Доорбек Абдразаков, мамлекеттик миграция кызматынын Орусия Федерациясындагы өкүлү: “Чоң шаарлар Иркутскиде, Абаканда, Сургутта, ардактуу консулдуктар ачылышы керек”

Орусиянын ири шаарларындагы консул- дуктар, мекендештерибиздин укуктары, «Жүк-200» ж.б. маселерди козгоп, КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн кызматчысы Доорбек Абдразаков менен маектештик.

– Доорбек мырза, Орусия Федерациясындагы биздин өкүлчүлүк тууралуу маалымат алуу кызык болуп турат. Кандай иш жүргүзөсүздөр? Кандай кайрылуулар болот?

– Биз КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүбүз. Анын ичинде Сибирь федералдык округунда бир өкүлүбүз, Урал федералдык округунда бир кызматчыбыз иш алып барат. Негизги ишибиз Орусия Федерациясында кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо. Эмгек акылар, соттор боюнча иш алып барабыз. Тергөө комитеттери, убактылуу кармоочу жайларга, полиция бөлүмдөрүнө түшүп калган кыргыз жарандарынын укуктарын коргоп, эркиндикке чыгарабыз. Кыргыз жарандары кандай маселе, суроо менен кайрылса да жардамдашабыз. 2018-жылы эмгек акыларын ала албай калган жарандарга 60 миллионго жакын каражатты өндүрүп бердик. Бул аябай чоң сумма. Биздин өкүлчүлүк түзүлгөнүнө үчүнчү жыл болуп жатат. 2017-жылы 42 млн. рубль өндүрүп берген болсок, быйылкы жылы 62 миллионго жакын өндүрүп бердик. Көптөгөн укук коргоо боюнча иштерди сотторго, ички иштер министрлигине жөнөтөбүз. Ошондой эле «кара тизмеден» чыгаруу боюнча быйыл мунапыс чыккан эле. Ал
боюнча да көптөгөн жарандардын укугун коргоп, «кара тизмеден» чыгарууга көмөктөштүк. Орусия Федерациясындагы ички иштер министрлигине караштуу миграция кызматынын, чек ара кызматкерлери менен тыгыз иш алып барабыз.

– Жакынкы күндөрү эле Жогорку Кеңеште миграция боюнча бир топ маселелер көтөрүлдү. ЖК депутаты Каныбек Иманалиев «эки кыргыз жүргөн жерге ардактуу консулдук ачтык (!) деп мактанбай, 10 миң кыргыз жүргөн жерге мындай консулдуктар керек» деген пикирин билдирди. Орусиянын кыргыздар көп жайгашкан консулдуктар иш алып барып жатабы? Жалпы консулдуктар тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

– ЖКда көтөрүлгөн маселелер абдан туура. Орусияда көп жылдардан бери жашап, иштеп келем. Он миңден ашык кыргыз жарандары жүргөн жерге консулдуктар ачылса абдан туура болмок. Кай жакта биздин жарандарыбыз көп болсо, көйгөйлүү маселелер да ошончо көп. Азырынча чоң шаарларда консулдуктар бар. Ардактуу консулдук Санкт-Петербургда, Оренбург, Томск, Түштүк Сахалинде, Хабаровскиде, Красноярскиде бар. Дагы чоң шаарлар Иркутскиде, Абаканда, Сургутта ачса болот. «Казанга жакында ачылат» деген сөздөр бар. Ошол ачылбаган шаарларда консулдуктар ачылып, мекендештерибизге жардамдар берилсе, укуктары корголуп, маселелери убагында чечилип турса, бир топ жеңилдик болмок.

– 650 миң орус жарандыгын алган мекендештерибиз бар экен. Жергиликтүү эл сыяктуу алардын укугу корголобу? Билим алуу, социалдык камсыздоо жагына токтолсоңуз?

– Орусия жарандыгын алган кыргыз мекендештер Орусиянын толук жараны болуп эсептелет. Алар деле орус жарандарындай баардык укуктарга, социалдык камсыздандырууга акылуу. Балдары мектептерге, бала бакчаларга орноштурулат. Жогорку окуу жайларга окушат. Алгачкы жылдары, биринчи этапта келип калган жарандарыбыздын балдары бой жетишип, жогорку окуу жайларын бүтүшүп, чоң завод-фабрикаларда инженер, механик болуп, электроника, бухгалтерия боюнча иш алып барып, юрист болуп эмгектенип жатышат. Москва шаарынан жарандык алып, юридикалык, адвокаттык контораларды ачкан, бизнестери бар уул-кыздарыбыз арбын. Аларга эч кандай тоскоолдук жок. Өздөрүнүн жарандарындай эле камкордук көрүшөт. Бажы биримдигине кошулгандан бери айрыкча медициналык камсыздоону толук бекер ала алышат. Менимче, тоскоолдуктар жок.

– Бажы биримдигине киргенден берки өзгөрүүнү айтсаңыз?

– Бажы биримдигине кошулгандан бери кыргыз жарандарына өтө көп жеңилдиктер болду. Биринчиден, Өзбекстандын, Тажикстандын жарандарына окшоп ай сайын 4500 рублдан патентке төлөшпөйт. Эмгек келишиминин негизинде иштешет. Медициналык камсыздоону акысыз ала алышат. Ошонун баары өтө жакшы жеңилдик. Келип убактылуу каттоого туруу баардык эле чет мамлекеттин жарандарына бирдей. Сөзсүз катталышы, жашаган жеринде туруусу тууралуу айтсак, миграциялык мыйзамга баш ийишибиз керек.

– «Жүк-200гө» кандай жардамыңыздар бар?

– «Жүк-200» боюнча жардамдар дайыма берилет. Аргасыздык, кырсыктар болуп калат. «Жүк-200дү» жөнөтүшүп, документтерин даярдашабыз. Каза болгон жарандардын жакындарына жардам сөзсүз көргөзүлөт. Өкмөттөн 50 миң сомго чейинки компенсация төлөнүп берилип жатат. Миграция кызматынын маалыматтык кеңеш борборунан төлөнөт. Мекендештерибизге биз ага чейинки түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *