Дүйнөнүн футбол боюнча чемпиону болгон Германиянын курама командасы бүгүн Мексикага утулуп калды

Бүгүн, 18-июнда Москвадагы “Лужники” стадионунда дүйнөнүн футбол боюнча чемпиону Германиянын курама командасы менен Мексиканын курама командасы беттешип, немистер 1:0 эсебинде мексикалыктарга уттуруп койду.

Топту немистердин дарбазасына оюндун 35-мүнөтүндө мексикалык оюнчу Ирвинг Лосано тээп киргизди.

Эми экинчи турда, 23-июнда Мексика Түштүк Корея менен, ал эми Германия Швеция менен беттешет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *