Дүйшөнбек Адашпасов, экс-президент А. Атамбаевдин айылдашы: «Атамбаев тыйын таратып элди көтөрөм десе, “Чыкпайсың, мурункудай болуп элди алдабай эле кой” деп айылдаштары эле эркекче айтып коёбуз»

-Дүйшөнбек байке, сиз Арашан айылында туулуп өстүңүз да?

— Ооба, ушул айылда туулуп, ушул жердин чаңын жутуп чоңойгонбуз. Уруубуз болсо солто. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы үйү эмес, мурунку үйү ушул айылдын баш жагында.

— Анда Алмазбек байкеңизди жакшы эле билет турбайсызбы?

— Айылдагылардын баары бири-бирин жакшы белет да. Ал киши мурун айылга жардамын берип турганы чындык. Муну айтышыбыз керек. Президент болгондон кийин спорт комплекс, оорукана салды. Бирок, оорукананы салып бүтүрүү боюнча тендерди мурун шоопуру болуп жүргөн Икрам Илмияновго берип коюптур. Оорукана дагы деле ачыла элек. Жасалып бүткөн жок. Ачылышын жасайлы десе аппараттары жок турат. Президент болуп өз айылына жардам бергени менен кыргыз эли 5 млрд долларга жакын карыз болуп олтурбайбызбы. Жаңы туулган балабыз 800 доллар карызды мойнуна илип алып жарык дүйнөгө келип атпайбы.

— Өз айылына жардам берсе, ал кишинин жакшы мамилеси үчүн айылдаштары аны колдоого алат экен да? Өзү деле “Бир нерсе болсо жогор жактан түшүп келип, баарыңарга көрсөтөм” деп айтпады беле…

— Чын эле айылдаштарына ишене турган болсо өз үйүнө эмнеге келбейт? Келбейби? Ал кишиге айтчу сөздөрүбүз толтура. Мен дагы жай олтуруп, бетине карап узатчу суроолорум бар. 2010-жылы 7-апрелден кийин үйүнө куран окутушуп мени да чакырышкан. Чакырган жерге барасың да. Аксакалдарга кошулуп баргам. Чатырларды тигип коюптур. Ошол жерге кирип чай ичип олтурсак, бир бала келди “Сизди Алмаз байке чакырып жатат” деп. Чыгып барсам, бажыда иштеген иниси Съездбек Абдрахманов деген иниси экөө экен. Алмаз Атамбаев мени кучактап “Дүйшөке, сенин эрдигиңди айтып беришти, уктум. Мен кызматка бекип алайын. Андан кийин экөөбүз жай олтуруп сүйлөшөбүз” деп айткан. Ал айтканы ошол жерде эле калып кетти. Кызматка олтургандан кийин келген да жок, чакырбады дагы. Өзүм жолугат элем деп эшигин каккыламак белем. Революция учурунда башты сайып койгонбуз. Сөздүн ачыгы, бийликти буларга биз алып бердик да.

— Айылдашыңыз Догдурбай аксакал дагы “Алмаз мага шаардан үй берем деп убада кылып, кызматка олтургандан кийин антип айткан эмесмин деп танып кетти” деп айткан эле. Ал аксакал “Форумдан” баштап Ак үйгө элди баштап баргандардын бири эмес беле. Сиз да ошол сөздү уктуңуз беле?

— Бул сөздү уккам. Атамбаев айылдагы мечитке келип, намазга жыгылганда Догдурбай аксакал “Алмаз, сага айтчу сөзүм бар эле. Үй берем деп айткан сөзүң аткарылабы?” деп айтса, Атамбаев элдин көзүнчө аксакалды катуу урушуп, сөккөнгө чейин барыптыр. Муну ошол жерде болгондор айтышкан. Үйдү революцияга катышпагандар деле албадыбы. Ошол аксакалга бир үйдү берип койсо неге болбосун?! Болот болчу. Мен өзүм аксакалдын колун кысып, коркпой алдыда жүргөн эркек экенсиң деп айткам.

– 2010-жылы апрелде Атамбаев камалыптыр дегенди угуп, айылдаштары топтолуп, бошотобуз деп түштүңөр да. Ал киши элдин күчү менен бошотулду. Бошогон соң силерге келип ыраазы экенин айттыбы?

— Президент болгондо айылга келип, маданият үйүнүн алдында эл менен жолугушту. Мен дагы аксакалдар менен чогуу катышкам. Ошондо Атамбаев аксакалдарга “Эки айдан кийин келип, өзүбүзчө жай олтуруп сүйлөшөбүз” деп кеткен. Ошол менен президенттик мөөнөтү бүтүп кете берди. Келем деген киши келген да жок, өзүбүзчө биз менен жай олтуруп сүйлөшкөн да жок. Жигитче мамиле жасабады. Айткан сөзүнө турбады.

— Арашанда деле Сапар Исаков, Алмаз Үсөновдой иштей алчу жигиттер бар болсо керек. Мыкты жигиттерди айланасына тартып, кадр өстүрө алдыбы?

— Бизде деле Исаков, Үсөновдон кыйын, таза иштеп берчү жигиттер толтура. Атамбаев андай балдарды жанына тарткан жок. 2005-жылы ушул киши деп Бишкектин борбордук аянтында жуунбай канча күн жаттык. Арашандан Бишкекке чейин плакаттарды көтөрүп алып жөө барган күндөр болду. Президент болгондон кийин айткан сөзүнө турбаганын көрүп, андан тыйын албаган, жүрөгү таза балдар жанына жолобой коюшту. Тыйынын алып алгандар, кошомат кылгандар гана айланасында жүрүштү. Мен өзүм дагы КСДП партиясынын мүчөсүмүн. Көп кыйын балдар партиядан кетип калышты. Алардын ордуна Максимдин тегерегинде жүргөндөр келип алышты. Биз Атамбаев үчүн жан дилибизден күйгөнбүз, ач болсок да ал үчүн күрөштүк. Президент болгондон кийин кошоматчыларды чогултуп алды. Бир эле мисал айтайын. Наркы көчөдө жашаган Молдобеков Турдубек деген байке бар. Убагында кеңешчи болуп жанында жүргөн, КСДПны көтөргөн. 2007-жылы парламенттик шайлоодо аны депутат кылам, тизмеге экинчи же үчүнчү болуп киресиң деп айтып, тизмеде артка жылып калып, депутат болбой калган. Турдубек байке “Алмаз байке, ушул кылганың туурабы? Экөөбүз башынан баштап бирге жүрдүк эле. Эмгекти деле сыйлаган жоксуз” деп айтса, Атамбаев сөздү көтөрө албай, экөөсү айтыша кетишип, байке чыгып баса бериптир.

— Азыр Атамбаев күздө элди көтөрүп, революция жасайт экен деген сөз тарап жатат. Ал киши биринчи эле айылдаштарын көтөрөт да. Айылдаштары мурункудай болуп артынан ээрчийби?

— Айылдагылар колдобойт. Атамбаев революция да жасай албайт. Жигитке окшоп айткан сөзүнө тура албаса, айылдаштары биз эмнеге колдомок элек?! Колдосо, кошоматчылары гана колдойт. Алардын дагы колдоп чыкканга духу жетпейт. Атамбаев тыйын таратып элди көтөрөм десе, “Чыкпайсың, мурункудай болуп элди алдабай эле кой” деп айылдаштары эле эркекче айтып коёбуз. Ачыгын эле айтайын, мен өзүм президент Жээнбековду колдойм.

— Жээнбековду эмне үчүн колдойсуз?

— Жээнбеков дагы Атамбаевдин жанында жүргөнүн өз көзүм менен көргөм. Ал киши жанында жүргөндөрдөн айырмаланып, коррупцияга аралашпай өзүн таза алып жүргөнүнө баа берем. Адам кандай экенин ишинен эле билсе болот да. Атамбаев президент учурунда резиденциядан баштап Ак үйгө чейин миңдеген милицияны көчөгө чыгарып, жолду тостуруп ишке барчу. Жумушка барчу жөнөкөй кишилер кечигип эле жүдөчү эмес беле. Жээнбеков эртең мененки намазын окуп алып, жолду тостурбай эле жумушуна барып калат экен. Атамбаев өзү “мен керт башым менен жооп берем” деп айтканын баарыбыз укканбыз да. Азыр өзүнүн жанында жүргөндөрдүн былыгы-кылыгы ачыкка чыгып жатпайбы. Алар кантип Атамбаевдин уруксаты жок ошол ишке барып атышкан? Бара алмак эмес. Алмаз байкебиздин “мыйзам алдында баары бирдей” деп айткан сөзү бар. Эми эркекче жооп беришсин.

– 7-апрелде окко учкан балдардын үмүтү ишке ашпады, биздин эмгек текке кетти деп күйүп аткан экенсиз да?

— Ушул жылы 7-апрелде окко учкан азаматтарды эскерүүдө Атамбаевдин карааны көрүндүбү? Мейли, досу менен мамилеси мурункудай болбой калыптыр. Бирок, балдардын арбагын сыйлап барып койсо болмок! Эл үчүн, балдардын кадыр-баркы деп ошол жерде турушу керек болчу! Барбай койгону ал кишинин кемчилиги. Ушулар үчүн балдар башын өлүмгө сайып кете беришти. Атамбаев эл алдында “Ушул балдардын эрдигин унутпайм” деп айтчу.

— Алмаз байкеңиздин Эмил деген иниси бар эмеспи. Эмил агасы президент кезинде катуу өзгөрүлдүбү?

— Эмил агасы президент боло электе мени алыстан көрүп калса “Байке кандайсыз?” деп жүгүрүп келип салам берчү. Атамбаев президент болгондон кийин машинаны бат-бат алмаштырып тээп, саламга да келбей калган. Байлык адамды тез эле бузуп салат экен.

— Абдил Сегизбаев коңшу айылданбы? Анын бул жакта аброю кандай?

— Абдил коңшу айылдан болот. Анын бул жакта кайдан аброю болсун? Аброй деген ноль. Кызматта турган кезде кол алдында кошомат кылгандарга эле аброю болбосо, азыр кызматы жок аларга деле сөзү өтпөй калган болуш керек.

— Бирок, тыйыны бар да?

— Тыйын ошолордо. Акча жасап алышты. Бирок, акча менен кадыр-баркты сатып ала алышпайт. Кадыр-барк өмүр бою кылган эмгегиң менен топтолот.

— Сиздин дагы бир айылдаш агаңыз Азим Исабеков премьер-министр болуп турган кезде, ордун оппозицияда жүрүп, көпүрө болмокчу болгон Алмазбек Атамбаев тартып алгандай эле болгон. Ошондо эл кандай кабыл алган?

— Атамбаев көпүрө болмокмун, оппозиция менен бийликти бириктирем деп барбады беле. Айылдаштар жакшы иштеп жаткан баланын ордуна эмнеге барды деп нааразы болушкан. Менин угушума караганда Бакиев тейит уруусунан болом деп китеп жаздырган экен. Атамбаев дагы тейит, ичкилик болом деп китеп жаздырбадыбы.

— Уруусу кытай эмеспи, кантип ичкилик болуп калсын?

— Алардын уруусу кытай. Арашан айылында Айта жана Чыңгыштан тараган солтолор жашайт. Чыңгыш атабыз Алмаз байкенин чоң аталарын Кокон хандыгынан алып келген деп айылда айтылат. Чоң атасы 27 жашында миң башы болуп турган кезинде Чыңгыш алып келген экен деп жазган тарыхчынын жазганы кошоматчылыгы. Биздин чоң атабыз аны 11–12 жашында алып келген экен. Чыңгыш атабыз да баатыр болгон. Баатырлар барганда конок кылып сыйлап, алдына тартуу кылат эмеспи. Конок болуп сый көрүп, тамактын алдында 11–12 жаштагы бала колго суу куят экен. Кыргызсыңбы деп сураса, кыргызмын деп айтыптыр. Ошол жерде жаш бала “Атаке, мени ала кетиңизчи?” деп сураныптыр. Чыңгыш баатыр кетеринде тартууларын албай, колго суу куйган баланы бергиле деп сураптыр. Муну аталарыбыздан укканбыз. Сураса эле берип жибергенине караганда жергиликтүү болбосо керек. Чоң атабыз аны Кокондон алып келип, уруубузга кошуп, мүчө кылып, мал бөлүп берген дешчү.

— Экс-президент салган жаңы үйдүн жери тууралуу билесизби? Кимге тийиштүү жер болчу?

— Ал жер мурун бош эле жатчу. “Дастан” заводунун үлүшү бар экен деп укчубуз.

— Алмаз байкеңиз Арашанга келеби деги?

— Келгенин деле көрбөйбүз. Келбейт дагы болсо керек. Мурун куран окутканда гана келип калчу. Азыр кырдаал мындай болуп жаткан соң келбейт да.

— Жаңы хан сарайын айылдын ичине салбай, эмне үчүн чет жакка салып алды деп ойлоносузбу?

— Ооба, мен дагы эл менен аралашып жүрүү үчүн айылдын ичине эле салбайбы деп ойлоп коём.

— Айылынан канча кадр өстүрдү?

— Өстүргөн кадры Албек да. Бизге жеп-ичкен кадрдын эмне кереги бар?! Булар үчүн эл эми күйбөйт, көчөгө чыкпайт. Бир мүшөк ун берди эле деп намысын тебелеп чыкмак беле! Булар элдин гана алдында күнөөлүү болбой, Кудайдын алдында дагы күнөөлүү.

— Мурунку президенттин Ата-Бейитке барып, окко учкан балдарга кайгырып жүргөнү эл көзүнө жасаган гана аракети болуп калабы?

— Элге ошондой болуп көрүнгөнгө аракет кылды го деп ойлойм. Чын дили менен ошол балдарга кайгырса, алардын арбагын сыйласа акыр түбү азыркыдай болмок эмес да. Балдар өлүмгө башын сайып, революция кылбаганда булар тирүү жашамак эмес. СНБнын түрмөсүндө эле жипке муунуп калмак беле? Айылдагы аксакалдар “Дүйшөке, сен революцияда алдыда жүрдүң. Эгер ошол күнү жеңбей калганда ошол түнү эле сенин башың кетмек” деп айтып жүрүштү.

— Ошол күнү силер менен кошулуп иниси да аянтка чыкты беле?

— Кайдан? Ал күнү ошол жерде кимдер жүргөнүн жакшы билем. Жанымда эки аксакал жүргөн. Инилери коркпосо, духу бар болсо, агасы үчүн күйсө барат болчу да. Ошолор “Жүргүлө, чогулуп алып баралы! Артыбыздан эл ээрчисин” деп чыкса баа берет элем. Анткенге жараган жок.

— Туугандарынан ок тийип же таяк жеп жарадар болгондору да болгон эмеспи?

— Жок эй, туугандары башын бекитип жаткан. Биз башты сайбадыкпы.

— Азыр айылдан Эмилди көрөсүзбү?

— Ал деле айылга келбей калды. Иниси шаардагы кымбат баалуу үйдө жашайт. Айылга келгенден да коркот.

— Эмнеден коркот?

— Косяктары бар да. Эмил эмес, Алмаз байкеге жолуксам, байке келчи, мындай олтуруп сүйлөшө турган сөздөр бар деп айтам. Чыңгыз Айтматов аркылуу жазуучуларга деп Акаевден 50 млн рублди бөлдүрүп алып, заводду сатып алган дегенди угуп жүрчүмүн. Кийин Акаев өзү маек бергенде муну тастыктабадыбы. Ошол акчага заводдун акцияларын сатып алганда дагы муну киргизбей койгондо, Турдубек байке барып заводго киргизиптир.

— Албек Ибраимовду тааныйсызбы?

— Албекти аябай жакшы тааныйм.

— Ушул жерде чоңойгонбу?

— Ооба, үйү мага жакын.

— Ал мурун эле олигарх беле?

— Жок эй, Атамбаевдин жанында жүрүп, кызматка баргандан баштап бай болду.

— Ал кишинин Атамбаевге жакындыгы барбы?

— Албекти менин угушумча Турдубек байке Атамбаевге “Менин иним болот” деп ээрчитип барган. “Автомаш” заводунда “завхоз” болуп иштеп жүрдү. 2010-жылдан кийин бийлик Атамбаевдин колуна тийгенден кийин Албек Бишкек СЭЗге, “Дастанга” директор, президенттик аппаратта иштеди, “Манас” аэропортуна жетекчи, Бишкек шаарына мэр болду. Атамбаевдин эрке баласы, ишенимдүү кишиси болуп чыкпадыбы.

— Аны мал менен бизнес кылып көтөрүлгөн деп айтып жүрүшпөйбү?

— Андай эмес. Мал чарбасы деп айтууга деле болбойт аны. Анча-мынча малы бар болчу.

— Албектин бул айылда канча жери бар?

— 50–60 гектер чыгат болуш керек. Ошончо жерди тегеретип адам чыга албай турган кылып дубал менен тосуп чыкты. Мурун дубалы жок болчу. Өткөн жылы эле тосту. Ичинде азыр деле курулуш жүрүп жатат. Атамбаевдин учурунда баштаган. Айдоо жерге кошуп, дөңдүн баарын тосуп алып жатпайбы. Мурунку айыл өкмөткө эмнеге бересиңер, ал жерге эл малын жаймак деп чогулушта айткам. 6 млн сом төлөгөн дешкендей болгон. Ушул айылда жашаган биздин болгону 23–50 сотых жерибиз бар.

— Өткөн президенттик шайлоодо Атамбаев айылынан досуна канча пайыз добуш алып берди?

— Атамбаевдин бир да жакыны Жээнбеков үчүн чуркаган эмес. Мен Жээнбековдун өкүлү катары айылда иштедим. 85 пайыз добуш алып бергенбиз. Булар Жээнбековду президент кылып коюп, аны далыдан таптап, өзүбүз каалагандай иш жүргүзө беребиз деп ойлошсо керек. Ойлогон ойлору ишке ашпай калды да. Дагы бир кызыкты айтып берейин. Солто уруусу жыйналып, эки жылкы союп жыйын курганбыз. Ошондо Атамбаевди чакырган эмес. Кээ бирлери “Ал деген хан, чакырыш керек” деп чыгышкан. Хан болсо эмне экен! Солто уруусуна тийешеси жок болсо эмнеге чакырат элек!- деп айткам. Кийин менден өч алууга аракет кылышпадыбы. Баңгизатка каршы күрөшүү тармагында жакыным иштейт эле. Ошону чөнтөгүнө наркотика салып кармашты. Ошондо Абдил Сегизбаевге кирип, жардам берип кой, жердешиң болот деп айткам. Макул деген. Эки жыл сотко чуркап жүрбөдүкпү. Сотторго кирсек, “Актап эле коймокпуз, ГКНБ көзөмөлгө алып жатат” дешкен. Булар жакшылыкты эске албаган жигиттер экен.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *