Видео – Дональд Трамп менен уруша кеткен журналист аккредитациясынан ажыратылды

АКШда шейшемби күнү өткөн Конгресске шайлоонун жыйынтыгын талкуулоо боюнча уюштурулган брифингде CNN телеканалынын журналисти Джим Акоста президент Дональд Трампка мигранттар маселеси жана Орусиянын АКШдагы шайлоолорго киришүүсүн иликтөө тууралуу суроо берген. Бирок журналисттин соболу өлкө башчыга жаккан эмес, андыктан Трамп журналистти “акмак адам” деп атап, ал иштеген телекомпанияга сын айтып, андан микрофонду алууну талап кылган.

Ак үйдүн кызматкери жетекчиликтин талабын аткарууга аракет жасаганда Джим Акоста ага колу менен тийип алган, бул аны аккредитациядан ажыратууга себеп болгон.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *