Доха шаарында ѳтѳ турган эл аралык айыл-чарба кѳргѳзмѳсүнѳ кыргыз ѳндүрүүчүлѳр катышат

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Муниципалитет жана айлана-чѳйрѳ боюнча министринин орун басары шейх Фалех бин Насер Аль-Тани менен жолукту, – деп маалымдайт ТИМ.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын айыл-чарбачылгы боюнча кеңири маалымат берип, эки ѳлкѳнүн ортосундагы ѳсүмдүктѳрдүн карантини жѳнүндѳгү макулдашуусун тез арада кабыл алуу жана эпидемиология менен санитария коопсуздугу боюнча кызматташуу зарыл экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жогорку сапаттагы малчылык менен дыйканчылык азык-түлүктѳрү тууралу кабарлап, аларды Катар Мамлекетине экспорттоону сунуш кылды. Жолугушуунун аягында тараптар 20-22-мартта Доха шаарында ѳтѳ турган эл аралык айыл-чарба кѳргѳзмѳсүнѳ кыргыз ѳндүрүүчүлѳрүнүн катышуусун макулдашты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *