Дүйшөнбек Зилалиев: «Эгер мен мөңгүгө каршы чыксам, кыргыз элим кечирбейт»

— Дүйшөнбек Текшербекович, сиздин атыңыз чырлуу маселелер менен коштолгондуктан, азыркы Өкмөттүн арасынан белгилүү фигурага айландыңыз. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигине директор болуп барганыңызга чейин коомчулук Зилалиев деген фамилияны таануучу эмес. Сиз милициянын жогорку мектебин аяктап, милициядан чыккан кадрсыз. Геология жана минералдык ресурстар агенттиги милициянын кадры үчүн чоочун тармак. Ал жерге кимдин демилгеси, түрткүсү менен дайындалып калдыңыз? Мага тааныш эмес тармак деп корккон жоксузбу?

— Ооба, милиция менин биринчи кесибим. Милициянын жогорку мектебин жана Академиясын аяктагам. Мындан сырткары экономикалык жогорку билимге да ээ болгом. Андыктан, экономика мен үчүн чоочун тармак эмес. Мен Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигине барганга чейин Коргоо Кеңешинин катчылыгында орун басар болуп иштеп жүргөм. Аталган мамлекеттик агенттикте коррупциялык ызы-чуулар көп болуп, мага чейинки 3–4 директору чуу менен жумуштан кеткен учур эле. Өкмөт башчысы болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев өзү агенттикти бир нукка салыш керек деп директорлукту сунуш кылган. Мен ошол учурда эмгек өргүүсүндө элем. Жантөрө Жолдошевичке кирип чыккандан кийин Алмазбек Шершеновичке да кирдим. Ал киши да агенттикти тартипке келтирүү керек экенин айтты. Ошондон кийин макулдугумду берип, мамлекеттик агенттикке директор болуп баргам. Ачыгын эле айтайын, ага чейин агенттиктин имараты кайсыл жерде экенин билчү эмесмин. Катуу тапшырма коюлгандан кийин аны аткаруу үчүн жеңди түрүп ишти баштаганбыз. Ошол жердеги коррупция менен күрөшүү эң негизги тапшырма болуп саналган, биз ал тапшырманы аткардык деп айтсам туура болот. Биздин жетишкендигибизди NRJI деген эл аралык рейтинг агенттиги белгиледи. 83 өлкөнүн арасынан Кыргызстан тоо кен тармагындагы айкындуулук багытында алтынчы орунду алды. Бул чоң жетишкендик. Мурун бул рейтингде акыркы орунда же болбосо такыр эле жок болчубуз. Жакында эле Джакарта шаарында ИПДОнун (ИНИЦИАТИВА ПРОЗРАЧНОСТИ ДОБЫВАЮЩИХ ОТРАСЛЕЙ) Кыргызстан атайын сыйлыгына ээ болду. Биз тоо кен тармагында лицензияны алган компаниянын аркасында ким турат (акыркы бенефициар) деген норманы мыйзамга киргизгенбиз. Мындай көрүнүш саналуу эле өлкөлөрдө бар. Бул да чоң жетишкендиктердин бири. Тоо кен тармагында коррупция такыр эле жок болду деп айткандан алысмын. Майда көрүнүштөр болуп жатат. Бирок, системдүү түрдө корррупция жок болду.

— Сиз ошол агенттикти башкарып турганыңызда, агенттик өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитети болуп өзгөрбөдүбү. Ал майлуу-сүттүү, бийлиги да абдан күчтүү комитет болуп чыга келди. Коомчулук агенттикти бийлиги күчтүү комитетке айландырып койгон сизге абдан таң калышпадыбы?

— Бул жерде таң кала турган эч нерсе жок. Тескерисинче, бизге жоопкерчиликтин баары жүктөлгөн. Мисалы, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери өнөр жайга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулган эмес. Ошондуктан өнөр жай тармагыбыз аксакал келет. Геологияга өнөр жайды кошуу абдан туура чечим болгон. Себеби, тоо кен тармагы өнөр жайдын локомотиви. Энергетика дагы өнөр жайдын негизги багыты. Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитети болуп түзүлгөнүнө бир жылдан ашты. Кыска убакытта баары бир жерде болгону системдүү түрдө туура болгонун мамлекеттик комитет далилдеп берди.

— Агенттикти андан да күчтүү кылып түзүү бир адамдын кызыкчылыгы үчүн болгон, комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев айтылуу Икрам Илмияновдун кадры деген сөз коомчулукта айтылып жүрөт. Сиздин ал киши менен мамилеңиз жакынбы?

— Ушундай сөздөрдү чыгаргандар өнөр жайдын кайсыл жеринен тыйын түшөрүн да так айтса жакшы болмок. Аталган комитет энергетиканын саясатын гана жүргүзөт. Энергетикадагы коррупция боюнча сөз кылышса Энергохолдингге кайрылышса туура болот. Мамлекеттик комитеттин функциясын, табиятын түшүнбөгөндөр ушундай сөздөрдү жаратууда. Ал жерде энергетика менен алектенген 7–8 адистен турган бөлүм бар. Алар Өкмөттүн чечимдерин, мыйзамдарын, жоболорун даярдап, энергетика боюнча саясатты жүргүзөт. Чарбалык иштерге эч качан кийлигишпейт. Комитетте кандай жолду тандайбыз деген багытты аныктоочу функция бар. Өнөр жай боюнча сөз кылсак, азыр 46 мекеме иштебей турат. Иштебей турган мекемелерде кайдагы тыйын? Икрам Сатарович менен болсо президенттин аппаратына келген кезде таанышкам. Ага чейин эч кандай тааныштыгыбыз болгон эмес. Бизде үй-бүлөлүк катташ деген жок. Баары менен жумуш боюнча мамилем бар.

— Сиздин атыңыз “Бел-Алма” көмүр кенинин тегерегиндеги чуудан кийин белгилүү болду окшойт. Ошол кенди аукционго койгондо көмүскө сүйлөшүүлөр күчтүү болгон деген маалыматты өзүңүз деле уксаңыз керек?

— Аукцион көмүскө сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилди деген карандай калп. Агенттиктин директору болуп келгенимден кийин аукцион жана сынактардын баарын ачык өткөзүүгө өткөнбүз. Баары мыйзам чегинде болгондуктан азыр ишенимдүү олтурам. Ал жерде ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары кирген. Мындан сырткары жергиликтүү активисттердин байкоочу комиссиясы да түзүлгөн. Аукционго журналисттер да чакырылып, катышкан компаниялардын кимиси кандай долбоор сунуштаганын онлайн режимде коомчулукка ачык көрсөткөнбүз. Кийин чыр чыгаргандар сотко кайрылабыз деп чыгышкан. Мен сотко берем десеңер бере бергиле дегем. Эч кимиси бере албады. Ушунун өзү сынак мыйзам чегинде өткөнүн далилдейт. Ызы-чуу чыкканынын себеби, атаандаштык таймаш деп ойлойм. Жеңилип калган тарап чуу чыгаргысы келди.

— “Бел-Алма көмүр” кенин “Беш-Арча” компаниясына алып берүү үчүн 200 миң доллар талап кылган экенсиз. Жогорку Кеңештин бир депутаты ортомчу болуп, акчаны сизге алып келип бергенден кийин комиссиядагы адамдарыңызды “Беш-Арча” фирмасын колдоого үгүттөгөнүңүз тууралуу маалыматты жокко чыгарасызбы?

— Мен так кесе эле айтып коёюн, аукциондо сени жеңүүчү кылып берем деп бирөөсүнөн да тыйын талап кылган эмесмин. Тескерисинче, мага телефон чалып, таасир этебиз дегендер болгон. Ал кишилердин аттарын азыр атабай эле коёюн. Кимдер кайсыл компанияга жан тартканы тууралуу ачык айтчу убакыт келет, ошондо баары айтылат. “Ушул компанияга жардам бергиле” деп кийлигишем дегендер болгону чындык. Ошол адамдарга баары мыйзамдын чегинде болот деп жооп бергем. Комиссиянын мүчөлөрүнө акча тараткан деген сөздөр болсо, комиссиянын мүчөлөрү ким акча таратканын айтып беришсин. Жогорку Кеңештин депутаттары да комиссияга киришкен.

— Көмүр кенди иштетүүгө лицензия алган “Беш-Арча” компаниясы баардык нерсени мыйзам чегинде алып барса, азыр эмне үчүн кенди иштеттирбей токтотуп койду?

— Мен да бул маалыматты маалымат каражаттарынан уктум. Ал жерде көмүрдү казып алууда мыйзам бузуулар бар экен. 1 млн 200 миң долларды мамлекетке төлөдүк, каалаганымды жасайм деген болбойт. Кен казуунун да эрежелери болот. Ошонун негизинде ишти жүргүзүүгө милдеттүү. Мыйзам, лицензиялык келишим деген бар. Мыйзамдын чегинде гана иш жүргүзүүгө уруксат беребиз. Эгер мыйзам бузулса иши токтотулуп, лицензиялык келишим жокко чыгарылышы да мүмкүн.

— Көмүр кенинен сырткары “Жер үй” алтын кенине лицензия берүү боюнча аукцион өткөзгөнсүз. Интернетте “Жер үйгө” лицензия алган компаниянын кожоюну, орус ишкери Муса Бажаев менен ошол кездеги УКМКнын төрагасы Бузурманкул Таабалдиевдин “Жер үй” алтын кени тууралуу телефон сүйлөшүүсү жарыяланган. “Жер үйдү” Бажаевдин компаниясына алып берүү үчүн телефон чалуулар, жогор жактан кийлигишүүлөр болгон эмеспи?

— “Жер үй” алтын кени боюнча өткөн сынакка эч ким аралашкан эмес. Мен Муса Бажаевди көргөн да эмесмин. Ушул жылдын июнь айында Москвага расмий визит менен барганыбызда, ал киши да ошол жерде жүргөн экен. Өзү басып келип “Дүйшөнбек Текшербекович, сиз менен таанышайын дедим эле” деп кол берген. «Ким болосуз?» десем, “Мен Муса Бажаев” деп өзүн тааныштырган. Жумушту тездеткиле, кечигип жатасыңар деген талаптарды айткам.

— Бажаевдин компаниясы алтын кенин иштетүүгө лицензияны утканына 2 жыл болду. Алар келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарууда кечеңдеп жатат. Көрсөтүлгөн убакытта талаптарды аткара албай калса, мамлекет убакытын узартып бере алабы?

— Лицензиялык келишим боюнча бир жыл долбоорлоого, фабриканын курулушуна бир жарым жыл убакыт берилет. Бирок, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга ылайык жүйөөлүү себептер менен долбоорлорун бүтүрө албай жатышса бир жылга чейин убакытты узартканга мүмкүнчүлүк бар. “Жер үйдүн” абдан көп маселелери болгону ар бир жаранга белгилүү. Буга чейин 6–7 компания алмашкан. Ал жер аябай чаташып кеткен. Алар 100 млн доллар мамлекетке төлөгөндөн сырткары сот маселесин чечишти, жер маселеси такыр бүтпөгөн экен, анын документтерин бүтүрүүгө бир канча убакыт коротушту. Баарын мыйзамдаштыралы деп жер үчүн “Кыргызалтынга” 4 млн доллар төлөдү. Жарымы курулган фабрика такыр башка компанияга таандык экен. Алар менен тил табышалы десе, 30 млн долларга фабриканы сатып алгыла деген талапты коюшкан. Биз жарымы бүтүп калган фабриканын ээлери менен тил табышып, эртерээк фабриканы бүтүрсө деген ойдо болчубуз. Тилекке каршы тил табыша албай коюшту. Азыр жаңы фабриканы курганы жатышат. 23-ноябрда фабриканын курулушу башталып, капсула салынат. “Жер үйдү” алган компания бир да иш жасабады деген калп. Өзүбүздүн 5–6 компания иштеп жатат. Жол салышууда, электр линияларын тартууда, ошол жерде жумушчулар жашачу лагерди куруп жатышат. Туура, алар убакыттан бир аз кечигишти. Бирок, жүйөөлүү себептери бар. Техникалык долбоор абдан татаал болуп, көп убакытты талап кылды. Биз аларды шаштырып, баарын тездик менен салдырып алсак, баары сапатсыз салынып калса ким жооп берет? Ошондуктан, бир аз кечиксе да сапаттуу иш аткарса жакшы деп ойлойм.

— Муса Бажаев “Жер үй” алтын кенинин лицензиясын кытайларга сатып жиберген деген маалымат бар. Лицензияны башка компанияга сатып жибере алабы?

— Сатып жиберген деген туура эмес маалымат. Мыйзам боюнча лицензияны сатып жибергенге укугу бар. Биз башка компанияга саттырбайбыз. Бул маселе боюнча сүйлөшүү болгон. Лицензияны сатуу болбошу керек. Сатып жибериптир деген маалыматты өзүм да уккам. Жерине барып таанышып, өкүлчүлүгү менен сүйлөшүп, талапты катуу койгонбуз. Кытайлар “Жер үйгө” барганы чындык, ал жерди көрүшкөн. “Жер үйдү” иштетүүгө лицензия алган компания фабриканы салуу боюнча конкурс өткөрөт. Ага 3–4 компания катышат. Кытайлар ошол компаниялардын бирөөсү эле болот. Лицензияны сатып алуу боюнча маселе жок.

— Зилалиев деген атты коомчулукка “Лигласс” чуусу аябай жакшы таанытты. Чехтердин шылуун деп аталган компаниясы ГЭСтерди курууга кантип катышып калды? Аны кимдир бирөө алып келгенби?

— “Лиглассты” эч ким алып келген эмес. Чакан ГЭС куруу боюнча сынак жарыялангандан кийин эл катары эле өздөрү келишкен.

— Өкмөт башчы Сапар Исаков парламентте “Лиглассты” Чехиянын президенти биздин президентке сунуш кылган” деп айтып жибербеди беле?

— Чехтердин президенти биздин президентке кайрылган күндө дагы, Алмазбек Шаршенович “Бизде сынак жарыяланды. Сынактан жеңсе иштей берсин. Жеңбесе капа болбоңуздар” деп жооп берген. Коомчулук, саясатчылар “Кандай компания экенин эмне үчүн текшерген жоксуңар?” деп талап коюшпадыбы. Биринчиден, алар текшерилген. Экинчиден, Европа өлкөсүнүн президенти өзү сунуш кылып жатса кантип ишенбейсиң? Чехтер бизге чейин Экономика министрине “ГЭС курат элек” деп барышат. Чехиянын президенттик аппаратынан “Ушул компанияны колдоп койгула” деп суранган каттары Экономика министрлигине түшөт. Биз сынак жарыялаганда кагаздарын көтөрүп бизге да келишкен. 5–6 компания сынакка катышып, экөөсү жеңишке ээ болгон. Экинчисине эч ким тийишкен жок. Азыр ал Лейлекте чакан ГЭС салып жатат. Чехтердин артыкчылыгы “Бизге 10 чакан ГЭСти берсеңер жогорку Нарын каскадын салып беребиз, “РусГидронун” 37 млн долларын жабабыз” дегенде болду. Мени сындаган адамдар менин ордумда болгондо дагы чехтерди тандамак. Комиссияда Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү калктын өкүлдөрү, журналисттер катышып, сынак ачык өткөн. Сынакка катышкан компанияларды бирден киргизбестен, баарыңар чогуу кирип катышып, кимиңер кандай сунушту сунуштап жатканыңарды көргүлө деп баарын чогуу киргизгенбиз. Утулган компаниялар эч кандай чуу чыгарбаган. Ал тургай бирөөсү “Сиздерге рахмат. Мындай ачык сынак буга чейин болгон эмес” деп ыраазычылыгын айткан. Сынак өткөндө бир дагы сын-пикир айтылган эмес.

— Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев “Бул сынакты токтоткула деп кат жолдогонбуз” деп айтты. Тышкы иштер министрлигине “Бул компания менен иштешүүгө болбойт” деген кат келген экен. Бул каттарды сынак өткөзүүгө чейин көргөнсүзбү?

— Тышкы иштер министрлигине келген катты көргөн эмесмин. Ал катты Энергохолдинг менен Экономика министрлигине жөнөтүшкөн экен. Мага чуу чыккандан кийин көрсөтүштү. Ал эми депутаттар сынак өткөн күнү эрте менен жөнөтүшөт. Болгондо дагы факс менен. Эртең ызы-чуу болорун билип, депутаттардын факс менен келген катын комиссия мүчөлөрүнө көрсөтүп, окуп бергем. «Депутаттар сынакты өткөзүүнү токтотуп, башка күнгө которгула деп сунуш кылып жатышат, мен өзүм жалгыз бул маселени чече албайм, 25 адам олтурасыңар, кандай кылалы?» деп сурагам. Бул сөзүм видеодо турат. Кыска талкуу болуп, комиссия мүчөлөрү “Мүмкүн булар кайсыл бир компанияга кызыкдар болуп жатсачы?” дешкенде, мен бул жөнүндө комментарий бере албайм, өзүңөр чечкиле дегем. Талкуу бүткөндөн кийин добушка салгам. Баары өткөрө берели деп бир добуштан колдогон. Бул комиссиянын чечими болгон. ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы жок чехтерге шарт түзүп берди деген маселеге келсек, Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде депутаттар “Дүйшөнбек Текшербекович, силер өтө оор талапты коюптурсуңар. Чакан ГЭС куруу боюнча 5 жылдан кем эмес тажрыйба болуусу керек дегенди алып салгыла. Бул талапка жооп берген жергиликтүү компаниялар жок. Бирок, ГЭС курабыз деген максаттары, каражаттары бар” деп айтышкан. Биз ушул сунушту туура көрдүк. Мен бул сунушту Өкмөткө киргизгем, ал жактан өзгөртүүнү бат чыгарып беришти. Жергиликтүү компаниялар да ошондон кийин катышкан. Атайын чехтер үчүн жасашкан деген туура эмес сөздөр.

— Журналисттер “Лигласс” банкрот болгон компания экенин, банктагы эсебинде 37 млн доллар жок экенин бир жумага жетпей эле иликтеп коюшту. Сиздер 37 млн долларды төлөй ала турган компаниябы деп кантип иликтеген жоксуздар?

— Чехтердин расмий бийлигинен келген каттардан сырткары, банктан 230 млн долларлык кепилдик взносун далилдеген кагаздар келген. Биз тарап ошол банкка телефон чалып, “Силерден ушундай кагаздар келди, ушунун баары туурабы?” деп текшергенде, банктан “Туура” деп жооп беришкен. Ызы-чуу жаралганда “Лигласстын” кожоюндары “Биздин кол алдыбыздагы 10 миң доллар акчасы бар компанияны көтөрүп жатышат. Биздин банктарда 42 эсебибиз бар” деп айтышкан. Ал тургай сыр болуп сакталчу жеке өзүнүн эсебин мага көрсөттү. 90 млн долларлык жеке өзүнүн эсебин көргөм. Европада ызы-чуу чыккандан кийин банктагы эсептердин баарын жабат экен. Андан кийин чехтер ызылдап чуркашпадыбы. Келишимди жокко чыгаргандан кийин бизди сотко беребиз деп чыгышты. Коомчулук “Бул шылуундар экен, келишимди жокко чыгаргыла” деп чуу салганда, биз соттон утулуп калбаш үчүн убагы келгенде келишимди жокко чыгарсак “Чехтер эми эл аралык сотко берип утуп алат” деп чыкты. Коомчулукта эки позиция жаралганына такыр түшүнгөн жокмун. Кана чехтер эл аралык сотко бергени? 1 млн 140 миң доллар бюджетке түштү. Бирок, жалпы жонунан алганда чехтер бизди уятка калтырып койду. Бир гана бизди эмес, өздөрүнө ишеним арткан президенттик бийлигин, жетекчилерин уят кылды.

— Эгер бул келишимден зыян тартсак жоопкерчиликти жеке өзүм алам деп айттыңыз эле. Келишим аткарылган жок, ызы-чууга айланды. Цивилдүү өлкөлөрдө мындай учурда жоопкерчиликти алам деген алам кызматын тапшырып кетип калат. Сиз да келишим боюнча мен жоопкер болчумун, ал аткарылбай калды, ызы-чуу коштолду деп кызматыңызды тапшырып кетип калсаңыз болмок да?

— Бул келишимде мамлекетке зыян келди деп айта албайм. Убакыттан уттурдук десек, болгону 2 ай гана убакыт кетти.

Чакан ГЭСтерди куруу үчүн мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. 10 жылдан бери өткөрүлбөгөй келген сынак үчүн эмнеге мурунку жетекчилерди сынга албайсыңар? Текке кеткен 10 жыл убакытка ким жооп берет? Мен да эч нерсе өткөрбөй тынч олтура берсем болот эле да. Биз жакшы максат менен ишти баштадык. Мен дагы деле айтам, мыйзам бузуу болгон болсо жоопкерчиликти тартканга даярмын. Ал жерде эч кандай мыйзам бузулган эмес. Бул маселе шайлоо мезгилинин алдында болуп, ким толкунду баштаганын өзүңөр көрдүңөр. Шайлоо болбогон жылга туш келгенде билинбей эле өтүп кетмек. Эки жыл мурун дал ушундай эле келишим “Кутисайда” болгон. Казактар акчасын төлөй албай калып, 300 миң доллар бюджетке кеткен. Анда ызы-чуу жаралган эмес. Себеби, ал учурда шайлоо жок болчу. Кыргызстан зыян тартты деп чыгышты. Кайсыл жагынан мамлекет зыянга учурады? Мен сени алдап кеткен болсом, мен уят болом да. Азыр биз чехтерден 10 эсе этият болуп, катуу текшерүүгө өттүк. Чехиялык башка компаниялар бир компания үчүн биз жабыр тарттык деп айтып жатат.

— Шайлоо учуруна туш келгендиктен чуу чыкты деп айтып жатасыз. Сиз алгач шайлоо боюнча республикалык штабды жетектеп турдуңуз. Баткенге барып активисттер менен жолугушуу учурунда “Ичкен кудугуңарга түкүрбөгүлө. Биздин талапкерди колдогула” деп үгүт жүргүзгөнүңүз республикалык штаб башчысы айтчу сөз беле? Ушул сөзүңүздөн кийин жеке эле өзүм уят болбой, таза шайлоо өткөзөм деп аткан өлкө башчысын уят кылдым деп кызматты тапшыруу оюңузга келдиби?

— Биз жыйын өткөрүп бүтүп, өзүбүз калганбыз. Ал жыйынды мен уюштурган эмесмин. Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым өкүлүнөн сураганда, ал дагы экинчи бөлүгүн формалдуу эмес өткөрөлү деп айткан. Бул жолугушуунун формалдуу эмес экинчи бөлүгүндө айтылган сөз. Толук аудио жазууну уксаңыздар, мен 2–3 жолу “Менин кимге добуш беришимди сурап жатасыңар. Мен коркпой эле өзүм добуш берчү адамды ачык айта алам. Бирок, бул сөзүмдү үгүт катары санабагыла. Эртең Зилалиев элди үгүттөп жүрөт деп чыгып кетиши мүмкүн” деп айткам. Баары күлүшкөн. Билгендей эле айткан экенмин. Мен сиз айткан сөздү айтканым чын. Жазасын да тарттым. Келгенден кийин бул сөздү айтканым чын, бирок учур башкача болчу, тар чөйрөдө олтуруп оюмду сурагандан кийин айткам. Премьер-министрге сизди, президентти уят кылдым, отставкага кетейин дедим. Вице-премьерлер да бар болчу. Сапар Жумакадырович “Бул күндөр да өтөт. Мен сизди жакшы билем. Жаңылыштык баардык адамдарда болот. Мындан ары шайлоону алып барбайсыз. Мен сизге сөгүш жарыялайм. Чарбалык иштер менен алектенесиз. Шайлоо Темир Курмангазиевичке жүктөлөт” деп айткан. Мен бир да кызматка акча берип же тааныш аркылуу келген эмесмин. Кызматтан кетүү мен үчүн көйгөй эмес.

— Сиз сөгүш алгандан кийин сиздин ордуңузга раматылык Темир Курмангазиевич республикалык штабды жетектеп калган эмес беле. Ал Таласка шайлоо иштери менен кетип жатып жол кырсыгына кабылып, жалган дүйнө менен коштошуп кете берди. Сизде, эгер мен ошол жерден кетпегенимде, Темир Курмангазиевич жол кырсыгына кабылбайт болчу деген ой жаралдыбы?

— Ооба, ошондой ой жаралды. Өзүмдү күнөөлүү сездим. Мен ошол жерден кетпегенимде мындай болбойт болчу деп айтчу жерде айттым. Темир Курмангазиевич экөөбүз 2009-жылы ал президенттин катчылыгында, мен коопсуздук бөлүмүндө жөнөкөй эле эксперт болуп иштеп жүргөн кезибизде таанышканбыз. 2013-жылы мен Геология жана минералдык ресурстар агенттигине кеткенден кийин ал Коргоо Кеңешинин катчысынын орун басары болуп келген. Ошондон кийин экөөбүз жакын болуп калдык. Мен ал жолду басып өткөндөн кийин кеңештеримди берип турдум. Темир Курмангазиевич коррупция менен күрөшүү багытын аябай катуу карады эле. Мамлекеттик органдардан геология агенттигинен баштайлы деген идеяны сунуш кылып, чогуу 13 коррупциялык схеманы чыгарганбыз. Өкмөткө чогуу келип, 40 күндөй бирге иштештик. Бул аралыкта абдан жакын болдук. Темир Курмангазиевич айкөл, сүрдүү көрүнгөнү менен аябай жөнөкөй жана тамашакөй эле. Кырсык ишемби күнү болбодубу. Мен эрте менен жети жарымда ата-энеми көргөнү баргам. Ошол жерге барганымда телефон чалып айтышты. Апам ал кишини жакындан тааныбаса да кадимкидей ыйлады. Бир күн мурун экөөбүз ушул кабинетте бет маңдай олтуруп сүйлөшкөнбүз. Саат кечки жети жарым болчу. «Темике, не эрте кетип жатасың?» деп сураганымда, “Эртең шайлоо маселеси боюнча Таласка чыгып атам. Барам деп айтып койдум эле” деген болчу.

— “Кумтөрдөгү” Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн башка жакка көчүрүүгө уруксат берүү үчүн “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Сиз ошол сунушту колдоп жатасыз. Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров “Азаттыкка” маек берип: “Кумтөр” Давыдов менен Лысый мөңгүсүнүн 80 пайызын эчак талкалап, казып жок кылган. Ошону мыйзамдаштырып коёлу деп эле ушул мыйзамды кабыл алып жатабыз. Бул мыйзамдын башка мөңгүлөргө тийешеси жок” деп айтыптыр. Анда, мыйзамды кабыл албай туруп, эмне үчүн эки мөңгүнү талкалап, казып жок кылган канадалык компаниядан экологиялык айып өндүрүүгө батынбай жатасыздар?

— Кечээ күнү адистер “Кумтөр” кени иштеп бүткүчө Лысый мөңгүсүнүн 20 пайызы, Давыдов мөңгүсүнүн 70 пайызы кетип калат экен деп так маалыматты беришти. Биринчи уруксат 1994-жылы берилиптир. “Суу кодекс” 2005-жылы кабыл алынган. “Центерра” компаниясы менен Кыргыз өкмөтүнүн келишимдеринде баардык уруксаттарды беришибиз керек деп жазып коюшкан. Келишимдер парламенттен ратификациядан өткөн. Азыр мөңгүлөрдүн баарын талкалаганга уруксат берип жатышат деп айтышууда. Жок, андай эмес. Бизди эл душманы кылбагыла. Биз да мөңгүлөргө тиймей жок, бирок эки мөңгүгө тийип калышты, аны артка кайрып келалбайбыз деп айтып жатабыз. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын “Өкмөт үзгүлтүксүз “Кумтөр” кенин иштөөсүн камсыз кылсын” деген чечими бар. 2016-жылы Жогорку Соттун “Мамлекеттик органдар “Кумтөр” кенин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын” деген чечими чыккан. Биз мыйзамды өзгөртүү менен гана камсыз кыла алабыз. Өзгөртпөсөк ал чечимди аткара албайбыз. Азыр болгону проблемалуу эки гана мөңгү болуп жатат. Ак-Шыйракта 150дөн ашык мөңгү бар. Анын ичинде аталган эки мөңгүнүн балансы 0,3 пайызды түзөт. Азыр мөңгүнү башка жакка жылдырбасак карьерге түшөт. Карьер жок болот. Экологиялык төлөмдөрдү 300 миң доллардан 3 млн долларга көбөйттүк. Алар жылына 3 млн доллардан төлөп берет. Өкмөт талапты койбой жатат деп ойлогондор жаңылышат. Катуу талаптарды коюп жатабыз. Мындан кийин мыйзам боюнча иштешебиз деп катуу туруп жатабыз. Кайсыл бийлик буларды камады эле? Биз камаганбыз. Ким кылмыш ишин козгоду эле? Биз козгогонбуз. Баардык нерсе ачык болушу керек деп иш баштаган да биз болдук. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Баарын ачык айтып жатабыз. Баса белгилеп айтып коёюн, мындан кийин бир да мөңгүнү талкалоого уруксат берилбейт. 2014-жылы аябай маанилүү болгон жерлерде иштетсе болот эле дегендей маселе каралган. Азыркы Өкмөт андан баш тартты. Мен Өкмөттө иштеп жаткан адам катары элди кантип багабыз деп ойлобосом туура эмес болот. Мөңгүгө каршы чыксам келечек муун, кыргыз элим да кечирбейт. Биз ушуну түшүнбөй жасап жатат деп ойлоп жатасыңарбы? Дүйнө боюнча кен иштеткен жерлерде экологияга тийгизген таасири болот. Биз чоң таасир тийгизбеш үчүн сүйлөшүүлөр менен керектүү чекитти табышыбыз керек. Мен кайсыл жерде кен байлык болсо баарын иштетүүнү колдогон адаммын. Экономикабыз чоң секирик жасашы үчүн тоо кен тармагы түрткү болуп бере алат. Кен байлыктарды иштеткенде дагы биринчи орунда экология маселеси болушу шарт. Келечек муунга талкаланган жерди эмес, кооз жаратылышты таштап кетишибиз керек. Менин балдарым да кооз аймакта жашашын каалайм да.

— Акыркы убактарда жол кырсыгы көбөйүп, көз жумгандардын саны өсүп жатат. Ушул маселе боюнча Өкмөт башчы өзү жыйын өткөрүп, патрулдук милицияны жоюп, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү бөлүм түзүү чечимин чыгарды. Бул маселенин аткарылышы сизге жүктөлдү. Сиз жол кырсыктарынын санын кыскартуу үчүн конкреттүү иш чаралардын программасын тизмектей алдыңызбы?

— Бул маселе боюнча жакшы жыйынтык болот деп ишенем. Патрулдук милиция өзүн-өзү актабады деп айтсак болот. Ошондуктан жоюлуп жатат. Анын ордуна бир гана жол коопсуздугу менен алектенген түзүм болушу керек. Бир гана патрулдук милицияны жоюп, анын ордуна жаңы түзүмдү дайындаганыбыз менен иш алдыга жылбайт. Маселе системдүү, чырмалышкан. Көйгөйдүн биринчиси – окутууда. Демек, билим берүү сапатсыз. Айдоочулукту окуткан мектептердин баарын карап чыгышыбыз керек. Өлкөдө 223 мектеп бар экен, анын баарын карап чыгабыз. Мен жетектей турган комиссия муну катуу көзөмөлгө алабыз. Айдоочу болом дегендер мектепти бүтүп, айдоочулук күбөлүк алганы барышат. Ал жерде деле балдардын окуу деңгээлин текшербей туруп, айдоочулук күбөлүктү акчага берип жиберген фактылар көп экени айтылып жүрбөйбү. Бул жерди дагы текшерип чыгышыбыз керек. Айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар жол эрежесин бузат. Эреже бузгандар айып менен кутулушат. Бизде айыптын суммасы аябай төмөн. Айыпты эселеп көтөрүшүбүз керек. Жоопкерчиликти күчөтмөйүнчө жол кырсыктарын азайта албайбыз. Айып пулду көбөйткөндө тыйын мамлекеттин казынасына түшөбү же МАИ кызматкеринин чөнтөгүнөбү деген маселе жаралат. МАИ кызматкери менен айып пул төлөөчүнүн ортосунда эч кандай байланыш болбошу керек. Бул “Коопсуз шаар”. Видеого тартылдыңбы, сага айып салынган квитанция келет, сен банкка барып төлөп коёсуң. Төлөбөсөң сот аркылуу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратат. Тартипти гана орнотушубуз керек.

— Иштеп жаткан Өкмөт жалаң жаштардан куралдыңар. Ант берип расмий ишке киришкениңерге эки айдан ашты. Шайлоо, чек ара маселеси сиздердин учуруңарга туш келип, маселени чечүүдө көп түйшүк жаралып жатат. Коомчулук Өкмөт “пионерлер үйүнө” айланып калды деген баасын берүүдө. Эки айдан ашык убакытта жаштардан куралган Өкмөт кандай иштерди жасай алдык деп мактана аласыңар?

— “Пионерлер үйүнө” айланып калды деген бааны өздөрү иштей албай кеткендер чыгарып жүргөнүн жакшы билем. Туура, биз кыйын учурда Аткаруу бийлигине келдик. Кыйынчылыкка карабастан күнү-түнү иштеп жатабыз. Эки айдан ашык убакыттын ичинде биздин мойнубузга туура келген маселелер жана биз жасаган иштер кээ бир өкмөттөргө бир жылда дагы келген эмес. Биз бул жерге ойногону келген жокпуз. Толугу менен жоопкерчиликти сезебиз. Иштей албасак элдин алдында жооп берерибизди дагы билебиз, жоопкерчиликтен качпайбыз. Азыркы жаштар эң жакшы реформаларды өткөргөн жетекчи катары тарыхта калабыз. Биз бир гана колдоону суранабыз. Курулай сөз менен саясат жасагандар колдобосо дагы иштегенге тоскоол болбой турса. Ушул нерсе гана бизге жетиштүү. Эмне жасаарыбызга көзүбүз жетет, колубуздан келет. Баштаган ишибизди аягына чейин чыгарабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *