *