Доктурбай  Кожогулов, Апрель революциясынын катышуучусу: Атамбаев, эмне өчүң бар улутта? 

«Атамбаевге  азыр жолуксам, “Эй лөлү, сага кыргыз эли эмне жамандык кылды? Эмне өчүң бар улутта? Канча карыз кылсаң, ошонун баарын төлөгүн!” деп тике карап айтмакмын»

Апрель революциясында элдин алдында жүргөн Доктурбай деген аксакал болгон. Бул аксакал мурунку президент А. Атамбаевдин айылдашы. Атамбаев десе баарына даяр болчу адамдардын бири эле. Доктурбай аксакал менен телефондо сүйлөшүп, анын айтчу сөздөрү көп экенин байкап, атайын Арашанга барып, таза абада аксакал менен маек куруп, анын айталбай жүргөн арманын уктум. Аксакал дагы катуу жарылды…

— Догдурбай ава, канча жаштасыз?

— 1940-жылы туулгам. Атам армияда жок болуп, жетим калган кишимин. Жетим жүрүп жетилет болуп, азыр 78 жаштамын.

— Арашанда туулуп, ушул жерде чоңойдуңузбу?

— Өмүр бою Арашанда жашадым. Ушул жерде туулуп, чоңойгон адаммын. Союз тараганда эл катуу кыйналды. Ошондон бери бийликке келгендер элдин канын соруп келатат. Азыр угуп атам, Кытайдын өзүнө эле миллиарддаган карыз экенбиз. Эртең төлөй албай калсак, Ат-Башы, Нарынды алып койсо, эмне оокат кыласыңар? Акчаны алгандар баарын жеп-ичип алып, унчукпай жатып алышабы? Азыр аларды карызды төлөгүн деш керек. Канча акча алып келдиң, кайда кетти деп сурап, баарын төлөтүш керек. Катар-катар заңгыраган үйлөрдү салып атабы, ошол элдики.

— Кытайдан эң көп карызды сиздин жердешиңиз Атамбаев президент болуп турганда алды да?

— Ошол Атамбаевдин жеп-ичкендеринин баарын төлөтүш керек. Бул Кантта жолугушуу жасаган. Акаев менен Бакиевди өлгүчө жамандаган.

— Сиз ошол жерге баргансызбы?

— Баргам, ошол жерде болгом. Жанымда орустар бар болчу. Мен ошол орустарга “Бул элге кандай жардам кылат экен? Ошол боюнча суроо бергилечи…” деп айтып, орустар кагазга суроо жазып беришкен. Атамбаев болсо “Мен завод, фабрика курам, элдин баарына жумуш ордун табам, бүт Кыргызстанды гүлдөтөм” деди. Гүлдөткөнү ушулбу? Эртең Кыргызстандын жери, кени кеткени турат.

— Атамбаевди жаш кезинен бери жакшы билесизби?

— Ал ушул жерде чоңоюп, ушул жерде окуду. Кийин жогорку окуу жайга окуганы кеткен. Мунун агалары бар болчу. Алар кайтыш болуп кетти. Азыр ушул жерде агасынын Эмил деген баласы бар. Жакында эле айыл өкмөттө жыйын болду. Ошондо, элдин көзүнчө эле Эмилге катуу сөз айттым. Анткен себеби, Алмаз Атамбаев Орозо айт, Курман айт күндөрү түлөө өткөрүп, мени такай чакырып турчу. 2013-жылы Орозо айт күнү да Атамбаев үйүнө чакырган. Өзү кетип жатканда, мени жанына чакырып, өзүбүзчө сүйлөшүп калдык. Иниси Эмилди чакырып “Ушул чал эртели-кеч эмне айтса, жардам кылып тургун” деп, шашып чыгып кетти. Ал кеткенден кийин мен да басып кетип баратсам, Эмил иниси кайра чакырды. Эмне болду десем, “Сени бул жакка ким чакырып келди? Сен бул жерде эмнеге жүрөсүң? Эмнеге келдиң?” деп кекетти. Ошол сөзүн кечээ күнү элдин алдында мен дагы айттым. “Сен бул жакка эмнеге келдиң? Бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Эмне жетпей бул жакка келдиң? Ким чакырды?” дедим. Келме-кезек, терме тезек ошентип келе берет. Көзүнө тик карап айткандан кийин кетти. Мен биздин чоңдорго таң калам. Президент болуп келгенден кийин нары-бери чапкылап, лөлү сыяктуу ар кимден акча сурап жүрүшөт. Келген акчаны элге бергенин көрбөйсүң.

— Атамбаев өлкөнү башкарып турганда көп эле жолу жолугуп, сүйлөшүп турган турбайсызбы?

– 7-апрелден кийин Отунбаева президент, Атамбаев премьер-министр болбодубу. Ошондо Алмаз “Бул үйүңдү оңдотуп берем, же болбосо шаардан бир бөлмөлүү квартира берем” деген. Президент болгондо “Алмаз, баягыл айткан сөзүңдүн кайсынысы оң болот?” деп айтсам, “Эмне айттым эле?” деди. Үйдү оңдотом же бир бөлмөлүү квартира берем дебедиң беле деп эскертсем, “Мен айткан эмесмин” деп көз көрүнө танып кетти. Көрсө, чоңдор ушундай болот экен да. 2013-жылы Курман айт күнү үйүндө чай ичип олтуруп “Алмаз, жакшыбы-жаманбы “Апрель Баатыры” деген орден бергенсиңер. Мунун бир нерсеге пайдасы болбосо эмнеге бердиңер?” деп айттым. “Мен аны берген эмесмин, Отунбаева берген. Бербе десем болбой берип койду. Азыр көчөдө жаткан алкаштар да “Мен апрель баатырымын” деп айтат” деди. Жиним келип, ордумдан туруп чыгып кеттим. Ошондон кийин үйүнө барган жокмун. Өзүн аман-эсен алып калган элге рахмат айтуунун ордуна, алкаштарга теңегени уят да. Эгер эл атылган окко карабай каршы турбаганда, Алмаздын тагдыры эмне болорун бир Кудай билет эле. Бир жума мурун айылга бир мүшөктөн ун таратты.

— Ким таратты?

— Атамбаев. Мен албай койдум. Үйдө чеги да турат.

— Сизде да “Апрель Баатыры” деген орден бар эмеспи. Атамбаев ошентип айткандан кийин орденди такпай койдуңузбу?

– 7-апрель күнү саат алтыда ушул айылды чогултуп, “Форумга” баргам. Барганыбызда аялдамада Токтайым Үмөталиева, Карамушкина туруптур. Мени жанына чыгарып алышты. Бир аздан кийин эле милиция каптап келген. Аларга “Айланайындар, силер бир күндүк жыргал жашооңорго гана карайсыңарбы? Айылыңдагы эл эмне ичип атканын билесиңерби?” деп айтканыма карабай, каптап кетишти. Бутума бирөөсү жармашты, карасам формачан аял экен. Тепсем жетпей калды. Балдар чалды коё бер деп сүйрөп алып чыгып кетишкен. Элди коркутуп, куралы менен атып баштаганда, куралы жок эл жогору көздөй качкан. Токто эле токто деп кыйкырып атып, элди токтотконбуз. Ошондо, эгер азыр тарап кетсек, камакта олтурган Алмаз сыяктуу балдарыбыз Медет Садыркуловдой болуп, бүгүн түнү жок болот деп кайрылгам. Ошол учурда 3 автобус менен курсанттарды алып келип тизип койду. Аны көргөн эл дагы чоочуй баштады эмне кылабыз деп. Мен аларга, бутуңдун башындагы ташты көрдүңбү, ошону жолго ыргытып коюп кете бер, бирөөнү да урба, мен начальниги менен барып сүйлөшөм деп чуркап барсам, автобустун эшиги ачык, шоопуру олтуруптур. Начальнигиң каякта десем, “Азыр келет” деди. Аңгыча эле “Мына келип калды” деди. Жеңил машинадан килейген жигит түшүп калды, подполковник экен. Салам алейкум деп кол берип, колун бошотпой туруп “Айланайын, бул балдарды кытайдан, орустардан дагы бөлөк жактан алып келдиңерби? Өзүбүздүн балдарбы?” десем, “Өзүбүздүн балдар” деди. “Биздин балдар болсо, чогулуп турган эл ушул балдардын агасы, иниси, эжеси, карындашы. Өз балдарыбыз менен кырылышабызбы?” десем, “Эмне кылайын?” деди. “Алып кетсеңиз” деп айттым. Дароо команда берди. Ошол жигитке ыраазы болдум. Кетип бара жатып, “Тиги тургандарды жайлагыла. Ак үйдү болсо аласыңар” деп айтып кетти. Эл маска тагынгандардын быт-чытын чыгарды. Жыйналгандан соң өзүңдөй болгон жаш балдар “Ата бизге башчы болуп бербейсиңби?” дешти. Болсо болуп берейин, эгер менин айтканымы кыла турган болсоңор дедим. Азыр Ак үйдүн астына жөө басып барабыз, жолдо кетип баратып эч нерсеге тийбегиле, ар жактан чыккынчылар тийишет, аларга “Сен жакшы” деп коюп, кошуп кете бергиле деп, “Форумдун” алдындагы элди Ак үйгө баштап баргам. Андан бери 8 жыл өттү да. Азыр Кытайга берчү карызга жер кетип калабы деп жаным кашайып олтурат.

— Кыйын учурда Арашан эли өз уулубуз деп Атамбаевди жакшы колдоп берди. Бийликке келгенден кийин элдин айтканын аткарбыды?

– 2010-жылы 9-майда балдар чогулуп, аксакалдарга тамак беришкен. Бул жакка келатканда чоң үйдү көрсөң керек. Союздун убагында дүкөн кылып берген. Кийин аны бирөөлөр кафе кылып алышкан. Ошол жерге чакырган экен баргам. Аксакалдар ичкериде чай ичип кобурашып олтурганбыз. Эшикте жүргөн балдар “Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Бекназаров өтүп кетишти” деп айтышты. Сөздөн сөз чыгып, сендей болгон балдар “Ата, ушул айылда жумушка жетпей жүргөндөр бар. Атамбаевге барып, балдарга жумуш сурап бербейсизби?” деп кайрылып калышты. Көпчүлүк суранып жаткандан кийин барса барып көрөйүн деп, чыгып алып басып бардым. Барсам баары жогор жагында боз үйү бар болчу, ошол жагында экен. Мени ал жакка өткөрбөй койду. Инисине чакыр дедим. Бир чакырсам келбей койду. Кайра жибердим. Экинчи чакырганда келди. Кабагын чытып келип эле “Эмне өлүп баратасыңарбы? Мына сага” деп 5 миң сом акчаны ыргытып кетти. Жаным чыгып кете жаздады. Мен сенин акчаңа келгеним жок! Айылдагылар жибергенинен келдим деп катуу айттым. Аны укпай эле басып кетип калды. Мен дагы шарт бурулуп баса бердим. 5 миң сом акчасы ошол жерде калды. 3–4 күндөн кийин балдар ошол акчаны алып келип беришти. Акчаны алдым дагы, катты жазып, “Форумга” эстелик ачканда алып бардым. Өзүм берсем албай турганын билем да. Азыр депутат болуп олтурган Даниярдын колуна карматып “Ушул кат менен акчаны Атамбаевдин өз колуна тапшырып кой” деп таштап кеткем.

— Азыр Арашан эли Атамбаевди кандай кабыл алат?

— Мурун жакшы кабыл алышчу. Азыр эч ким карабайт. Ишеничтен кетти да.

— Атамбаев “Бир нерсе болсо жогор жактан эл менен кошо түшүп келип, баарыңарды талкалайм” деп айтып жүрбөйбү?

— Оо кокуй, азыр ал үчүн бирөө басат бекен? Эч ким баспайт.

— Алмазбек Атамбаевдин жаңы салган үйүнө бет маңдай бир топ дачалар бар экен. Алар дагы сатылдыбы?

— Алмаз үй салган жер кимисиники экенин билбейм. Ушул жактагы дачанын баарын алышты, калтырган жок. Аны кайсыл акчага алып жатат? Чет жактан элди багам деп кайыр сурап алып келген акчаларга алып жатышат да. Биз алгач Чуңкурчактагы лыжа база жайгашкан жерди айыл өкмөткө бергенбиз. Айыл өкмөт ошол жерге база уюштурса, акча өзүбүзгө түшүп, жолго, сууга иштелип, жакшылык менен жамандыгыбыздын баарына жарамак. Кол коюлгандан кийин иниси тартып алып койду. Азыр кимде экенин билбейм.

— Атамбаевдин аталары тууралуу да билесизби?

— Мунун ата-теги Баткенден келген. Буларды кытай деп коёт. Бул кытай эмес, калмак. Өзү деле Теке-Секирик деп айтпады беле. Мен ошондо эле Баткенден келгени чын экен дегем. Алмаздын атасы Шаршен чечендин акчасын жеп коюп соттолгон.

— Атасы Союз учурунда камалды беле?

— Атасы камалган. Алмаз өзү Россияда көп жыл жүрдү. Ушул айылда жолдош баласы бар. Бирок өзүнөн улуу. Ошол бул тууралуу жакшы билет. Келген сайын ага 1–2 миң доллар берип кетет деп угуп жүрөм. Ал бул жактан кылмыш кылып коюп Россияга качып кетип калат. Ошол жакта жүрүп Алмазга жолугат. Алмаз окуйт да, тигил жигит акча таап, буга каралашып, чогуу жүрүшүп, бирге бул жакка келишкен дешет.

— Арашандагы жазуучулар үйү тууралуу эмнени билесиз?

— Ал Союз убагында курулган. Атамбаев жазуучуларга жабышып жүрүп алган да. Азыр жазуучулар келеби билбейм. Союз тараган кезде бирин-серин жүрүшчү. Эми көрүнбөй деле калды. Көпчүлүгүн арабдарга сатып жиберди. Айтор, баарын эле сатып жатышат. Сатып олтуруп эч нерсе калбай кала турган болду. Балдарыбыз эртең эмне оокат кылышат белгисиз.

— Абдил Сегизбаев менен Атамбаевдин кандай тууганчылыгы бар?

— Сегизбаевдер мурунку аялы жагынан кайын журту.

— Асанбай тууралуу эмнелерди уккансыз? Ал кишинин атынан шаарда кичи район аталып калбадыбы? Иштерман киши болгонбу?

— Асанбай менен Атамбай эки бир туугандар. Бул жакка Баткенден Асанбай менен Атамбайдын аталары келишкен. Асанбай Орто-Сайга, Атамбай бул жакка туруп калышат. Атамбай баласы Шаршенге Чоң-Таштагы моңолдордон аял алып берип, куда-сөөк болуп калат.

— Азыркы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду силер Эркин дейт турбайсыңарбы?

— Анын аты Эркин. Эмне үчүн Албек болуп алганын билбейм. Бул жактан кеткенден кийин Албек болуп алыптыр. Чоң атасы жакшы киши эле. Эки баласы бар болчу. Эркин кичүү баласынын уулу. Энеси уйгур кызы. Эркин бул жактан кетип, Чоң-Арыкта чоңойду. Бул жактагы үйдү эч ким карабай калып кеткен. Эркин чоң атасынын үйүн оңдоп, сарай салып, бизнесин мал менен көтөрүп кетти. Бука байлады, гисар тукумундагы кочкорлорду алып келди, таза кандуу айгырларды кармады. Бакиевдин учурунда ушул жерде 2 ай айыл өкмөт болуп иштеп калды. Жакшы иштерди баштаган эле. Бирок, жогор жактагылар 2 айдан кийин ыргытып жибербедиби.

— Атамбаев менен тууганчылыгы жокпу?

— Бир айылдан эле.

— Мурунку президенттин ошончо жерге үй салганын айылдаштары кандай кабыл алышты?

— Жакшы кабыл алышкан жок. Нааразы болгондор көп. Атамбаев өзүнө үй эмес, түрмө салып алды. Ичиндеги эмеректерди алып салып эле, жегендердин баарын ошол жерге камаш керек. Жаңы түрмө салып убара болуштун кереги жок. Тегерегин бүт тосуп даяр кылып койгон.

— Азыр Атамбаевге жолуксаңыз эмне деп айтат элеңиз?

— Атамбаевге жолуксам, биринчи эле “Эй лөлү, сага кыргыз эли эмне жамандык кылды? Эмне өчүң бар улутта? Ушуга жооп берчи?” деп сурайт элем. Канча карыз кылсаң, ошонун баарын төлөгүн деп тике карап айтмакмын.

— Азим Исабеков деген да мыкты азамат жигитиңер бар. Экөөсү эл чогулган жерлерде чогуу жүрүп калышабы?

— Ооба, Алмаздан тышкары Азим Исабеков деген жигитибиз бар. Ал премьер-министр болгондо, аксакалдарга тамак берип, бата алган. Ошондо дагы Алмаз чуркап келди. Азимге “Сен экөөбүздү Бакиев атайын кармаштырыш үчүн сени премьер-министр кылып койду” деп айтты. Көрсө, бул Азимдин жолун тосуп айткан экен да.Азим муну менен жумушу да жок, келбейт дагы. Урганым жок деп коёт. Азыр айылда Атамбаевди эч ким жакшы көрбөйт. Баары түшүндү.

— Алмазбек Атамбаев “Мен башынан эле доллар менен мультимиллионермин” деп бүтүндөй коомчулукка мактанбадыбы. Ата-бабалары колунда бар адамдар болгонбу? Өзүнүн абалы кандай болчу?

— Алмаз элден айырмаланбай эле жашаган. Байлыгы деле биздей болчу. Акаевден жазуучуларга делген 50 млн рублди Чыңгыз Айтматов Атамбаевге алып берет экен. Ошол акча менен байыды. Атасынын деле эч нерсеси жок болчу. Атасы Шаршен чечендин акчасын жеп коюп соттолгон деп жатпаймынбы. Байлыгы бар адам бирөөнүн акчасын жеп коймок беле? Шаршендин бир тууганы Абышка деген болгон. Ал дагы соттолгон.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: Жаны Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *