DVB-MRC технологиясы жана накта, түздөн-түз демократия

Саламатсыздарбы! Мурунку макалада DVB-MRC технологиясы жөнүндө өзүнчө, кенен жазып берем деп убада кылдым эле. Кызык болсо, көңүл бөлүңүз. Болушунча жөнөкөй тил менен түшүндүрөйүн.
Азыр биз санарип телеберүүсүнө өтпөдүкпү. Аны DVD (Digital Video Broadcast) дейт. Түрлөрү көп: DVB-Sи спутник, DVB-Cси кабель аркылуу, ал эми DVB-Tсы обо аркылуу таралат. Аналог болобу, санарип болобу, телекөрсөтүүнүн негизи бир: Бирөө кыймылдайт/сүйлөйт – калгандары көрөт/угат. Кесиптик чөйрөдө бул технологияны Broadcast (броадкаст) дейт, жөнөкөй тил менен бир жактуу маалымат таратуу. Ал эми DVB-MRC ошол броадкаст телекөрсөтүүгө кайтарым байланыш түзөт. Билермандар үчүн MRCси (Multiservice Return Channel), же мультикызматтык кайтарым байланыш. Азыр деле кайтарым байланыш бар: Студияга телефон чалып, же СМС жазсаңыз болот. Кемчилиги эмнеде? Миң адам бир убакта студияга телефон чала албайт, ал эми СМС жазыш үчүн уюлдук телефондон текст терип, СМС акысын төлөө керек. DVB-MRCде баары жөнөкөй, болгону колуңуздагы сыналгынын пультун алып, пикириңизге жараша кызыл, жашыл, сары же көк термесин басып коесуз. Колуңуздагы пультту карасаңыз, төрт түстүү термеси даяр турат, бирок, азырынча эч бир пайдасыз, колдонулбайт. Сиздин тандооңуз түз ободо иштетилип, жыйынтыгы дароо бүт теле-экрандарга чыгарылат. DVB-MRC бир көз ирмем убакытта миллиондогон пикирлерди кабыл ала берет. Тандоо жүргүзүү же пикир белгилөө үчүн эми телефон, интернет… Дегеле башка эч нерсенин кереги жок. Болгону пульттун бир термесин басып кою жетиштүү. Макул – жашыл терме, каршы – кызыл терме. Болду. Баардыгы бекер.
Кайтарым байланыш болсо эмне экен, эмне өзгөрөт? Көп нерсе түп тамырынан бери өзгөрөт. Азыр, мисалы, кайсы бир телеберүүнүн алып баруучусу, дегеле телеканал жамааты билбейт, дал ушул убакта, ушул берүүнү мына сиз көрүп жатасызбы, же жокпу. Андыктан, сиздин же башка көрармандын пикирин эске албайт, көнгөн броадкастын кыла берет. Ал эми кайтарым байланыш болсо, анда алардын колунда так маалымат болот, дал азыр, кайсы аймакта канча адам ушул берүүнү көрүп отурат? Канчасы жарнамалык тыныгуу учурунда башка каналга которулуп кетти, жана башка керектүү маалымат.
Ал да эмне?! Сыналгыдан кайсы бир саясатчы “кулак ушалап жатса”, көрүүчүлөр бир эле терме басуу менен өз оюн билдирип, эл пикири экранга чыкканда, тигинин оозу жабылат. Эл колдосо – жашыл, колдобосо – кызыл терме… Оңой эле.
Дагы бир мисал: Ала-Тоо программасынын (же башкасын, баары бир) жаңылыктарын көрүп отуруп, кайсы бир сюжет жакса, жашыл термени басып коесуз. Сиздики менен бирге башкалардын пикири да экранга чыгарылат. Ал да эмне, сиз кайсы бир берүүнү жактырып баа бергенде (азыркы жаштар “лайк” деп коет) социалдык тармактагы (мисалы, Фейсбуктагы) досторуңуздун сыналгысына маалымат келет:  “Үсөн досуңуз сизди Маданият телеканалында Сармерден берүүсүн көрүүгө чакырат” деп. Ушул эле лайктар аркылуу музыкалык каналдарда клиптердин рейтингин объективдүү аныктаса болот (азыр же үнү, же кебетеси жок бирөө кантип чартка чыкканын билбейсиң).
DVB-MRC аркылуу көңүл айныткан чуркама жарнаманы өчүрүп салса болот. Жакшы тасма көрүп отурсаң бирөө унаасын, бирөө торпогун сатат…
DVB-MRC аркылуу телекөрүүчүлөр бири-бири менен шахмат же шашке ойносо болот. Зериккенде нарындык аксакал таластык курдашы менен бир-эки ойноп, чер жазса сонун эмеспи!
Дагыбы? Сюжети өзгөрмө сериалдарды тартууласа болот. Мисалы, жомоктогудай махабат баяны… кокустан кырсык болчудай… сюжет курчуп баратат… Ой, ушул зөөкүр (терс каарман) азыр тиги ташка чалынып кетсе эле эки жаш бактылуу болчудай. Көрүүчүлөргө суроо берилет: “Дон Хуан аман калсынбы?”. Көрүүчүлөр пикир билдиргиче сюжет дагы курчуй берет. Экранда кайрымсыз статистика… 30 секунда калды… 5 секунда… Көрүүчүлөрдүн пикири менен Дон Хуан аман калды. Серия улап, сюжет андан ары өнүгүп баратат.  Дагы көп жолу көрүүчүлөрдүн пикири менен сюжет өзгөрүп отуруп, акыры мына, эртең үйлөнүү үлпөтү… Ой! Көрсө, чынында Габриэла Дон Карлосту сүйбөйт турбайбы, чыныгы сүйүүсү Дон Педро экен да! Аттиң ай, баягыда тиги зөөкүр ташка чалынбай эле Дон Карлосту токтотуп калганда… каап… Экранга маалымат келди: “Урматтуу көрүүчүлөр, эгер баягыда зөөкүр ташка чалынбаганда эмне болоорун көргүңөр келеби?”.  Ооба, ура-а!!! Кеттик анда, эски сериалдын жаңы баяны!
Ошентип, DVB-MRCде көрармандар эми телеберүүнүн активдүү катышуучусу болуп калат. Мындай нерсе бүгүнкү күндө дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок. Бул менин ойлоп табуум.
“DVB-MRC технологиясы менен демократияны жаңы деңгээлге көтөрсө болот” деп жаздым эле. Ооба. Бирок, азыр демократия алгач кантип башталып, бүгүн кантип өңү өчкөнү жөнүндө кыскача баяндап берейин.
Эл башкаруунун, бийликтир эки түрү бар: Авторитардык жана демократиялык. Биринчиси, түшүнүктүү, анда “ажо өзү билет, өтүгүн төргө илет, төңкөрүшсүз кетпейт”. Кеп демократия жөнүндө.
Алгач демократия элдин түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылчу. Бир уруу эли чогулуп, жалпыга маанилүү маселелерди ортого коюп, көпчүлүктүн чечими менен бир бүтүмгө келчү. Мындай башкаруу түздөн-түз демократия деп аталат. Кийин уруулар биригип, эл болду. Эми жалпы элдик маселелерди чечүү үчүн бүт элди бир күндө, бир жерге чогултуу мүмкүн болбой калды. Жол алыс, ар-кимдин өз түйшүгү бар дегендей. Ошондо өкүлчүлүк демократия пайда болду. Ар-бир уруу өз өкүлүн элдик курултайга жиберет. Ушундан баштап түздөн-түз демократия жок болду. Себеби, курултайга барып, өкүл кандай сөз айтат, кандай добуш берет, ага карапайым жаран түздөн-түз таасир эте албай калды. Түштөн кийин жемелегенде эмне пайда?!
Өсүп-өнүгүп отуруп, кез-кезде чогулган курултай туруктуу парламентке айланды. Мыйзамдын үстүнө жаңы мыйзам чыгара берип, өзүнө-өзү иш таап отуруп, өкүлчүлүк институту карапайым жарандардан, элден улам алыстай берди. Баягы өкүл эми очойгон депутат болуп калды. Эл өкүлү катары берилген даража эми көз арткыдай мансап болуп калды. Баягы элден шайланган өкүл эми өз элин, уруусун беш жылда бир эстесе эстейт, болбосо өз иши менен алек. Себеби, баягы эл азыр эми беш жылда бир күн керек болгон жөнөкөй эле бир шайлоочу болуп калды.
Мамлекет өрчүп, эл аралык соода, атаандашуу күчөдү. Алдыга ички жана сырткы саясат, өлкөнүн өнүгүү стратегиясы деген маселелер чыгат. Эл өкүлдөрүнүн бир тобу агрардык өнүгүү стратегиясын көздөсө, улутчулдук топ согушка даярдык үчүн каржылоо талап кылат, үчүнчү топ “асмандын башын сүйлөйт”. Ошентип, кайсы бир идеянын тегерегинде партиялар пайда болот. Карапайым эл баягыдай эле өз оокаты менен алек. Жаңы мыйзам чыгат: Эми эл өкүлдөрү партиялык тизме боюнча шайланат! Эми караңыз: Мурда уруу эли өз уулун/кызын “биздин кызыкчылыкты көздөйт” деп курултайга аттандырса, эми кайсы бир түшүнүксүз партиянын түшүнүксүз идеясын колдоп, өзү тааныбаган бирөөнү өкүл (депутат) кылып шайлоого мажбур болуп калды.
Ошентип, бүгүнкү күндө, бая эң башында айкын, объективдүү болгон түздөн-түз демократия беш жылда бир болуучу саясый мафиялардын бийлик үчүн күрөшүнө, шайлоо оюнуна айланды. Кызыктуу факт: Түздөн-түз демократия бүгүнкү күндө бир да мамлекетте калбады. Мыйзамдуу түрдө түздөн-түз демократия Швейцариянын тоолуу үч кантонунда (аймак) кана калды. Ал жердеги тоолуктар жылына бир жолу чогулуп, баардык көйгөйлөрдү жалпы чечишет. Эпилогу аянычтуу тарыхый экскурсия болду окшойт.
Үмүт үзбөгүлө, DVB-MRC технологиясы баштапкы түздөн-түз демократияны кайра жандандырууга мүмкүнчүлүк ачат. Себеби, азыркы технология менен элдин баарын бир жерге чогултуунун зарылчылыгы жок, ар-бир жаран маселени сыналгыдан көрүп, баамдап, өз пикирин үйүндө отуруп эле билдирсе болот. Кантип? ЭлДо тармагы аркылуу (ЭлДо – ЭЛ ДОбушу, же ЭЛектрондук ДОбуш).
Мындайча болот: Белгиленген убакта мамлекет жетекчиси теле аркылуу элге кайрылат. Маселе көтөрөт. “Мындай кылсак – жыйынтыгы тигиндей болчудай, дагы бир мүмкүнчүлүк бул – анда тиги жактан бул маселе болгону турат” деп элге маселенин баардык жагдайларын кеңири, так, жашырбай түшүндүрөт. “Кана, элим, оюң кандай?” деп кайрылат. Калың эл өз оюн ар-кимиси үйүндө отуруп эле пульт менен билдирет. Талкуу учурунда көп жолу пикир сурамжыланат. Статистика, элдин пикири байма-бай экранга чыгарылып турат. Керек болсо, “таластыктардын жалпы ою мындай, баткендиктердики мындай” деп, майда-чүйдөсүнө чейин так көрсөтсө болот. Жалпы эл көрөт, мындай талкууда ар-бир жаран өзүн ойлобой, элдин мүдөөсүн ойлогонду үйрөнөт. Бийликке элдин ишеними артат. Бара-бара эл бир бүтүмгө келет. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деп ушуну айт, оор чечим болсо да, ал элдин өзүнүн бирдиктүү чечими.
Ошентип, бара-бара эл агартуу, татаал маселерди кеңири түшүндүрүү аркылуу бийлик менен эл жакындашат, бая жоголгон түздөн-түз демократия кайтып келет.
Же, дагы бир мисал: Мыйзамга ылайык, ар бир мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат. Чынын айткылачы, кызыкчылыгы бар адамдарды эске албаганда, ошол мыйзам долбоорун ким көрөт бүгүн? Анан бир күнү эле “даңк” деп башка түшөт. ЭлДо менен кандай болот? Алгач мыйзам демилгечиси өз оюн ЭлДо ичинде ортого коет. Кана, эл жакшылары, пикириң кандай? Калың элдин колдоосун алган соң, демилгени парламентке чыгарат. Эми парламент колдобой көрсүн…
Керек болсо, эч кандай митинг, жол тосмою жок эле, сыналгы алдында жылуу-жумшак отуруп эле, калың эл бийликти кулатып салса деле болот. “Накта элдик бийлик” деп ушуну айт!
Жакшы бекен? Мен болушунча жөнөкөй түшүндүрүүгө аракет кылдым. Албетте, ЭлДону куруу үчүн көп аракет керек, техникалык татаал нерсе өзү. ЭлДону мамлекеттик башкаруу, мыйзам чыгаруу алкагында колдонуу үчүн азыркы мыйзамдарды өзгөртүү да керек. Оңой эмес.
Бирок, ушунун баарын кылсак, дүйнө боюнча чыныгы түздөн-түз демократияны кайра жандандырган биринчи мамлекет болобуз. Инновацияны келип бизден үйрөнүшөт. Эскерте кетейин, түздөн-түз демократия, ЭлДо деген технология бүгүн бир да мамлекетте жок.
ЭлДону куралыбы? Макул. Абактан чыгайын… Каржылоо маселесиби? Мамлекеттик бюджеттен бир да тыйын кереги жок. Эмне керек? Мээ керек, баш аман болсун. Көп эмгектенүү керек. Бийлик дайыны жок тийишпей, өз оокатымды өзүмө койсо эле болду.
Дагы эмне жөнүндө ой бөлүшөйүн? Жазгыла, сурагыла, ой бөлүшкүлө. Байланыш жактоочум Абаз Мамбетакунов аркылуу.
Алмаз Абеков
Булак: “АЗИЯnews”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *