Доллар үстөмдүгү басаңдайбы же …21 кылымдын үстөмдүк валютасы кайсы?

Өткөн жыйырманчы кылым Америка Кошмо Штаттарынын экономикалык күчү ашып-ташыган кылым болду. Натыйжада анын улуттук валютасы доллар иш жүзүндө бүткүл планеталык валютага айланды. Кайсы гана өлкөдө болбосун эң негизги соода – сатык жүргүзүүдө ал эми мындай соода-сатык мамлекет аралык алакада болот) АКШ доллары менен эсептешип калды. Ал турсун Кыргызстан сыяктуу майдараак мамлекеттерде ички сооданын негизги маселелери , айталык автомашина, турак-жай , жер, айыл-чарба техникалары жана башка АКШ доллары аркылуу жүргүзүлөт. Башка мамлекеттер мындай нерседен жабыр тартпай койбойт. Ошондуктан ички сооданы айрым мезгилдерде сырткы алаканы дагы АКШ долларысыз жүргүзүү аракеттери күч алууда. Бул акыры барып АКШ долларынын үстөмдүгү таптакыр жоголбосо да басаңдап аны менен теңтайлаша турган эл аралык валюталар пайда болоорун алып келээрин аналитиктер азыртадан эле айтууда. Бирок бул качан ишке ашат? Аны айтууда көпчүлүгүнүкү ар кандай жоромол болууда. Эгерде жалпылап келсек маселе жыйырманчы-кыркынчы жылдары ишке ашышы керек. Канткен күндө да планетанын геоэкономикалык картасы бир топ эле өзгөрүүгө дуушар болчудай.

БРИКС жана ШОС

Мурдакы СССРдин ордуна ШОС пайда болду. Албетте ага баардык мамлекеттер кирген жок. Ага өтө өнүгүп бара жаткан Кытайдын кириши жана да бир топ мамлекеттердин ага кызыкчылыгы пайда болушу бул уюмдун салмагын дагы баркын дагы көтөрүп койгондугу талашсыз. Андан сырткары адегенде төрт өлкө БРИК деген уюмду түзүштү. Ага өнүгүп келаткан өлкөлөр Бразилия, Россия Индия Кытай кирди. Кийинки мезгилде бул уюмга Африканын өтө кубаттуу өлкөсүнүн бири болгон ЮАРдын кириши менен уюм БРИКС деп аталып калды. Адегенде бул уюмду батыш анча олуттуу нерсе катары деле кабыл алган жок. Эң ири батыш аналитигинин бири Генри Киссинджер БРИКС бул жөн гана эс алыш үчүн чогулгандай болгон клуб деп атады. Эч качан дүйнөлүк экономикага таасир тийгизе албайт дегендей ишарат жасады. Бирок андай эмес экендигин кийинки окуялар көрсөтүп турат. Өткөн жылы уставдык капиталы 100 миллиард доллар болгон БРИКСтин банкы ачылды. Ага бул беш өлкөдөн башка дагы каалаган мамлекеттер кире алат. Бирок бул өлкөлөрдүн үлүшү 55 пайыздан кем эмес болот. Мына ушул өтө өнүгүп келаткан беш өлкө жалпы валюта түзө алабы? Аналитиктер буга так жооп бере алышпайт бирок кайсы мамлекет болбосун АКШ долларына болгон көз карандылыктан кутулгулары келери турган иш. Россиянын БРИКСтеги өкүлү Вадим Луковдун айтымына караганда мындай банктын түзүлүшү алаканы ого бетер бекемдейт жана АКШнын таасири алдында турган эл аралык валюта фондунан көз карандылыгын азайтат. ШОСтун дагы валютасын түзүү маселеси көтөрүлүп келүүдө. Ошондой эле ЕВРАЗЭС уюмунда дагы орток валюта түзүү маселеси эчактан көтөрүлүүдө. Анткени уламдан-улам өсүп аткан соода экономикалык байланышта башка валюта менен эсептешүү жүргүзүлөт. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев айткандай американын экономикасына инвестиция салынып атат. Бирок бул уюмда да баары телегейи тегиз эмес. Анткени, ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы бар. Билинип билинбей мамилеси оорлоп бара жаткан Беларусия менен Россиянын алакасы буга мисал. Өз алдынча саясатын жүргүзүп жаткандыгын баса белгилегиси келген Беларусь лидери Лукашенко кийинки мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы соода маселесин кайра доллар менен еврого өткөрүү керек дегендей маселе көтөрүүдө. Бирок аналитиктер аны жакындап калган шайлоо алдындагы жүрүштөр деп эсептешүүдө. Мындан көп жыл мурун жалпы валюта жөнүндө маселе көтөрүлүп жатканда казак лидери Нурсултан Назарбаев “алтын”- деп аталган орток валютаны киргизүүнү сунуш кылган. Кийин болсо ага альтернатива катары “евраз” делген валюта да сунуш кылынууда. Дагы бир аналитик Мунировдун айтымына караганда бул уюмда 2025-жылда бир валютага өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Мунун баардыгы бул өлкөлөрдүн долларга болгон көз карандылыктан толук кутулуп кете албаса да анын маанисин азайтууга болгон далалат ачык эле көрүнүп турат. Өткөн жылы Россиянын президенти Путин Кытай менен болгон мамиледе көбүн эсе юань жана рубль менен гана соода экономикалык байланышын кылалы деген оюн ачык айтты. Аны кытайлык жетекчилер деле колдоого алышууда. Ал эми бир топ аналитиктер 2040-жылдары дүйнөлүк экономикалык байланышта бирдей салмактагы 3 валюта болот деп болжошууда. Алар АКШ доллары, евро жана юань. Албетте бул процесстен Россия да четте калбоого аракеттенээри түшүнүктүү.

Кыргызстан. Процесс башталдыбы?

Албетте мына ушул процесстердин баары Кыргызстанга таасирин тийгизбей койбойт. Украина маселелери үчүн батыш өлкөлөрүнүн кысымына кабылган Россиянын экономикалык акыбалы биздин өлкөгө сөзсүз түрдө түздөн-түз залакасын тийгизбей койгон жок. Доллардын курсунун кескин өсүп, ал эми рублдун курсунун азайышы бир топ кыргызстандыктарга баш оорутма алып келди. Демек, кандайдыр бир коргонуу чаралары сөзсүз көрүлүш керек болучу. Өткөн жылдын аяк ченинде Өкмөт башчы Темир Сариев Россия жана Казакстан менен өз ара соода экономикалык байланышты өз валюталарыбызда жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын жарыя кылды. Россия менен негизинен бул маселе макулдашылды. Алака доллар түрүндө эмес рубль менен эсептелинет. Бул нерсе сомдун туруктуулугун бекемдейт. Казакстан менен дагы сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды. Премьер – министр өлкө ичиндеги негизги соода алакасында жалаң улуттук валютада жүргүзүү керектигин талап кылды. Анткени өзгөчө банктардан ипотекалык жана башка кредиттерди АКШ доллары менен гана бергендиктен далай жарандар бул валютанын кескин кымбаттап кетишинен жапа чегишти. Демек, баардык операциялар улуттук валюта менен гана жүргүзүлүшү керек жана ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө болгон соодадагы өзүбүздүн акча менен болушу зарыл. Бул жерде албетте оң тараптары көп, бирок анын турмушка ашышы күмөн туудуруп жаткан жокпу? Үйлөрүн жана машина ж.б. техникаларын сатып жаткандар Өкмөт башчысынын бул талабын аткарабы же жокпу? Айрымдары азыртадан эле бул маселени адегенде жазалоо чаралары аркылуу гана ишке ашыруу мүмкүн деп эсептешүүдө. Маселен үйүн же машинасын долларга өлчөп саткандарды штраф салуу менен жазалоону да сунуш кылышууда. Балким чын эле ошондой нерсе натыйжа берээр. Ким билет? Мына ушул жерден бир окуя эске түшөт. 1997-жылы журналист катары Өкмөттүк делегациянын катарында Бельгия мамлекетине барганыбыз эсимде. Бош болгон бир күнү Нидерландынын борбору Амстердамга барып калдык. Раматылык Бекмамат Осмонов өзүнө жаккан костьюмду сатып алмай болду. Акчасын доллар түрүндө берсе сатуучу такыр көнгөн жок. Жумуш бүтүп баратканына карабай күтө тураарын айтып, валюта алмаштыруучу жайдан гульдьенге которуп келүүнү өтүндү. Көрсө бул өлкөдө кандай гана соода болбосун өз валютасында жүрчү экен. Аны ар бир жаран толук сактайт тура. Ал эми бизде кандай болушу мүмкүн? Жең ичинен долларга соодалап калп эле сомду көрсөтүп коюшпайбы? Айтор бул жерде өтө чоң маселе бар. Бирок чындап эле баардык соода өзүбүздүн сомго өтүп кетсе валютанын курсуна оң таасирин тийгизип кетиши мүмкүн болмоктур. Бул маселенин ой кыры көп экендигин түшүнүп турам. Ага алчы таасын жеген мыкты финансист – экономистер гана аргументтештирип

жооп бере алаар. Бирок менин туюмумда чындап эле сомго өтүп кете турган болсок, анын башка дүйнөлүк валюталарга болгон көз карандылыгы төмөндөмөк. Айтор маселе жаңыдан эле башталды. Өкмөт башчысынын талабы жөн гана сөз бойдон калабы? Же чындап турмушка ашабы? Бул сыртынан жөнөкөй көрүнгөн чындыгында бир топ эле татаал маселе. Жоопту болсо күзгө чейин алаарбыз. Ал эми планеталык масштабда болсо бая биз баш жагында айткандай дүйнөлүк валюталардын, ири мамлекеттердин топторунун айыгышкан каршылыгы күндөн-күнгө күчөп келатат.

Олжобай Токтосунов

Булак: “Мекен инфо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *