Думана акеге күмбөз тургузуу демилгесин жабыла колдойлу

Думана акенин сөөгү жаткан жай

Ооба, канчалаган мезгил өтсө да элдин эсинде түбөлүктүү, унутулбай сакталып жүрчү залкар инсандар кыргыз калкынын ичинде арбын экендиги жалпыга маалым.

Ошондой Кыдыр жылоологон касиеттүү адам Думана аке (өз аты-жөнү Алымбек уулу Козубек) тууралуу “Азия Ньюс” гезитинин журналисти Калыгул Бейшекеев өзү иштеген басылмага эң туура кеп козгоп келип, туулуп-өскөн Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы Кемпирек уруусунан чыккан туугандарына жана жалпы эле айылдаштарына карата “ал олуязаада даанышман адамга анын урпактары өзгөчө сый-урмат көрсөтүү керек экендигин баса белгилеп, Думана акенин сөөгү коюлган айылыбыздын күн батыш тарабындагы аймакка (сөөгү коюлган тилкеге) ал кишинин күмбөзү орнотулуп, чакан музейи уюштурулса” – деген омоктуу оюн ортого салыптыр. Мен дагы касиеттүү Думана акенин жердеши катары мындан бир топ жыл илгери олуязаада инсаныбыз тууралуу макала жазып, райондук гезитке жарыялаганым бар. Чын эле көлдүктөргө гана таандык айтылып, ыроолонуп жүргөн “Аке” деген жогору наам эмне себептен андан башка аймактарыбызда жок да, жалгыз гана биз тарапта жашаган Алымбек уулу Козубек бабабызга берилип калгандыгын өзүмчө купуя ойлоп туруп, а кишинин өмүр-таржымалы менен жакындан таанышкан соң, көрсө бул касиеттүү инсандын көлдүктөрдүн Сарт аке, Мойт аке, Кыдыр акелеринен эч айырмасы жок олуязаада инсан экенин баамдадым. Калыгул өз макаласында баса белгилегендей көлдүктөр жогорудагы өзүлөрүнөн чыккан касиеттүү акелерине кандай гана урмат-сый көрсөтүп, урпактык милдеттерин өтөп жатышат. Бул абдан жагымдуу көрүнүш. Көлдөн чыккан акелер тууралуу өз кезегинде жазуучулар китеп, алтургай алды илимий иштерди да жазышты окшойт. Ошого катар күмбөздөрүн салышып, музейлерин да тургузушту көрүнөт. Мындай иштердин баарына өкмөттөн бир тыйын каражат албастан акелердин урпактары, тууган-уруктары көтөрүштү. Эмне үчүн ушундай улуу ишти биздин Дөң-Алыш айылында колдоого алууга болбосун? Айылыбызда элге руханий байлык тартуулоочу жалгыз гана Көкөбай Мамбеталиев атабыз түзүп кеткен зоологиялык музей бар. Андан башка сырттан келчү меймандарга көрсөтүүчү эч кандай маданий жай жок. Мен бул жерде маданий борборубуз мектепти, бала бакчаны жана маданият үйүн эске алган жокмун. Андай маданий борборлор ар бир айылда милдеттүү түрдө болчу нерсе да. Анын баары өз жайында, андан эч кандай талаш жок десек болот. Кеп Думана аке өңдүү рухий байлыктын ээси аркылуу азыркы жаштарга рухий байлык тартуулоо менен алардын жан дүйнөсүн тазартуу жөнүндө бара жатат. Антпесек, ушу тапта базар экономикасынын шарданы менен кары-жаш дебей, бүт баарыбыз сырткы байлыкка кызыгып, жан дүйнөбүз жардыланып бараткансыйбыз. Азыр эми мамлекет жарды болуп жатат. Ал эми айылдаштарым СССР мезгилиндегиге караганда байыганы байып, турмуш-шарттары оңолгону оңолуп эле калды. Анткени, эсил кайран СССР мезгилинде 5 койдон ашык мал күттүрчү эмес. 1 уй, 1 бээ күткөнгө уруксаат, ал эми ат күтсөң ошол кездеги атка минерлер “мамлекетке алабыз” деп зордуктап алып кетишчү. Азыркы салыктардан тышкары эт салык, музоо, тай салык деп колдогу музоо-торпокторубузду төркү үйгө катсак да айыл активдери жасоол болуп келип, карапайым элден жулуп кетишчү. Жайкысын күн чыккандан күн батканча жайдын узун күнүндө сугатта жүрчү элек. Жазында кой төлдөтүү өнөктүгү учурунда сакмалда козу менен кошо сарайда түнөчүбүз. Өзгөчө эмгек өргүү мезгилине карабай мугалимдерди сугатка, чөп чабыкка, чөп жыйноого окуучуларыбыз менен кошо жумшачу эле. 22-апрель Лениндик ишембилик деген шылтоо менен талаада таш тергенге чыкчубуз. Деги койчу, бул сыяктуу арыз-армандарды айтып отурсак жазганга кагаз бети түт келбейт. Азыр эми анын бири жок. Жер, мал баары менчик. Иштесең өзүң үчүн иштейсиң. Байлыгың да, айлыгың да өзүңдүкү. Мага десең 1000 кой, 100 жылкы күт, самандай сапырылган акча тап, а да өзүңкү. Эми жогорудагылардын баарысын санап келип, менин айтайын дегеним Думана аке өңдүү инсандын күмбөзүн оңдоп, музейин түзүп, анын өмүр-таржымалын жарыялоо аркылуу жалпыбыз жан-дүйнөбүздү, рухубузду тазартуубуз керек. Кыргыз байыртадан бери эле сырткы байлыкка кызыккан эмес. Ошондуктан, рухий байлыгыбыз Манас эпосун жаратып, төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүп отуруп кылымдарды карытып элдүүлүгүн ушуга дейре сактап келген тура. Сөздүн ток этерин айтканда, Калыгул Бейшекеевдин демилгесин анын айылдаштары, жердештери менен тууган-уруктары жанындай колдойлу. Думана акенин күмбөзүн, үй музейин, түзүүгө үлүш кошолу. А балким, “Думана акенин күмбөзүн, үй музейин өзүм эле куруп бүтүрүп таштайм” – деп белсенип чыкчу эр-азаматтар, айылдаштар, жердештер тууган-урук ичинде бардыр. Келгиле, кеңешели? “Кеңешип кеске бармак оорубайт” –дейт эмеспи элибиз. Арабызда күтүрөтүп мал күткөн, көп сандаган байлык күткөн байлар деле бар. Калыгул Бейшекеевдин демилгесине алар эмне дешээр экен? Демибизди ичибизге катып, күтө туралы?!

А баса, быйылкы жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” – деп президентибиз тарабынан жарыя болбодубу? Биздин иш ишке ашса, ушул жарлыкка үндөшөт го деген ойдомун.

Зарылбек ОСМОНОВ, Ардагер мугалим, Эл агартуунун отличниги, Кочкор районунун ардактуу атуулу. 

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *