Динара Муканбаева, эл аралык юрист, адвокат: “Дин тутуу эркиндиги кепилденет”

Кыргыз эли – байыркы эл, байыркы тарыхы бар. Кыргыз  эли өз каада-салтты, үрп–адаты менен жашап келген. Орто кылымдарда кылыч менен келген арабдардын дини исламды кыргыз эли кабыл алгысы келбей  I кылымдай согушуп, канча деген кан төгүлүп араңдан зорго биринчи түштүктөгү байлар, кийин түндүктүн бай, хандары  исламды кыйноо  жолу менен арабдар кабыл алдырышкан болчу, анткени соода-сатык катнаш кыйын болуп калган ошол кезде. Улуу Жибек  жолун муунтуп байлап койгон арабдар исламды кабыл алган үчүн  кыргыз элин «джизья» – налогдон бошотушкан.

Хан мен байлар намазга жыгылып исламды тута баштаган болсо, карапайым эл жашоосун  улантып, мурунку кыргыз каада-салттары менен эле сактап жашап келген. Кыргыз эли 100 пайыз исламды эч качан туткан эмес.

Кыргыз эли башынан эле  үрп-адат, каада-салттарыбыз менен  жашап келгенбиз.

Ошол кездеги жарым-жартылай исламды колдонуп, ошого карабастан өздөрүн момун мусулман деп эсептеген кыргыз эли  накта момун, ыймандуу  «мусулман» экен.

Союз чачыраганда ислам өнүккөн өлкөлөр Орто Азия жана Кыргызстанга катуу  кызыгышып, бизге  агылып келе башташты. Буга чейин биз дүйнө жүзүндө эмне болуп жатканын, накта исламдын жүзү  кандай экенин билбей, эч нерсеге шектенбей, сокурдай эле   ишенип,  келген чет өлкөнүн өкүлдөрүнө  кол сунуп баары менен достошуп мамиле түзүп келген.  «Кыргызстан – биздин жалпы үйүбүз» деп киргизип кабыл ала бердик. Кыргызстанда бийлик талашып, элдин ишенимин, күчүн пайдаланып эки жолу төңкөрүш кылып, бийликке арыбаган адамдар келишти. Бийликтегилер бийлик, байлык менен алек болуп жатса, эл өзү менен өзү алек болуп, жакырчылыкка чөгүп, жумуштун  жоктугунан аргасыз  башка өлкөлөргө чыгып кетип, алардын балдары кароосуз калып, көчөдө чоңоюп, убактысын текке кетирбеген динчилердин торлоруна түшүштү. Тарбияны эне-атасынан көрбөстөн  чала сабат динчилерден көрүп калышты. Кээ бир сабатсыз ата-энелер балдарын өз ыктыяры менен Бангладеш, Пакистан, Арабияга жөнөтүп, ошол жактан жакшы тарбия көрүп, арабча билим алып ыймандуу болуп  келет деген үмүт менен балдарын окууга жөнөтүштү. Кеткен балдар кийин кайтып келип кыргыз элине, өкмөткө  эмес, баардыгы исламга иштеп башташты.

Биз азыр Кыргызстанда катталган ар кандай  жүздөн ашык диний агымдарды угуп-билип жатабыз: таблигдер, салафиттер, вахаббитер, сүннөт, шииттер, хизбуттар, ахмадиялар…. Бул исламдагы агымдар бири-бирин мусулман деп санабайт  экен. Сүннөттөр шииттерди мусулман эмес десе, шииттер сүннөттөрдү мусулман эмес дешип, бардыгы келип вахаббиттерди мусулман эмес деп, айтор бир эле дин бир нечеге бөлүнүп башты айландырышат. Кыскасы, исламдын ичиндеги агымдар бири бирине «ширк», «фитна» кое беришет экен. Кыргыздарга ушул жүздөн ашык ар түркүн ислам агымдардын кереги бар беле? Карапайым кыргыз элдин башы айланууда. Мурда өзүн момун мусулманмын деп эсептеп жүргөн адамга ар кимиси келип дават кылып эшигин тыкылдатып, ар кимиси ар түркүн китептерди оку деп берип маалымат таратып баштарын айлантууда. Арасында көп экстремисттик ислам агымдары элди алдап, жумуш таап беребиз деп гумжардам берип Сирияга алып кетип жатат. Кыз-келиндер өзүнүн эркиндигин байлап хиджаб кийип, өз улутунун баалуулуктарын  жокко чыгарып сөлөкөткө айланып  калышты.

Эркектер сербейген сакал кое берип, дамбал, көйнөк кийип кыргызга такыр окшобой, чөл-талаада жүргөн араб, пакистандыктарды туурап, ошолорго окшошуп калышты. Мечиттер күн санап козу карындай жайнап  өсүүдө. Мектептерден дагы мечиттер көп салынып, эскилиги жеткен мектепти жаңылоого каражат сурасаңар да жардам бербегенинин себеби, кыргыз элинин балдарынын илимдүү-билимдүү болуусуна алар кызыкдар эмес. Тескерисинче,  Халифат түзүү  максатында көп агымдар иштеп аракеттенүүдө. Интернет аркылуу, соцтармактарда көп дават жүргүзүлүп жатканын  бардыгыбыз көрүп-байкап турабыз. Психологиясы туруктуу боло элек жаш кыздар-балдар азгырылып ооп кетип жатышат. Кыргыздардын идеологиясы азыр дин болуп калды. Бул өтө өкүнүчтүү. Мындай кадам менен бара берсек, биз улуттук өзгөчөлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ислам өлкөлөрүнө окшоп алардын тарыхын кайталап экинчи Афганистан, Сирия болуп кетпесек экен.

Акыркы Ала-Букадагы жана Ысык-Көлдөгү өлүп калган христиан дининин бир агымы болгон протестант-баптист  аялдын өлүгүн көмдүрүшпөй, элди мажбурлап улам  бир көрүстөнгө көмгөнгө  каршы чыгып, акырында үчүнчү жолу көмүлгөн жеринен да уурдап казып кетишкендиктери маңкурттуктун, диний фанатизмдин жеткен чеги. Демек, мамлекетте мыйзам иштебей эле мечиттеги молдолор, ислам дини, шариат иштеп калгандагысыбы?  Динге бөлбөй, кыргыз жана азиат улутундагыларды атеист, мусулман деп бөлбөй эле  бир көрүстөнгө коюлчу эмес беле. Көрүстөн үчүн бөлүнгөн жер муниципалдык жер да, ал жерди  ислам сатып же менчиктештирип алган эмес. Ойлоп көргүлөчү, союз убагында жалпы  мүрзөгө  көмүлгөн атеист, коммунист аталарыбыз, апаларыбыз бар эмеспи. Эмне аларды дагы казып чыгып каапыр деп  сөөктөрүн ыргытып жиберсинби? Мен ойлойм, буларды сөзсүз  түрдө жоопко тарттырып, мындан нары башаламанчылыкка  жол берилбеш керек деп.

Дин адамдын жүрөгүндө  болуш керек, эч кимди кыйнап, кыстап бул динде болушуң керек  дегенге акысы жок, ага мыйзам дагы жол бербейт.  Баса, мыйзам жактарын айтып кетсем, Кыргызстанда Конституциябыз бар, сонун, мыкты мыйзамдарыбыз бар, бирок  ал мыйзамдар иш жүзүнө келгенде иштебей жатканына күбө болуп жатабыз. Буюрса, бул убактылуу  көрүнүш деп ойлойм. Бул күндөр да артта калып, мындан да  чыгып кетебиз деп ишенем. Кошумча президенттик буйрутма (указ) менен улуттук кийим, каада-салттарыбызды жоготуп ислам өлкөгө айланып кетпеш үчүн диний кийимдерди шаарда, көчөдө кийгенге уруксат бербеш керек. Сакалдарын сапсайтып, этикага туура келбеген узун  кийимдерге тыюу  салыш керек.

Мамлекеттик стратегиялык өнүгүү  программаларын иштеп чыгып, мечиттерди салдырууну мындан ары токтотуш керек. Бар мечиттерди текшертип көзөмөлгө алып, жашы жете элек өспүрүм кыз-балдарды окуткан диний сабак, медреселерди жабыш керек. Ислам дини Кыргызстандын мыйзам чегинде гана иш жүргүзүшү керек. Алар ошол чектен чыгып кетишти.  Кыргыз Республикасынын башмыйзамы Конституцияда жазылып турат:  7-берене.

  1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.
  2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.
  3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

Демек, бул башкы мыйзам  Конституция боюнча 32-берене.

  1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.
  2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ.
  3. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.
  4. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

Мен акырында айтып кетерим, диний баш айландыруудан  сак болуп, балдарга  светтик жакшы билим берүү менен кыргыздын улуттук баалуулуктарын үйрөтүп, таалим-тарбия берип намыстуу патриот жаштарды өстүрөлү демекчимин.

Булак: Асман плюс 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *