Дүйшөнбек Зилалиев лицензияны укмуш тараткан

Аз күн мурун Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир эле адам 41 “алтын” лицензия алганын билдирип, ага таң калып жатканын айткан эле. Кийин алтын кенине 41 лицензия алган адам 51 жаштагы Эрик Жумабаев экени ачыкталды. Ал ИИМде эмгектенген. Учурда Кыргызстандагы бир нече компаниянын кожоюну. Учурда абакта жаткан кен тармагы боюнча мекеменин мурунку төрагасы Зилалиев Кыргызстандын ар кандай кендерине лицензияны көрүнгөн адамдарга укмуш таратып, жең ичинен байып келгени минтип ачыкка чыга баштады. УКМК Зилалиев комитеттин жетекчиси жана вице-премьер болуп турганда болгон лицензиянын үчтөн экиси бөлүштүрүлүп кеткенин ырастады. Анын ичинде алтын, сууга берилген уруксаттар бар. Көмүр боюнча эле 333 лицензия берилген. Алар берилип, кайра чакыртылып, башкаларга өткөрүлүп турган. Ошондой эле, УКМК жетекчиси мыйзамсыз баюу боюнча козголгон иштин алкагында Зилалиевдин 13 компания менен байланышы болгон факт иликтенип жатканын белгиледи.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *