Дүйшөн Керимов: “Мени жаман жолдордон биринчи намаз, экинчи Манас куткарды”

 

Кечээ кесиптешибиз Дүйшөн аке алтымыш жашка толду. Куттуктагыча маектешип турганыбыз ушул. Акыл дүйнөсүнө келишиңиз менен!

 –Дүкө, кесибиңиз эмне?

–Кыргыз тили жана адабияты мугалими. Атам мугалим, мектеп директору болуп жүргөн киши болчу, бир жолу Фрунзеге кетип, келген соң “эжеңди юрфакка, сени тарых факультетине өткөрүү үчүн сүйлөшүп келдим, экөөңө эки жылкы бермей болдум” деди. Анда жылкы миң рубль боло турган. Анан эле онунчу классты бүтүп, акыркы коңгуроодон келсем эле үйдө опур-топур, машинелер туруп калыптыр. Самоор кайнап, келиндер чуркап жүрөт. Көрсө, Жамийла эжемди ала качып кетиптир. Атам кызын жакшы көрчү “сот болот бул” деп. Көмкөрөсүнөн жатып алып, кудаларды кабыл албай жатыптыр… “Силерге окуу жарашпайт” деди ачуусу келип, “эрге тийип кетти жанагы эжең, эми сен тентигендердин артынан  барып оку, Ошко жеткирем” деп эле ойдо жок жерден Ошко самолет менен учуп бардык. Улуу агам врач болуп ошо жерге барган. Ошентип, тагдыр буюруп, Оштон окуп калдым.

–Өзүңүздү адабиятчымын деп эсептейсизби, же жазуучу деппи?

–Жазуучумун деп айта албайм. Кылыктанып эмне кереги бар? Мыкты окурманмын деп айта алам. Эгер окурмандардын конкурсу болуп калса, “улак тартышка” түшөт элем.

–Алгачкы чыгармаңызды качан жаздыңыз эле?

–Мен институтту начар окудум. Досуң Карбалас болсо… Жалаң ошо сыяктуу делбе досторум бар эле. Өзүбүз кызыккан гана лекцияларга катышып, калган сабактарга барбай койчубуз. Синтаксис, морфологияны окубай, качып жүрүп эле өткөрдүк. Мугалимдер да бизди эркелетчү экен азыр ойлосом. Билчү экен да, “булардын шыгы ушу жакта” деп жөн койчу тура.

–Сиз кыргыз адабиятын аябай жакшы билесиз. Кээде көп ырларды жатка айтканыңызга таң калам.

–Мен өзү талаада жалгыз жүрүп, ырларды жатка айтып ырахат алам. Бир жолу ээн таалага чыгып алып, “канча ырды жатка билет экенмин” деп санадым, жетимиш ырга барып токтодум. Кайра-кайра окуганда жакшы ырлар эсиңде калып калат. Анан алардын таасири менен өзүң да бирин-серин ыр жаза коет экенсиң. Кээ бир саптар окшошуп да калат…

–Азыр да китепти көп окуйт болушуңуз керек?

–Мына, столдо үйүлүп турбайбы. Китепке болгон сүйүү да өзүнчө эле бир кумар. Бир эле сүйүү болот дегенге мен ишенбейм. Улам эле келе бере турган жарыктык экен да өзү. Мектепте бир келет экен, студент кезде бир келет экен, киши куракта бир келет экен ал түгөнгүр. Мына, азыр алтымышка келгенде да сүйүү эңсеп турам. “Дагы жолугабы?” деп үмүттөнөм. Ошо сыяктуу, окуучулук, студенттик кездеги кыздар кылт этип эсиме түшүп, сагынгандай, жакшы китептерди да сагынып кайра окуйм. Мисалы, “Кылым карытаар бир күндү” кайра окусаң кайра ачылат эй! “Молдолорго каяша айтам” деп ошонун ичинен таап чыктым. Көрсө, Айтматов бизге дин жакшы жуга электе эле динди дават кылган киши экен.

–Айтматовдон башка акын-жазуучулардан сизге дагы кимдер өзгөчө таасир этти?

–Көп окуган сайын иргелет экен да. Мукай Элебаевди кайра-кайра окудум. Себеби, өзөгүндө чындык жатат. Абдукаимовдун “Майдан” романын, Касымбековдун “Сынган кылычын”, анан Мырза акени көп окудум. “Кыштакча” повестин он-жыйырма жолу окугандырмын. Азыр да окугандан тажабайм. Анан Айтматов, Кубат Жусубалиев албетте. Хемингуэй “жазуучу болуш үчүн Толстойду, Достоевскийди, Фолькнерди сөзсүз окуш керек” деп санап берет. Ошо сыяктуу мен да жазып жүргөн биздин жигит-кыздарга айтат элем, Айтматовду, анан жогоруда мен санаган адабияттарды окуса эле канча деңгээлге өсөт. Кээ бирөөлөр бар, “мен окугандан таасирленбейм, өзүмчө жазам” деген. Алар Салижан аке айткандай, көдөө математиктер сыяктуу да. Бир математик өмүр бою изилдеп жүрүп ачылыш ачса, анысы жүз жыл мурун эле ачылган экен.

–Сиз белгилүү акын-жазуучулардын көбү менен чогуу жүрүп, жакшы мамиледе да болуп калдыңыз. Мисалы, Эрнис Турсунов менен…

–Ош пединстититунда Карбалас менен бирге окудум. Түнү менен жазган ырларынын биринчи угарманы менмин. Ак-Бууранын боюнда эки портвейнди кармап алып, күн чыгып келатканда ырларын алгач мага окуп берчү. Кармышак Ташбаев мыкты акын. Карыганча эл акыны наамын бербей мукуратышты. Бир эле “Сагынуу” деген ыры үчүн эле берип коюшса болмок. Алымкан Дегенбаева деген эжем бар болчу. Турабай Жороев аке,Маматемин Рыскулов  менен чогуу жүрдүк, ээрчишип жүрдүк. Маматемин дос абдан таланттуу сонун жигит эле. Андан башка, китеп аркылуу достошкон, көрсөм деп дегдеген кумирлерим бар болчу. Айылда беш жыл мугалим болуп, Нарын облустук гезитинде иштеп жүрүп, Бишкекке 1991-жылы келдим. Ошондо баягы кумирлеримди издей баштадым. Салижан акени, Мурза акени кийик уулагандай ууладым да. Албетте, адамды бириктирген бир нерсе бар да. Дасторкон бириктирет, шарап бириктирет. Шарап жандуулар менен ичип дос болдум. Эрнис абам менен тай-кулундай болуп ээрчишип жүрдүк. Мурза аке менен жүрдүм. Мен тамашалап калам: “Кумирлеримен Сүйүнбай Эралиев карып кетиптир, Байдыкенин буту сынып үйдө жатып калыптыр. Жолон, Турар акелер өтүп кетиптир. Анан менин колума тийгени Эрнис Турсунов менен Мырза аке болду” деп. Салижан акеге да жакындайын деп шыйпаңдадым. “Мугалимдер газетасына” интервью алдым. Анан бир күнү “Салижан аке, жүрбөйсүзбү, боор батырышып бир чай-пай ичели” десем, “чайың жакшы экен, пайды мен ичпей калгам, мен сийдик ичип калганда келбедиңби” дейт. Көрсө, уринотерапия менен шугулданып жүргөн кези экен. Ал киши каза болгондо театрдын алдынан алып чыкпадыбы. Мен кеч угуп калдым. “Элегия” деген ырын табыттын жанында айтып берүүнү ойлогом. Экинчи курста пахта терип жүрсөк, Пайзилла Ирисов агай бизге барды. “Элегияны” жатка билет экен ошо киши. Окуп бергенде мага ушунчалык таасир берген. Салижан аке өзү айтчу, “төрт тарабы төп келген бүтүн ыр жок, локомотивдей сүйрөгөн саптар болот, ошол саптар ыр кылат” дечү. Бирок, “Элегия” бүтүн ыр, кыргыз адабиятындагы сейрек кездешкен ырлардын бири. Бир жолу Салижан акеге “менин тагдырымды жазыпсыз, ушул ырды мен жазмак элем” десем, “эй, кембагал, жакшы окуйт экенсиң сага бердим” деди.

–Омор Султановдун ырлары эмнеси менен жагат?

–Былтыр Омокемдин сексен жаш юбилейине карата радиого интервью бергенде айткам, Алыкул кыргыз поэзиясына жаңы көчөт алып келип отургузду, Омор ошол көчөттү байтүп дарак кылып өстүрдү. Омокең Алыкул баса албай калган жолду андан ары улады да. Биздин салттуу кыргыз ырларын европалык, дүйнөлүк поэзияга алып барып, синтездеди, жууруп, айкалыштырды.

–Адам алтымыш жашка келгенде өткөн өмүрүнө, баскан изине кылчайып, өзүнчө тыянак чыгарат эмеспи. Байдыкем айткандай, өзүнө, элине отчет берет. Сиз алтымыш жаштын белинде кандай ойлорго келип атасыз?

–Менин балалыгым кыйчалыш өттү. Энеден эрте ажырап, өгөй энелердин колунда чоңойдум. Атам болсо мен жаңы эле жыйырма үчкө чыгып, үйлөнөйүн деп турганда өтүп кетти. Бирок, менин тагдырыма жакшы аялдар кездешти. Өзүмдүн апам, кийинки апам, эки чоң энем, кир-когумду жууган эки эжем – ошолордун баары жакшы кишилер. Азыр алтымышка чыкканда ошол кишилердин баркын билип атам.

1991-жылы кыргыздын кайталангыс тил аалымы Кусеин Карасаевден интервью алгам. Ошондо ал киши токсондо болчу. “Токсон жаш кандай экен, аба?” десем баарын айтты, кыйналганын айтты, эл душманы деп камалганын, кызматка коюлбаганын, үйдү кеч алганын айтып келип, “бирок, жамандыктын таразасын жакшылыктын таразасы дайыма басып келди, эми сонундун баары алдыда” деди. Карачы, токсон жаштагы киши айтып атат. Анан биз алтымыш жашта эле “буксовайт” этмек белек? Баары алдыда да. Ушунун баары адабият. Адабият, китеп дүйнөсүнө аралашканым мени көп жамандыктардан сактап калды. Кыскасы, ата-энем жетпеген алтымыш жаш мен үчүн армандуу да, ажайып да…

–Дин сиздин жашооңузга эмне берди, кандай өзгөртүүлөрдү киргизди?

–Мен өзүмдүн бир повестимде жазгам, төрт-беш жаш курагымда эле намазга аралашыптырмын. Себеби, чоң атам намаз окуп атканда, саждага чекесин коюп, кайта өйдө болгондо мен мойнунан кучактай калсам түртүп койбостон кыямга туруп, кайра эле рүкү кылып, саждага барчу. Биз намаз эмне экенин билбеген Союздун мезгилинде чоңойдук. Кийин-кийин жанагы “ичкиликтен арылалы” деп кожо көрсүн кылып окуп жүрдүк. Көлдүн касиеттүү аксакалдарынын бири Сарт акенин: “Энеден жакшы туулган пенде деле акмак чөйрөгө кабылса, ошол чөйрөнүн сазынан чыкпай калат” деген жакшы сөзү бар экен. Биз жалаң аракеч коомдо чоңойдук да. Мен мисалы, өзүмдү аракеч болгом деп эсептейм. Аз ичесиңби, көп ичесиңби, аракка аралашкан киши — бул аракеч. Байдыкең айткандай,

Эшигин илип ичинен,

Эрлер көп менден көп ичкен.

Тартайган сары текедей.

Талаадан ичсем мен ичем.

Ошентип, көрүнүп калам элиме, – дегендей эле кишимин мен дагы. Ичкенде өзүңөр билесиңер, күлүп-жайнап, ачык сүйлөп калчумун. Андай кишилер бутага көп илинет экен. Мага акыл айтып жүрүп, кээ бир кишилер өздөрү арактын артынын кызматтарынан куулду. Арак ичүү рактай эле оору. Жаңылып-жазып жүрүп түзгө чыгасың да. Космоско да чоң даярдык менен учат го, ошо сыяктуу мен да намазга чоң даярдык менен келдим. Биринчиден, Кудайдан коркуп, экинчиден, атакемдин арбагын сыйлап алтымыш жашымда намазга толугу менен өттүм. Жаман жолдордун башаты – арак. Мени ошол жаман жолдордон биринчи намаз, экинчи Манас куткарды.

–Торколуу тоюңуз кут болсун, байке! Көп жашаңыз, чыгармачылыгыңыз мындан да өркүндөсүн. Сиздин али бергениңизден бере элегиңиз көп, көкүрөгүңүздө аябай чоң кенч чети оюлбаган бойдон жатат. Сиздин кийинекей бир макалаңызды окусак да тамшанып калабыз.

–Карууга толгон учур өзүңө деле сезилет экен. Балбандар күрөшкө чыкмайынча тура албай калган учур болот экен, мен ошолорду жазып атпаймынбы. Мамлекеттин заказы менен эки жыл бою “Айкөл Манас оюндары” аттуу китеп жаздым. Биринчи томун чыгардым. Кубат Жусубалиевдин “Улакчы” аңгемеси гениалдуу чыгарма! Ошондо жанагы улакчы өзүнүн ыштаны жок экенин унутуп коюп, оюнга кирип кетет эмеспи. Мен да ошол улакчыдай эле болуп турам азыр. Менин бир жаман сапатым бар – жалкоомун. Бирок, жалкоолуктун бир жакшы жери – оюңда бышырып туруп, анан бирдеке жазасың. Азыркы балдар экранды карап эле уруп атышпайбы. А мен кембагал кичинекей макаланы да түйшөлүп, жүрөгүмөн өткөрүп жазам. “Алтымыш жашыма алты китеп чыгарып ийейин” дедим эле жетишемби, жетишпейимби, Кудай буюрса, баары алдыда да…

 Мамат САБЫРОВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *