Динара Сагынбаева айым Улуттук госпиталдын түбүнө жеткени калдыбы?

Динара айым Улуттук госпиталды 2014-жылдан бери жетектеп келет. Төрт  жылдан ашуун убакыттан бери Динара Сагынбаева тууралуу коомчулукта жүрөк жылыткан сөз укпаптырмын. Жакында Жогорку Кеңештин Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердиги тууралуу боюнча тыкыр иликтеген жумушчу топ өзүнүн чакан отчетун кылды. Жыйынтыгында Талантбек Батыралиев кызматынан кетти. Ал эми ошол эле отчетто бир канча терс мүнөздөмө берилип, кызматында далай ирет катачылыктарды кетирген Улуттук госпиталдын жетекчиси Динара Сагынбаева кылы кыйшайбай дале кызматта отурабы? Жаңы ишке кирген саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев тезинен чара колдонуп жумуштан айдайбы же өзү бузуку ишке колун булгап жаап-жашыруу амалына  өтөбү?

Өлкө президенти эң ириде “коррупция менен күрөшөм, ага-тууган, жек-жаатка карабайм” деди. “Калбырлуулар” чет-четинен кызматтан кетип атат. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген сөз бар. Ансыңарындай, бирөөсүн да калтырбай баарын тазалап, жаңыча иш баштоо учурдун талабы болуп турат. Кыргызстандын ар бир жараны ажого колкабыш кылып, коомду тазалоо иштерине бүгүн киришпесек, эртең кеч болуп калары айдан ачык. Демек, биз бүгүн сөз кыла турган Динара Сагынбаева айымды, анын “ишмердүүлүгүнө” баа бериш үчүн ЖКнын жумушчу тобу таап чыккан 2-3 нерсеге үстүртөн токтолууну эп көрүп турабыз.

Биринчиси, госпиталдын ичинде мамлекетке тиешелүү лаборатория бар. Изилдөө иштери толук кандуу жасалбайт. Анткени, медициналык жабдыктар заманбап эмес. Алар менен камсыз кылуу үчүн каражат керек. Ушундан улам, жеке ишкерлер ортосунда өнөктүк иш алып барууну көздөп, гопиталдын 9 адамдан турган комиссия өз алдыларынча (ЖМКга жарыя кылбай), караштырып “Интелмед” ЖЧКсы (Бонецкий лабораториясы) менен келишим түзүшөт. Кызмат акыларын 30 пайызга арзандаткан күндө дарт аныктоо борборунукуна салыштырмалуу 25-30 пайыз жогору болуп чыгып атат. Айыл жергесинен келген бейтаптар үчүн бул түшүнүксүз нерсе экенин бөркүңүздөй көрүңүз. ОМС жана башка бекер медициналык дарылоо дегендерди уруп ойнобой, “бар, акчаңды төлөп. Бонецкий лабораториясына анализ тапшыр” деп мажбурлайт экени жалганбы? Бейтаптын башка лабораторияга тапшыруу укугу каралбаптыр. Мындай башаламандыкты билген карапайым бейтаптар Улуттук госпиталдан качып, качканы аз келгенсип “буларың мамлекеттик эмес эле башкы доктур Динаранын жеке менчиги болуп калыптыр” деп айтышкан имиш. Башкы доктурдун айынан Улуттук госпиталдын кадыр-баркы учурда өтө төмөн түшүп кеткенин ким билбейт? Же мамлекет пайда көрбөйт, же бейтаптар пайда көрбөйт. Эмне максатта түзүлгөн келишим экенин Динара айым эле түшүнбөсө, көпчүлүктүн мээси жете турган оокат эмес. Ал лабораторияга госпиталдын имаратынан мыйзамсыз түрдө ар бир бөлүм үчүн бирден кабинет бергени жалганбы? Ижара акысы суралбайт. Мыйзам бузуулук иш экени айдан ачык көрүнүп турат.

Экинчиси, Динара Сагынбаева иштеп аткан кезден бери биздин маалымат боюнча үч иш козголуптур. 1) уурдалган айлык акы боюнча. Болжол менен 800 миң сомдун тегереги. 2) госпиталдын ондон ашык бөлүмдөрүн капиталдык оңдоого деп 70 миллион сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп, анын 15 миллиону менен соттошуп жүрөт. Бул Динара айымдын ишбилги эместигинен (шалаакылыгынан) дешет. Бир жылда бүтө турган ремонт иштери үч жылга чейин созулганы айтылууда. Акча сыртка кетип калган. 3) спецификалык дары-дармек сатып алуу жагы. Ошол боюнча да иш козголуп, “миллион сомдун айланасында коромжу” деп жүрөт, ушуларга Динара айым эмне дейт?

Үчүнчүсү, сатып алуу жагы. Андайлар толтура, биз бирөөсүнө токтололу. Буу стерилизатор аппараты жөнүндө сөз болуп атат. Болжол менен 7-8 миллион сомдун тегерегинде бааланган. Келишимге “Лидер Медикал” ЖЧКсы менен 2017-жылы 3-июлда кол коюшкан. Аппаратты 60 күндүн ичинде апкелип орнотуп, ишке киргизип беришмек. 2 ай эмес 9 айдын ичинде (түйүлдүктө бала көз жарып атат) ал аппарат ордуна келген эмес, келсе да азыркыга чейин ишке кирдиби же кире элекпи, белгисиз. Бул көрүнүш да мыйзам бузулгандык эмей эмне? “Эмне үчүн өз убагында бул иш аткарылбаптыр? Ким же эмне тоскоол экен?” деген сыяктуу суроолорго Дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти “биз каттоо кыла албай атабыз, иштебей атат” деп, бири-бирине кат жолдой беришкен.

Төртүнчүсү, кадр маселеси. Госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмү жөнүндө бир аз токтоло кетейин. Сөз бөлүм башчысы Салтанат Иманбаева жөнүндө болмокчу. Бөлүм башчысын Динара айым мыйзамсыз түрдө жумуштан айдаган. Буга эмне себеп болгон? Бейтап Умралиева оң көзүнөн операция болот. Аны көз доктур Бушуева жасайт. Операция жүргөн кезде С.Иманбаева ооруп,  больничныйда болгону айтылат. Операция сапаттуу болбогондуктан, бейтап каза болот. Госпиталдын башкы доктуру Д.Сагынбаева алгач Бушуеваны 83.3 пункту менен өз жазасын алып жумуштан айдаларын, ал эми Иманбаевага (бөлүм башчы катары) катуу сөгүш жарыяларын билдирип, госпиталдын профкомуна кайрылат. Алар өз отурумунда Бушуева 83.3 пункту менен жумуштан айдаларына макул. Ал эми Иманбаеваны “көп жылдан бери иштеп жүрөт, эмгеги сиңди. 500 миң АКШ доллар өлчөмүндө грант апкелгенин эске алып, бир аз убакыт берели” дешкен. А жыйынтыгында, госпиталдын башкы дарыгери Иманбаеваны жумуштан айдап, Бушуеваны өз арызы менен жумуштан бошоткон. Эми Д.Сагынбаевага суроо туулат: “Эмне үчүн операцияны туура эмес жасаган Бушуева жеңил кутулган да, бөлүм башчысы Иманбаева жумуштан айдалган?” Динара айым жооп береби?

(Уландысы бар)  

Болот Алдаяров

Булак: Азия Ньюс

 

1 ой-пикир

  • Талант says:
    Your comment is awaiting moderation.

    Бул статья негизинен туура жазылган, Батукаев маселесинде бу Сагынбаеванын ролу абдан зор, жана бул учун Сагынбаева кылмыш жообуна тартылышы учурдун талабы!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *