Дүйшөн Керимов: «Билесиңерби, азыркы Президенттин атасы эмне деген?»

-Дүйшөн байке, деги кайда жүрөсүз? Өткөндө издесем телефонуңуз өчүк, чочулап, туугандарыңыздан, ал тургай тээтиги Ак-Муздагы Мырзабек иниңизге чейин дайыныңызды сурап жибердим…

— Анан алар эмне дешти?

— Бар эле болуш керек, жакында сага өзү барып калаар дегендей жооп уктум.

— Баракелде! Мына бүгүнкү кыргыздын жашоо образы. Улуу “Манаста” айтылгандай:

“Бири кетти Алтайга,

Бири кетти Кангайга,

Бири кетти Урумга,

Бири кетти Кырымга,

Бири кетти Эренге,

Бири түшүп кетти, Тереңге…” болдук да…

Анда Ала-Тоону Алооке чапканда ушинтип ыйлаган кыргыз. А береги, Акаев чапкынынан берки 28 жылда аз кыргыз андан да кеңири масштабга чачылып кетти го. Дегеним, бири-биринин кабарын билгенге чамасы келбей калды же жанагы менин мисалымдай туугандык, дегеле адамдык мамилелер күңүрттөнүп, ачык айтканда, калтаңда акчаң же бийлигиң болбосо эч ким бири-бирин билгиси да келбей калды. Баары акча, ал тургай маркумга куран окутулган аш-тамакка төлөйсүң. Чакырган жердин баарында чөнтөгүңдү карайт да турат. А мен каргадай кезден чоң атамды далай аш-тойлорго ээрчип бардым, бирөөлөргө сом бергенин көргөн эмесмин. Ал кезде мейманынан бата күтүшөөр эле. Кыскасы, кайран аманат турмушубуз бүткүл комерцияга айланды. Же илгери, биздин айылдык Майлыбаштын Мамбети айткандай, меники калппы?

— Чын деңизчи, бирок жана сиз айткан тентигендер боюнча… Баарыбыз “мигранттар бизди багып атат” деп мактанып атпайбызбы?

— Аа катыгүн, экөөбүздүн акылыбыз ошо болсо… Эй, өткөн ажобуздун бир акаарат сөзү үчүн, акыйкатта Алмаз Атамбаевдин ал сөзүндө намыстын учкуну бар эле, Астанада оокат кылып жүргөн жээним эмне күндү көргөнүн ыйлап айтып бербедиби. Мөлтүр суусун ичип, көк-жашыл чөбүн жесең да өлбөй турган асыл Ала-Тообуздан тентип кетип атканды, жерине сыйбай жер кезген сансыз Кытайга салыштырбашыбыз керек. Аз кыргыздын миллиондоп тентип атканы чоң трагедия! А ал нак кыргыздардын ордун бара-бара туш-туштан келген “чөөлөр”, жамырап төрөлүп атканын “арам сийдик жээндер” ээлеп алса, а паспортуңда “кыргыз” деген мөөрүң да жок…

— Кытай демекчи, “Кытайдан кредит алып атабыз, Кытай жасап берип атат” деп эле айгайлап жатчу элек. Өткөн жылы 380 миллиондой (!) долларга оңдолуп, үч күндүк чыкыроонго чыдай албай “быш” эткен окуяга кандай карайсыз?

— Омокеңдин (Султанов) учурашаар тун сөзү бар го: “Эй кашайгыр, кандайсың?” деген. А булар чындап кашайтты го кашайгырлар! Менимче Суке, бу жерде бир табышмак сыр жаткансыйт… Илгери, Үркүндө барып, Кытай жергесинде бир далай жылдары жашап, мамлекеттик кызматка да аралашып келген Малатай деген тайакебиз бар эле, “Кытай жаман, кытайдын зоолусу жаман…” деп башын кылтыңдата чайкап отураар эле жарыктык. Маселе акчада гана эмес, карызыбыз ансыз деле күндөн-күнгө калыңдап баратпайбы, бирок бермеги кандай болот, кеп ушунда. Маселен, эзелтен оолжуй арак ичишип келген орус досторубуз, түрк кардештерибиз, гумандуу Европа кечип жиберип же жүйөңдү угуп, бир чети боор ооруп күтүп турушу мүмкүн. А уруш-чатагы жок эле бүткүл дүйнөгө үргүлжү кооз товарлары менен аралашып сиңип бараткан айланайын ажыдаардай өлкөнүн “зоолусу” кандай болот? Билесиңби, ушунун баары улуу “Манастын” маңызында катылып турат, эй! Анан да Калыгул, Арстанбек, Нурмолдо сыяктуу акылман бабаларыбыз да мындай мааниде айткан: ушундай балдар келет, жүргөн-турганы жайдаңдап, көздөрү ойноктогон же орусча айтканда, поезд каршы-терши жүрүп тургандай, таманы такылдап иштегендей… “Кырк кадам” дейт — ​сөз мааниси кандай? Мына, 380 миллион долларга куран окула башталды…

— Стоп байке! Ары жагы түшүнүктүү… Жанагы жоголуп кеткениңизде бир мандем бар болчу, аябай буулугуп калган өңдүүсүз?..

— Бишкекте буулукмак турсун, Кудай өзү кечирсин, тумчугуп да кетишиң мүмкүн… Ноокаттык аяш энем — ​кылымга жуук жашаган Акмарал байбиче айткандай, улуу-кичүү “алкеш” достор бура бастырбай эле бучкактап турса же аларды мечитке трактор менен да кошо сүйрөп алпара албасаң, борбордун чок ортосунда былтыр сенин гезитиңе кейип жазганымдай көп кыргыз азыр да “кырк асый” кыйрайган ГАЗ‑53 машинасына күрөктөп кар жүктөп жатса, өткөн күздө эле далайы асфальтталган аллеяларда кыңылдап ырдап кыдыңдап баратсам, анысы жарылып, чекелери урай баштаса… А парламентте “ТЭЦ жарабай калды, мэр жакшы иштейт экен, ошонун карамагына бере салалы!” деп бакырып атышат…

Бирок дүйнөкүн, таберик жашоонун сонундарына Жаңы жыл алдында Түркиянын Кахраманмараш шаарында өткөн “Улуттук оюндар” боюнча симпозиумга барганда күбө болуп, көңүлүм чайыттай ачылып, атаңдынгөрү дүнүйө, асыл Ала-Тообуз ошол деңгээлге жеткенин көрсөм деп, кызыл-кызыл кыялдарга байланып келгеним да бар.

— Ток этээри эмнеси жакты?

— Мараш шаары биздегидей миллиондон ашуун эл жашаган, Сирияга чектеш чөлдүү чөлкөмдөгү оазистей болгон ажайып шаар экен. Адыр-адыр тоолоруна чылк эле туя-арча эгип салышыптыр, көк-жашыл токой ыңкыйт. Табияты биздегидей күнөстүү жер, үйлөрүнүн төбөлөрүнө жалаң Күн нурунан жылый турган приборлор орнотулгандыктан түтүнсүз ачык асман, айдарым таптаза абада айтылуу баатыр спортчу акем Каныбек Осмоналиев болуп, оюн салып жүрдүк. Коомдук транспорту таракандай майда маршруткалар эмес, бир кылка көлөмдүү автобустар жүргөндүктөн биздегидей тыгылышмай, тыгын деген балээ жок. Мүлдө соода тармагында спирттик ичимдиктердин бир тамчысы жок. Маселен, дүкөндөрүнө ак калпагыңды алчылантып кирип барып, “Айтматов!” десең, ордуларынан тура калып, кофе-чайын сунганча шашат. Жыйын-чогулуштары жыйынтыктуу, кыска, мазмундуу, кагазсыз-табигый, нукура сөз. Илимпоз аксакалдары жаштарына сөз кезегин берип, кунт коюп угуп отурат. Кудум илгерки көчмөн чоң аталарыбыздай, анык саяпкерлер. Күпүлдөп, ызырынып же “ураалап” мактанган жан жок.

— А биздечи?

— Эми көрүп атпайсыңбы… Бир кездеги бүткүл СССР боюнча эң таза, жашыл шаарыбыздын кейпин. Академик, эл акын, жазуучу акелерибизден жаштарга тургай, алтымыштын ора-парасындагы экөөбүзгө сөз кезеги тийбейт го. Тиймек турсун тыңшагысы жок. Ар кимиси өз-өзүн гений эсептейт. Сын айтып койсоң атып салгысы бар. Кыясы, ошондуктан кайран Айтматов алыскы Бельгияга, Кубат аке Алайга чыга качкан окшобойбу…

— Ой байке, божурап атып кайдагыларга кирип кеттик. Мен сизди издеген темага келели.

— Дагы темаң барбы?

— Бар эмей… Анда-санда чочугансып, чоңсунгандай ойлорду айта калчу элеңиз деп издегеним, өткөндөгү Президентибиздин коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзү коомчулукту кыйла жандантып, жандуунун баары оюн айтып атса, сиз да бирдеме дейсизби дегеним да?..

— Чоңсунгансыган ээ… Жакшы, өзүм деле “Ажонун акааратынан кийинки ойлор” дегендей бирдеме жазайын деп демденип жүргөн элем. Эми экөөбүзгө чейин эле телевизордон баягы Жекшеев, Какчекеев, Бакетаев сыяктуу белдүү, дайыма табында турган тулпардай болгон серепчилер ансыз да буламыктай белендеп, ал тургай Алмаз иним Акматалиев “Президент өтө талуулуу маселени козгоду, эми саясый эрк керек, эл жапырт колдош керек, керек болсо жүз миңдеген киши акүйдүн алдына колдоп чыгып берели!” дегендей, ушунчалык ачык-айкын, кызуу талкуулап жатышат. Деги бийликтен элге эмне керек? Тынч, коогалаңсыз, тапкан-эткенин эч кандай чочулабай убайын көрүш, оюндагысын ачык-айкын айтыш, кыскасы, “менин мамлекетим бар, ал менин укугумду камсыздайт, иш жана беймарал жашоо берет…” дегендей маанай ишеним гаранты керек.

— Дагы стоп! А сизчи?..

— Мен кембагал саал башкача өңүттө айтайын дегем да… Ток этээри, элиң жогорудагыдай серепчилерден да баарын эле эки-үч эселеп сонун түшүнүп турат го. Кыргыз өз алдынча жашаганга аябай машыкпадыбы. “Саясый эрк” дейт, эмне адабий, маданий, жөнөкөй, татаал… дегендей да эрктер болобу? Маселен, кыргыздын алыскы айылынын чегинен ары эч ким деле билбеген, сабатсыз, намаздын сүрөөлөрүн эптеп жаттап алып, бирок, беш маал жазбай окуган, көчмөн доордун акыркы калдыгындай болгон чоң атам Керим мага каргадайдан кулагыма куйган осуяты бул эле: “Балам коркпо, Кудай берген жанды Кудай алат. Колуңдан келсе, укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба, калптын казаны кайнабайт, сабырдын түбү сары алтын, ниети соонун — ​дени соо…” Муну уктаарда, тураарда, аш-тойдо ж. б. жерлерде жадабай кобурачу. Жумгактап айтканда, миңдеген жылдардан бери Ала-Тоосун мекендеп келген бир ууч элдин, деги эле жакшы тилектүү адамзаттын жашоо принцибинин маңызы ушу ойлордун тегерегинде эле экен да. Анан эми калың эли колдогон үчүн Президентибиз президенттик орунда олтуруп, өз милдет жоопкерчилигин аткарып баштаса — ​анын ар бир сүйлөгөнүнө ортомчу-баяндамачылардын ушунчалык көбөйүп кеткенине күйбөгөн жериң күл болот, кысталак!

— Ооба, алардын айынан биз гезитчилер да ишсиз кала турган болдук…

— Эми Суке, кайран кыргыз эли береги Акаев бүлгүнүнөн бери эмнелерди башынан өткөрбөдү. Сөздөн ишке өтпөйлүбү. Алакандай элбиз. Президентке баары дапдайын. “Ачса алаканында, жумса муштумунда” дегендей.

— Кокус Президент сизди чакырып, “Эмне сунушуң бар” десе, ойлонбой айта турган сөзүңүз барбы?

— Бир гана сунуш… Жанагындай түгөнбөгөн, түбү-өлүк жайкама-жандоочтордон, жанында чырмоочтор чырмап алган сук көздөрдөн арылыш керек. Колдон келсе, эл арасынан көзгө тике карап сүйлөгөн, ар-намысы бар, Ата-журту үчүн өлүп бере турган адамдарды — ​кары-жашы, кайсы жерлик, кандай бийликтин учурунда иштегенине же иштебегенине карабай “ит” менен болсо да издеп таап, бир чакан топ — ​совет курап, Президентибиз ар ай сайын болсо да убакыт таап ошолор менен бир аз акылдашып турса натыйжалуу болор эле, атаңдынгөрү дүнүйө…

— Коомду өзгөртүп жибериш бир кишинин колунан келеби?

— Келгенин көп сүйлөп отурбай эле, бир кездеги Сингапурдун премьер-министри, береги Саакашвили өңдүү башчылар далил болуп берет.

— Саакашвилиңиз өз өлкөсүнө кире албай жүрөт го?

— Анын да өз жөнү бардыр. Бирок да, баардык эрдиктер эле өз учурунда баалана бербегенин тарых тастыктап турат. Гитлерге “беш мүнөттө” тизелеп берген Францияны кайрадан силкип тургузуп, ата салттуу өз нарк-аброюн тикелеп берген, азыр Париждин аэропортунан өйдө аты коюлуп, мамлекет сыймыгы болуп турган генерал Шарль де Голь өлгөндө тажиясына кырк эле киши катышкан экен. Башканы эмне кылалы баатыр, кайран Исхак абабыздын сөөгүн канча жылдардан кийин өз мекенинин топурагына көчүрүп келдик…

“Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,

Аз болсо да сыртта калаар сөздөрүм.

Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,

Буудан болуп, таскак салып өтөөрмүн” деген, кыргыз поэзия генийи Алыкул жалгыз жатып жан берсе, алакандай ак калпак элин ааламга дүң кылган улуу Айтматов бийликтин дөөпөрөстүк мамилесине таарынганын билгизбей айтылуу алп Толстойчо сапарда көз жумганын аңдап-туяр бекенбиз…

Билесиңерби, азыркы Президенттин атасы эмне деген? Балким бирөөлөргө көшөкөрлүктөй сезилээр, айтып да, жазып да жүрөм го, мен Ош пединиститутунда окуп жүргөн, өткөн кылымдын 70-жылдарында эле азыркы Президентибиздин атасы Шарип акенин мына мындай айткан сөзү элге афоризм катары кеңири жайылып кеткенин дагы да кайталайын: “Эр жигиттин алдында үч нерсе тең келиши мүмкүн: байлык, бийлик, намыс. Ошондо намысты кармоо керек. Анткени, намысын жоготкон адам — ​баарын жоготот!”

Кыргыз урпактары — ​ар-ар кимибиз алыс-жуукта жүрөбүзбү, ылайым намыстуу, нарктуу, ыймандуу бололу. А жаңы Президентибизге болсо, ошондой ой-каалоолорду жана да бекем ден соолук, бөөдө кырсыктан тыш, жапжаңы ийгиликтерди Жараткандан тилейли да!

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *